Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

37-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

118-ЫР: «Ишенимибизди арттыра көр»

Акырына чейин ишенимден жазбаганга жардам берген кат

Акырына чейин ишенимден жазбаганга жардам берген кат

«Башында бекем ишенгенибиздей, акырына чейин бекем ишенели» (ЕВР. 3:14).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Еврейлерге жазылган катта пайдалуу кеңештер бар. Алар бул дүйнөнүн акырына чейин ишенимибизден жазбаганга жардам берет.

 ИСА өлгөндөн кийинки жылдары анын Иерусалимдеги жана Жүйүт аймагындагы еврей жолдоочулары башынан оор күндөрдү кечиришкен. Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы түзүлгөндөн көп өтпөй эле катуу куугунтук башталган (Элч. 8:1). Андан 20 жылдай өткөндөн кийин алар ачарчылыктан, жакырчылыктан азап чегишкен (Элч. 11:27—30). Бирок б. з. 61-жылдары шакирттер салыштырмалуу тынч жашай баштаган. Анткен менен аларды келечекте оор күндөр күтүп турган. Ошол тынч мезгил учурунда элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен аларга кат жолдогон. Ал каттагы кеңештер аларга келечектеги окуяларга даяр болгонго жардам берген.

2 Еврейлерге жолдонгон кат өз учурунда жазылган. Анткени Машаяктын жолдоочуларынын тынчтыгы көпкө созулмак эмес. Пабыл еврей ишенимдештерине пайдалуу кеңештерди берген. Ошонун аркасында алар жакында боло турган алааматта туруктуу боло алышмак. Ошол кезде Иса алдын ала айткан жүйүт түзүлүшүнүн жок болор күнү жакындап келаткан эле (Лк. 21:20). Албетте, Пабыл да, Машаяктын Жүйүт жериндеги башка шакирттери да Иерусалимдин талкалана турган убактысын так билген эмес. Кандай болбосун, алар ал күн келгенге чейин убакытты туура колдонуп, ишеним, туруктуулук сыяктуу сапаттарды өрчүтө алмак (Евр. 10:25; 12:1, 2).

3. Еврейлерге жазылган катта айтылгандарга эмне үчүн биз да кулак төшөшүбүз керек?

3 Жакында Исанын еврей жолдоочулары кабылгандан да чоң алаамат болот (Мт. 24:21; Аян 16:14, 16). Ошондуктан азыр Жахабанын 1-кылымдагы кызматчыларына берген көрсөтмөлөрүн карап чыгабыз. Алар биз үчүн да пайдалуу болот.

«ЖЕТИЛГЕНДИККЕ УМТУЛАЛЫ»

4. Исанын Жүйүт жериндеги жолдоочулары кандай кыйынчылыкка кабылган? (Сүрөттү да карагыла.)

4 Исанын жүйүт элинен чыккан жолдоочулары көп нерсеге карата көз карашын өзгөртүшү керек болгон. Бирок бул аларга оңойго турган эмес. Анткени бир кезде жүйүттөр Жахабанын тандап алган эли болгон. Иерусалим Кудайдын Падышалыгынын жердеги тактысы жайгашкан жер болуп эсептелген, ибадаткана болсо таза сыйынуунун борбору болгон. Кудайга берилген көптөгөн жүйүттөр Муса пайгамбар жазган Мыйзамга диний жетекчилер үйрөткөндөй бекем карманышкан. Диний жетекчилер тамак-ашка, сүннөткө отургузулууга, атүгүл башка улуттагылар менен мамилелешүүгө байланыштуу эрежелерди чыгарышкан. Бирок Иса өлгөндөн кийин Жахаба жүйүттөрдүн ибадатканада чалган курмандыктарын кабыл албай калган. Ошондуктан Исаны жолдой баштаган жүйүттөргө Кудайга жаңыча сыйына башташ кыйынга турган (Евр. 10:1, 4, 10). Атүгүл Исанын Петир сыяктуу жетилген жолдоочулары да жаңы өзгөрүүлөргө ылайыкташа албай кыйналган (Элч. 10:9—14; Гал. 2:11—14). Кудайга башкача сыйына баштагандыктан Машаяктын көптөгөн жолдоочулары жүйүт диний жетекчилердин каарына калган.

Машаяктын жолдоочулары жүйүт динин жактагандардын жалган ой толгоолорун четке кагып, чындыкка бек карманышы керек болгон (4, 5-абзацтарды карагыла)


5. Машаяктын жолдоочулары эмнеден сак болушу керек болгон?

5 Исанын еврей жолдоочулары сырттан да, ичтен да келген сыноого туш болгон. Биринчиден, жүйүт диний жетекчилери Исанын жолдоочуларын динин сатып кеткендер катары көрүшкөн. Аларга кошумча жыйналыштын ичинен айрымдар Муса аркылуу берилген Мыйзамга карманышыбыз керек деп туруп алышкан. Сыягы, алар ушинтсек, куугунтуктан кача алабыз деп ойлогон (Гал. 6:12). Ошондойдо Исанын ишенимдүү жолдоочуларына чындыкта бекем турууга эмне жардам бермек?

6. Пабыл ишенимдештерин эмне кылганга үндөгөн? (Еврейлер 5:14—6:1).

6 Еврейлерге жазган катында Пабыл ишенимдештерин Кудайдын Сөзүн тереңирээк казганга үндөгөн. (Окугула: Еврейлер 5:14—6:1.) Ал Машаяктын жолдоочуларынын Кудайга сыйынганы жүйүттөрдүкүнөн канчалык жогору турарын көрсөтүш үчүн Еврей Жазмаларынан айрым аяттарды цитата кылган a. Анткени Пабыл, эгер алар чындыкты жакшыраак билип, түшүнүгүн тереңдетсе, жалган окууларды дароо аныктап, аларды четке кага алмактыгын билген.

7. Бүгүнкү күндө биз кандай кыйынчылыктарга кабылып жатабыз?

7 Бүгүнкү күндө биз да, Исанын еврей жолдоочуларына окшоп, Жахабанын адил талаптарына каршы келген ой-толгоолорду, ар кандай маалыматтарды угабыз. Каршылаштар бизди Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларына жана жыйналыштан чыгаруу чарасына карманганыбыз үчүн фанатсыңар, мерезсиңер деп айыпташат. Азыркы дүйнөдөгү адамдардын көз карашы, жүрүм-туруму Кудайдын көз карашынан барган сайын айырмаланып барат (Накыл 17:15). Ошондуктан душмандардын кайратыбыздан тайдырыш үчүн, атүгүл чындык жолунан адаштырыш үчүн айткан ойлорун аныктаганды жана четке какканды үйрөнө беришибиз керек (Евр. 13:9).

8. Канткенде рухий жактан жетиле беребиз?

8 Биз да Пабылдын еврей ишенимдештерине берген кеңешине ылайык иш кылып, рухий жактан жетилгенге аракет кылышыбыз зарыл. Бул Жахабаны жана анын ой жүгүртүүсүн жакшы түшүнүш үчүн Ыйык Китепти терең изилдешибиз керектигин билдирет. Муну өмүрүбүздү Жахабага арнап, чөмүлгөндөн кийин да токтотпошубуз керек. Чындык жолунда жүргөнүбүзгө канча жыл болбосун, баарыбыз Кудайдын Сөзүн дайыма окуп, изилдей бергенибиз маанилүү (Заб. 1:2). Ыйык Китепти дайыма изилдеп турсак, Пабыл еврейлерге баса белгилеп айткан сапатты — ишенимди — курчута алабыз (Евр. 11:1, 6).

«ЖАНЫБЫЗДЫ САКТАП КАЛЫШ ҮЧҮН ИШЕНИМГЕ ЭЭ БОЛОЛУ»

9. Исанын еврей жолдоочуларынын ишеними эмне үчүн бекем болушу керек эле?

9 Жүйүт жери талкаланганда аман калыш үчүн Исанын еврей жолдоочуларынын ишеними бекем болушу керек болчу (Евр. 10:37—39). Иса аларга Иерусалимди Рим аскери курчап алганын көргөндө тоого качышы керектигин эскерткен. Анын кеңеши шаардын ичинде эле эмес, Жүйүт жеринде жашаган жолдоочуларынын баарына тиешелүү болгон (Лк. 21:20—24). Ошол кездеги эл аскерлер кол сала турган болсо, Иерусалим сыяктуу дубалдары бар шаарларга кире качышчу. Ошондуктан тоого качкыла деген кеңеш бир караганда акылга сыйбагандай көрүнгөн жана ага ылайык иш кылыш үчүн бекем ишеним талап кылынган.

10. Исанын жолдоочуларына күчтүү ишеними эмне кылганга түрткү бермек? (Еврейлер 13:17).

10 Исанын еврей жолдоочулары Машаяк жыйналышты жетектөөнү тапшырган кишилерге да бекем ишениши керек болчу. Сыягы, жетекчиликти колго алгандар тоого качан жана кантип качыш керектигине байланыштуу да атайын көрсөтмөлөрдү берсе керек. (Окугула: Еврейлер 13:17.) Еврейлер 13:17деги «тил алуу» деген сөз «көрсөтмөлөрдү берген кишиге бекем ишенгендиктен ал айткандай кылам деп чечип алуу» дегенди билдирет. Бул сөз кимдир бирөөгө анын бийлиги бар болгону үчүн эле баш ийүү дегенден да көптү камтыйт. Ошондуктан Исанын еврей жолдоочулары Жүйүт жери талкаланганга чейин эле жетекчиликти колго алгандарга ишеним артканды үйрөнүшү керек болчу. Эгер алар буга тынч мезгилде үйрөнүп алса, оор учурда баш ийиш оңоюраак болмок.

11. Эмне үчүн биз да ишенимибизди бекемдешибиз керек?

11 Машаяктын еврей жолдоочуларындай болуп, бүгүнкү күндө биз да бекем ишеним өрчүтүшүбүз зарыл. Анткени көптөр дүйнөнүн акыры келатканына ишенбейт, атүгүл ишенгендерди шылдыңдашат (2 Пет. 3:3, 4). Андан тышкары, Ыйык Китепте улуу алаамат учурунда эмнелер болору айтылса да, биз билбеген көптөгөн нерселер бар. Бирок биз улуу алааматтын так белгиленген убакта келерине жана Жахабанын бизди ошол учурда таштабай турганына бекем ишенишибиз керек (Хаб. 2:3).

12. Улуу алааматтан аман өткөнгө эмне жардам берет?

12 Биз Жахаба бүгүнкү күндө элин жетектеш үчүн колдонуп жаткан «ишенимдүү жана акылдуу кулга» да ишеним артканыбыз маанилүү (Мт. 24:45). Римдиктер Иерусалимди курчап алганда өмүрдү сактап кала турган көрсөтмөлөр берилгендей эле, улуу алаамат башталганда да ошондой көрсөтмөлөр берилиши ыктымал. Азыр Жахабанын уюмунда жетекчиликти колго алгандарга эч шектенбей тил алганды үйрөнө турган учур. Эгер алардын көрсөтмөлөрүнө азыр баш ийиш кыйын болуп жатса, улуу алаамат учурунда андан да оор болору турган иш.

13. Исанын жолдоочуларына Еврейлер 13:5ке ылайык иш кылыш эмне үчүн абдан маанилүү болгон?

13 Исанын еврей жолдоочулары шаардан кача турган убакты күтүп жатканда жөнөкөй жашоо өткөрүп, «акчаны сүйүүдөн алыс болушу» керек болчу. (Окугула: Еврейлер 13:5.) Алардын айрымдары жакырчылыктын, ачарчылыктын азабын жешкен (Евр. 10:32—34). Алар бир кезде жакшы кабар үчүн кыйынчылык тартканга даяр болушкан. Бирок кийин дагы кыйналып калбаш үчүн байлык топтогонго басым жасай баштаган. Анткен менен, акчасы канчалык көп болбосун, Иерусалим талкалаганда аларды сактап кала алмак эмес (Жкп. 5:3). Акчаны сүйүп алгандарга үй-жайын, мал-мүлкүн таштап качыш кыйыныраак болмок.

14. Күчтүү ишенимибиз дүнүйө-мүлккө байланыштуу чечим чыгарганга кандайча таасир этет?

14 Эгер бул дүйнөнүн жок болор убактысы аз калганына бекем ишенсек, байлык топтогонго азгырылбайбыз. «Жахабанын каары кайнаган күнү» көптөр «алтын-күмүшү куткара» албай турганын түшүнүп, аларды «көчөгө ыргытышат» (Жез. 7:19). Ошондуктан мүмкүн болушунча көбүрөөк акча топтогонго эмес, Жахабага кызмат кылып, жөнөкөй жашаганга умтулушубуз керек. Акчаны туура эмес колдонуп карызга батсак же убактыбыздын көбүн мүлкүбүздү караганга кетирсек, акылсыздык болуп калмак. Ошондой эле колубузда болгон нерселерге байланып калгандан да сак болушубуз кажет (Мт. 6:19, 24). Дүйнө түзүлүшүнүн акыры жакындаган сайын: «Жахабага таянамбы же мүлкүмөбү?» — деп өзүбүздү текшерип турганыбыз зарыл.

«СИЛЕРГЕ ТУРУКТУУЛУК КЕРЕК»

15. Исанын еврей жолдоочулары эмне үчүн туруктуу болушу керек болгон?

15 Жүйүт жериндеги жашоо оорлогон сайын Исанын еврей жолдоочуларынын ишеними сыналмак (Евр. 10:36). Алардын айрымдары куугунтук күч алып турган кезде Исаны жолдой баштаса да, көптөрү тынч учурда чындык жолуна түшкөн. Пабыл айткандай, алар көптөгөн кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөргөн. Анткен менен, Исадай болуп, каны төгүлгөнчө салгылаша элек болчу (Евр. 12:4). Машаяктын жолдоочулары көбөйгөн сайын, жүйүттөрдүн каары кайнап, зордук-зомбулук көрсөтө баштаган. Еврейлерге кат жазганга чейин Пабыл Иерусалимге барып, кабар айтып жүргөндө эл чогулуп, ага атырылган. 40тан ашуун жүйүт: «Биз Пабылды өлтүрмөйүн оозубузга бир нерсе алсак, каргышка калабыз»,— деп ант беришкен (Элч. 22:22; 23:12—14). Элдин ушундай каршылыгына, жек көргөнүнө карабай шакирттер жыйналышка бара бериши, жакшы кабар айта бериши жана ишенимин бек сакташы керек болчу.

16. Еврейлерге жазылган кат бизге куугунтукка карата туура көз карашта болгонго кандайча жардам берет? (Еврейлер 12:7).

16 Исанын Жүйүт жериндеги жолдоочуларына куугунтукка чыдаганга эмне жардам бермек? Пабыл алар кыйынчылыктарга туура көз карашта болушу керектигин билген. Ошондуктан Кудай аларды тарбиялаш үчүн ошондой кыйынчылыктарга жол берип жатканын түшүндүргөн. (Окугула: Еврейлер 12:7.) Мунун аркасында алар Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүп же жакшырта алмак. Эгер алар кыйынчылыктын натыйжасына көңүл топтосо, ага чыдаш оңоюраак болмок (Евр. 12:11).

17. Куугунтукка чыдоого байланыштуу Пабыл эмне үчүн жакшы кеңештерди бере алган?

17 Элчи Пабыл еврей ишенимдештерин кыйынчылыктарга тике караганга жана кайраттуу болгонго жакшы кеңештерди бере алган. Себеби ал башынан көп кыйынчылыкты кечирген. Өзү да мурда Машаяктын жолдоочуларын кордогон киши болгондуктан куугунтук жегендердин канчалык азап тартарын түшүнгөн. Ошондой эле куугунтукка кантип чыдаса болорун билген. Анын үстүнө, Машаяктын жолдоочусу болгондон кийин каршылаштар тарабынан көрбөгөн кордукту көргөн (2 Кор. 11:23—25). Ошон үчүн Пабыл аягына чейин туруктуу болгонго эмне жардам берерин ишенимдүү түрдө айта алган. Ал ишенимдештерин азап чеккенде өздөрүнө эмес, Жахабага таянышы керектигин эскерткен. Эгер алар, Пабыл айткандай: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм» — дешсе, кайраттуу боло алышмак (Евр. 13:6).

18. Келечек жөнүндө эмнелерди билгенибиз куугунтукка чыдаганга жардам берет?

18 Бүгүнкү күндө айрым боордошторубуз куугунтукталып жатат. Алар үчүн тиленсек, колубуздан келген жардамыбызды берсек, аларга жөлөк-таяк боло алабыз (Евр. 10:33). Ыйык Китепте «Машаяк Исанын шакирттери катары Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары куугунтукталары» ачык эле айтылган (2 Тим. 3:12). Ошол себептен баарыбыз тең алдыда боло турган кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек. Мындан ары да Жахабага толук таяналы. Ал бизге, башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн, жардам береринен шектенбесек болот. Өз убагы келгенде ал берилген кызматчыларынын баарын кыйынчылыктан арылтат (2 Тес. 1:7, 8).

19. Улуу алааматка даяр болуш үчүн эмне кылышыбыз керек? (Сүрөттү да карагыла.)

19 Пабылдын еврейлерге жазган каты Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларына алдыдагы кыйынчылыктарга даяр болгонго жардам бергени шексиз. Пабыл ишенимдештерин Ыйык Китепти терең изилдеп, анда жазылгандарды так түшүнгөнгө үндөгөн. Эгер ошентишсе, ишенимин солгундата турган окууларды аныктап, четке кага алмак. Ошондой эле аларды Машаяктын жана жетекчиликти колго алгандардын көрсөтмөлөрүнө буйдалбастан баш ийиш үчүн ишенимин бекемдегенге чакырган. Андан тышкары, Пабыл боордошторун кыйынчылыктарга карата туура көз карашта болуп, аларды Жахабанын тарбиясы катары көргөнгө үндөгөн. Анын кеңешине ылайык иш кылышса, туруктуу боло алышмак. Келгиле, биз да ыйык рухтун жетеги менен жазылган ушул кеңештерге кулак кагалы. Ошондо акырына чейин ишенимдүү бойдон кала алабыз (Евр. 3:14).

Исанын ишенимдүү жолдоочулары туруктуу болгону үчүн бата алышкан. Алар Жүйүт жеринен качып кеткенден кийин деле чогула беришкен. Биз алардан эмнеге үйрөнө алабыз? (19-абзацты карагыла)

126-ЫР: Сергек, бекем, күчтүү бололу

a Пабыл Машаяктын жолдоочуларынын Кудайга сыйынганы жүйүттөрдүкүнөн жогору турарын түшүндүрүш үчүн еврейлерге жазган катынын 1-бөлүмүндө эле Еврей Жазмаларынан, бери дегенде, жети үзүндүнү цитата кылган (Евр. 1:5—13).