Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ИЗИЛДЕГЕНГЕ СУНУШ

Окуп-изилдегенде жаңы нерселерди билгенге умтулгула

Окуп-изилдегенде жаңы нерселерди билгенге умтулгула

Бир нерсени окуп же изилдейин деп жатканда: «Эмне жөнүндө болду экен?» — деп ойлонушубуз мүмкүн. Бирок ошону эле ойлоп жатып, Жахаба үйрөткүсү келген жаңы нерсени байкабай калышыбыз ыктымал. Анда Жахабанын бизди эмнеге үйрөткүсү келип жатканын канткенде аңдай алабыз?

Акылмандык сурап тиленгиле. Жахаба азыр силердин эмнеге үйрөнүшүңөрдү каалап жатканын түшүнүш үчүн андан жардам сурагыла (Жкп. 1:5). Эски түшүнүгүңөргө эле таянып албагыла (Накыл 3:5, 6).

Ыйык Китепте айтылгандардын жашооңорго таасир этишине жол бергиле. «Кудайдын сөзү тирүү» (Евр. 4:12). Кудайдын бизди эмнеге үйрөткүсү келип жатканын аңдаганда гана Ыйык Китептен жаңы нерселерди билебиз жана билгендерибиз жашообуздун ар кайсы тармагына таасир этет.

Жахаба бизди үйрөтүш үчүн берип жаткан ар бир нерсени баалагыла. Жахаба берген рухий тамакты «майлуу тамак-ашка» салыштырса болот (Ыш. 25:6). Өзүңөргө жакпаган «тамакты» жебей койбогула. Жакпаган темаларды да окусаңар, Жахаба силерге мыкты кызматчысы болгонго жардам берет. Жаңы нерселерди билип да кубанып каласыңар.