Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

39-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

125-ЫР: Кайрымдуулар бактылуу

Бергендер бактылуу!

Бергендер бактылуу!

«Алганга караганда берген бактылуу» (ЭЛЧ. 20:35).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада канткенде берешен боло аларыбызды жана ошонун аркасында бактылуу боло аларыбызды карайбыз.

1, 2. Эмне үчүн Жахаба бизди алганга караганда бергенде көбүрөөк бактылуу болгудай кылып жараткан?

 БАШКАЛАРДАН бир нерсе алганга караганда, бир нерсе бергенде көбүрөөк сүйүнөбүз. Анткени Жахаба бизди ошондой кылып жараткан (Элч. 20:35). Бирок бул башкалардан бир нерсе алганда бактылуу болбой каларыбызды билдиреби? Андай деле эмес. Баарыбыз эле белек алганды жакшы көрөбүз. Ошентсе да башкаларга бергенибизде көбүрөөк кубанабыз. Жахаба бизди өзүбүзгө эле жакшы болсун деп ушундай кылып жараткан. Эмне үчүн?

2 Анткени ушундайча ал бактыбызга өзүбүз бакыт кошконго мүмкүнчүлүк берген. Мындайча айтканда, эгер башкаларга бир нерсе берүүнүн жолдорун издесек, кубанычыбыз артат. Жахабанын бизди ушундай кылып жаратканы кандай гана сонун болгон! (Заб. 139:14).

3. Эмне үчүн Жахаба «бактылуу Кудай» деп сүрөттөлөт?

3 Ыйык Китепте бергендердин бактылуу болору айтылган. Мындан Жахабанын эмне үчүн «бактылуу Кудай» деп сүрөттөлөрүн биле алабыз (1 Тим. 1:11). Берешендик деген эмне экенин биринчи болуп Жахаба көрсөткөн жана бул жагынан ага эч ким тең келе албайт. Элчи Пабыл айткандай, «биз анын аркасы менен жашап, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз» (Элч. 17:28). Ооба, «жакшы, жеткилең белектердин баары» Жахабадан (Жкп. 1:17).

4. Көбүрөөк кубанычка бөлөнгөнгө эмне жардам берет?

4 Баарыбыздын эле башкаларга бир нерсе берип, кубанычка бөлөнгүбүз келери шексиз. Ан үчүн берешен Жахаба Кудайыбыздан үлгү алсак болот (Эф. 5:1). Бул макалада канткенде Жахабаны туурап, берешен боло аларыбызды жана башкалар жакшылыгыбызды баалабаса, эмне кылсак болорун карайбыз. Ошонун аркасында колубуз ачык болуп, бактыбызга бакыт кошулат.

ЖАХАБАДАЙ БЕРЕШЕН БОЛОЛУ

5. Жахаба бизге эмнелерди берип келет?

5 Жахабанын бизге эмнелерди марттык менен берерине токтололу. Ал бизди материалдык жактан камсыз кылат. Албетте, бул байлыкка тунуп жашаарыбызды билдирбейт, бирок Жахаба бизди зарыл нерселерден эч качан өксүтпөйт. Мисалы, ал ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз, баш калкалай турган жайыбыз болушуна кам көрөт (Заб. 4:8; Мт. 6:31—33; 1 Тим. 6:6—8). Ал ушунун баарын өзүн милдеттүү сезгени үчүн кылабы? Жок, андай эмес. Анда эмне себептен кам көрөт?

6. Матай 6:25, 26дан эмнени билебиз?

6 Жөнөкөй сөз менен айтканда, Жахаба бизди жакшы көрөт. Исанын Матай 6:25, 26да жазылган сөздөрүн карап көрөлү. (Аяттарды окугула.) Ал канаттууларды мисал кылып: «Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага да жыйнабайт»,— деген. Андан ары эмне дегенине көңүл бурсаңар. Ал: «Ошентсе да асмандагы Атаңар аларды азыктандырат»,— деп айткан. Анан: «Силер алардан алда канча баалуу эмессиңерби?!» — деген суроо узаткан. Муну менен ал эмнени түшүндүргүсү келген? Жахаба кызматчыларын жаныбарларга караганда алда канча балуу деп эсептейт. Эгер Жахаба жаныбарларды ачка калтырбаса, анда кантип бизди ачка калтырсын! Камкор Атадай болуп, Жахаба үйүндөгүлөрүн жакшы көргөндүктөн, эч качан таштабайт (Заб. 145:16; Мт. 6:32).

7. Канткенде Жахабаны туурап, берешен боло алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Жахабадай болуп, биз да башкаларга сүйүүбүздөн улам бир нерсе бергибиз келет. Маселен, тамак-аш, кийим-кечеге муктаж болгон ишенимдештериңерди билесиңерби? Жахаба силер аркылуу анын кем-карчын толуктап коюшу мүмкүн. Жахабанын эли оор кырдаалдарда башкаларга жардам бергени менен белгилүү. Алсак, COVID-19 пандемиясы учурунда ишенимдештерибиз муктаж болгондорго азык-түлүк, кийим-кече жана башка зарыл нерселерди жеткирип берип турушкан. Көптөрү болсо бүткүл дүйнөлүк ишке марттык менен акча салышкан. Ошонун аркасында дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерибизге көмөк көрсөтүлгөн. Ооба, алар Еврейлер 13:16дагы: «Жакшылык кылууну жана өзүңөрдөгүнү башкалар менен бөлүшүүнү унутпагыла, анткени ушундай курмандыктар Кудайга жагат»,— деген сөздөрдү аткарышкан.

Баарыбыз тең, Жахабадан үлгү алып, берешен боло алабыз (7-абзацты карагыла)


8. Жахаба кайсы учурларда күч берет? (Филипиликтер 2:13).

8 Жахаба күч берет. Жахаба чексиз күчүн ишенимдүү кызматчыларынан аябайт. (Окугула: Филипиликтер 2:13.) Азгырыкка туруштук бериш үчүн же кыйынчылыкты көтөрүп кетиш үчүн күч сурап тиленген учуруңар болду беле? Же балким: «Бүгүнкү күнгө күч берчи»,— деп суранган учурларыңар болгондур. Жахабанын тилегиңерге жооп бергенин көргөндө, силер да элчи Пабылдай болуп: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп калгандырсыңар (Флп. 4:13).

9. Канткенде, Жахабаны туурап, күчүбүздү башкалар үчүн жумшай алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

9 Жеткилең эмес болсок да, Жахабадай болуп, күчүбүздү колдоно алабыз. Албетте, биз башкаларды түзмө-түз күчтүү кылып коё албайбыз. Бирок аларга жардам бергенге күч жумшай алабыз. Айталы, улгайган же ден соолугу начар ишенимдештерибизге керектүү нерселерин алып келип берип, үй иштерин кылып көмөк көрсөтсөк болот. Жагдай-шартыбыз жол берсе, Падышалык залын тазалоого жана оңдоп-түзөгөнгө кол кабыш кыла алабыз. Күчүбүздү ушундай иштерге жумшасак, боордошторубузга пайдасы тиет.

Башкаларга жардам бериш үчүн күчүбүздү жумшай алабыз (9-абзацты карагыла)


10. Сөздөрүбүз башкаларга күч-кубат бериши үчүн эмне кылсак болот?

10 Сөзүңөр аркылуу да башкаларды күч-кубатка толтура аларыңарды унутпагыла. Кылган ишине ыраазычылык билдирип, мактап койсо боло турган бирөөнү билесиңерби? Же кимдир бирөө сооротушуңарга муктаж болуп жаткандыр. Анда ага өзүңөр чыгынып барсаңар, телефон чалсаңар, жазсаңар же открытка берсеңер болот. Эмне айтам деп тынчсызданбай эле койгула. Ага ишениминен жазбаганга жана өзүн жакшы сезип калганга жүрөгүңөрдөн чыккан жөнөкөй эле сөздөр дем-күч бериши мүмкүн (Накыл 12:25; Эф. 4:29).

11. Жахабадан акылмандык сурасак, ал эмне кылат?

11 Жахаба акылмандык берет. Шакирт Жакып: «Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебей берген Кудайдан сурасын, ошондо ага берилет»,— деп жазган (Жкп. 1:5). Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, Жахаба сурагандардан акылмандыгын жашырбайт. Аны марттык менен бергенге даяр. Белгилей кетчү дагы бир нерсе, андан акылмандык беришин сураганыбызда, ал аны жемелебей берет. Акылыбыз жетпей жатканы үчүн эч качан басынтпайт. Тескерисинче, акылмандык сураганга үндөйт (Накыл 2:1—6).

12. Акылмандыгын берешендик менен берген Жахабаны кантип туурай алабыз?

12 Акылмандыгын берешендик менен бөлүшкөн Жахабаны биз кантип туурай алабыз? (Заб. 32:8). Бизде билген нерселерибизди башкалар менен бөлүшкөнгө көп мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, жаңыларды кызматка алып чыгып, үйрөтө алабыз. Аксакалдар кызмат жардамчыларын жана чөмүлгөн ага-инилерин жыйналыштагы милдеттерди аткарууга чыдамдуулук менен үйрөтүшөт. Уюмдун имараттарын курганды, тейлегенди жакшы билгендер тажрыйбасы менен бөлүшүп, башкаларды үйрөтсө болот.

13. Башкаларды окутуп-үйрөткөндө акылмандыгын берешендик менен берген Жахабаны кантип туурасак болот?

13 Башкаларды окутуп-үйрөткөндөр Жахабадан үлгү алса болот. Жахабанын андан сурагандарга акылмандыгын марттык менен берерин эстесеңер. Биз да, ага окшоп, билимибизди, тажрыйбабызды башкалардан аянбай бөлүшүшүбүз зарыл. Алар ордубузду ээлеп алат деп коркуп, окутуп-үйрөтпөй койбойбуз. «Мени деле эч ким үйрөткөн эмес, ага керекпи, өзү үйрөнүп алсын»,— деген көз караштан алыспыз. Мындай көз караш Жахабанын элинин арасында болбошу керек. Биз, керек болсо, боордошторубуз үчүн билген нерселерибизди эле эмес, «жаныбызды да берүүгө даярбыз» (1 Тес. 2:8). Өз кезегинде, алар «башкаларды үйрөтөт» деп ишенебиз (2 Тим. 2:1, 2). Натыйжада алардын да, өзүбүздүн да акылмандыгыбыз артып, бактыбызга бакыт кошула берет.

БАШКАЛАР ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРБЕСЕ

14. Жакшылык кылганыбызда, көптөр кандай жооп кайтарат?

14 Башкаларга, өзгөчө, ишенимдештерибизге жакшылык кылганыбызда, көбүнчө ыраазычылык билдиришет. Алар бизге открытка бериши же ыраазычылыгын башка жол менен билдириши мүмкүн (Кол. 3:15). Ушинтишкенде биз да сүйүнүп калабыз.

15. Айрымдар ыраазычылык билдирбесе, эмнени унутпашыбыз керек?

15 Бирок кылган жакшылыгыбыз үчүн башкалар дайыма эле ыраазычылык билдирбеши ыктымал. Кээде бирөө үчүн убактыбызды, күчүбүздү, акча-каражатыбызды жумшасак, ал аны этибарга албагандай сезилиши мүмкүн. Андайда шаабайыбызды суутпаш үчүн же: «Баалабаса, экинчи жардам бербей эле койдум»,— деген терс ойго алдырбаш үчүн эмне кылсак болот? Макаланын негизги аяты болгон Элчилер 20:35ти эстесеңер. Биздин кубанычыбыз башкалардын жакшылыгыбызга кандай жооп кайтарганынан көз каранды эмес. Башкалар баалайбы, жокпу, бактылуу болорубуз өзүбүздөн көз каранды. Буга эмне жардам берет? Мунун айрым жолдоруна токтололу.

16. Башкалар ыраазычылык билдирбесе да, эмне кыла беришибиз керек?

16 Жахабаны туурай бергиле. Ал адамдар баалайбы же баалабайбы, жакшы нерселерди бере берет (Мт. 5:43—48). Эгер башкалардан «эч нерсе күтпөй» жакшылык кылсак, Жахаба «чоң сыйлык» берерин убада кылат (Лк. 6:35). «Эч нерсе» деген сөз башкалар ырахмат айтат деп күтпө дегенди да билдирет. Ыраазычылык сөзүн угабызбы, жокпу, Жахаба кылган жакшылыктарыбыздын акыбетин сөзсүз кайтарат (Накыл 19:17; 2 Кор. 9:7).

17. Башкаларга жакшылык кылганыбыздын эң негизги себеби эмнеде? (Лука 14:12—14).

17 Башкаларга жакшылык кылганда Лука 14:12—14-аяттарда жазылган принципти да унутпаганыбыз жакшы. (Аяттарды окугула.) Албетте, жакшылыгыбызга жакшылык менен жооп кайтара ала тургандарды коноктоп же белек-бечкек бергенибиздин жаман деле жери жок. Бирок көбүнчө башкаларга кайра бир нерсе алыш үчүн эле жакшылык кыларыбызды байкасак, эмне кылсак болот? Андай болсо, Иса айткандай кылышыбыз керек. Мисалы, бизге сый көрсөтө албагандарга сый көрсөтсөк болот. Ошентсек, Жахабаны туураганыбыз үчүн бактылуу болобуз. Эгер башкаларга эч нерсе күтпөй жакшылык кылсак, алар ыраазычылык билдирбесе да, кубанычыбыз кемибейт.

18. Эмне кылбашыбыз керек жана эмне үчүн?

18 Башкалардын ниетине шек санабагыла (1 Кор. 13:7). Башкалар рахмат айтпай койгондо, мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Алар чындап эле баалабай жатабы же жөн гана унутуп калдыбы?» Балким, биз күткөндөй рахмат айтпай же ыраазычылык билдирбей калганынын башка себептери бардыр. Айрымдар ичинен аябай ыраазы болуп жатса да, аны сыртка чыгара албашы ыктымал. Же мурда колунда бар кезде көптөргө жардам берип жүрүп, эми өзү муктаж болгондо, башкалар жардам берсе, уялаттыр. Кандай болбосун, бир туугандарыбызды чындап жакшы көрсөк, алардын жакшылыгын кабыл алабыз жана бир нерсе бергенибиз үчүн кубанабыз (Эф. 4:2).

19, 20. Кубанычыбыз арта бериши үчүн дагы эмне кылышыбыз керек? (Сүрөттү да карагыла.)

19 Дароо ыраазычылык билдирет деп күтпөгүлө. Март болууга байланыштуу даанышман Сулайман падыша: «Наныңды сууга агыз, анткени аны көп күндөн кийин кайра табасың»,— деп жазган (Нас. 11:1). Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, айрымдар жакшылыгыбызга «көп күндөн кийин» жооп кайтарышы ыктымал. Муну тастыктаган бир окуяга токтололу.

20 Көп жыл мурун райондук көзөмөлчүнүн жубайы жаңы эле чөмүлгөн бир келинди ишенимдүү болгонго үндөп, открытка жөнөткөн. Сегиз жылдай өткөндөн кийин ал келин кайра ага мындай деп кат жазган: «Мен сизге ыраазычылык билдирейин деп жазып жатам. Сиз мага көп жылдан бери жардам берип келатасыз. Муну өзүңүз деле билбейт болушуңуз керек. Мага берген открыткага жылуу сөздөрдү жазыптырсыз. Баарынан да жазган аятыңыз жүрөгүмдү козгоду. Ал аятты дайыма эстеп жүрөм» a. Ошол жылдары башынан кандай кыйынчылыктарды өткөргөнүн айткандан кийин ал: «Кээде баарын таштап салгым келчү. Жахабанын Күбөсү да болгум келбей кетчү. Бирок сиз жазган аятты жүрөгүмө түйүп алгандыктан, багынган жокмун. Сегиз жыл бою сиз жазган кат жана андагы аят мага ушунчалык күч берип келди». Райондук көзөмөлчүнүн жубайынын «көп күндөн кийин» ошол катты алганына кандай гана сүйүнгөнүн элестетсеңер. Ошо сыңары, биздин жакшылыгыбызга кимдир бирөө көп убакыт өткөндөн кийин жооп кайтарышы мүмкүн.

Кээде кылган жакшылыгыбызга көп жыл өткөндөн кийин жооп алышыбыз мүмкүн (20-абзацты карагыла) b


21. Берешен Кудайыбыз Жахабаны туурай бергенге эмне үчүн чечкиндүүсүңөр?

21 Жахаба бизди өзгөчө жөндөм менен жараткан. Кимдир бирөө бир нерсе бергенде кубансак да, биз башкаларга бир нерсе бергенде андан да көбүрөөк кубанабыз. Ишенимдештерибизге жардамыбыз тийсе, сүйүнүп калабыз. Эгер алар ыраазычылык билдирсе, ого бетер сүйүнөбүз. Бирок башкалар рахмат айтабы, жокпу, туура нерсени кылып жатканыбызды билгендиктен, кубанычыбыз кемибейт. Жахабага эмне бербейли, Жахаба бизге «андан да көптү» бере аларын унутпайлы (2 Жылн. 25:9). Андан бул жагынан эч качан аша албайбыз. Жахаба жакшылыгыбызды ашыгы менен кайтарып бере алат. Бул биз үчүн эң чоң сыйлык эмеспи? Келгиле, анда мындан ары да асмандагы берешен Атабызды туурай берели.

17-ЫР: «Каалайм»

a Райондук көзөмөлчүнүн аялы 2 Жакан 8-аятты жазган. Ал жерде: «Эмгегибиз текке кетпей, толук сыйлык алгыдай болушуңар үчүн сак болгула»,— делет.

b СҮРӨТТӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Райондук көзөмөлчүнүн жубайы открытка жазып жатат. Көп жыл өткөндөн кийин кайра ыраазычылык кат алып жатат. (Сахналаштырылган окуя.)