Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

36-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

89-ЫР: Ук, аткар, бата ал

«Сөздү аткаруучулардан болгула»

«Сөздү аткаруучулардан болгула»

«Сөздү угуучулардан гана болбой, аткаруучулардан болгула» (ЖКП. 1:22).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макала бизге Кудайдын Сөзүн күн сайын окуганга эле эмес, окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртүп, аны жашообузда колдонгонго түрткү берет.

1, 2. Кудайдын кызматчылары эмне үчүн бактылуу? (Жакып 1:22—25).

 ЖАХАБА жана анын сүйүктүү Уулу Иса биздин бактылуу болушубузду каалайт. Бир забурчу: «Анын насааттарына кармангандар бактылуу; алар аны бүт жүрөгү менен издешет»,— деген (Заб. 119:2). Иса да ушул сөздөрдү тастыктап: «Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айткан (Лк. 11:28).

2 Биз Жахабага кызмат кылгандыктан бактылуубуз. Эмне үчүн? Буга көптөгөн себептер бар. Алардын маанилүү себептеринин бири Кудайдын Сөзүн дайыма окуйбуз жана окуп-билгендерибизди жашообузда колдонгонго аракет кылабыз. (Окугула: Жакып 1:22—25.)

3. Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды аткаргандан кандай пайда алабыз?

3 Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды аткаргандын көп пайдасы бар. Алсак, Жахабанын жүрөгүн кубантабыз. Муну билгендиктен бактылуубуз (Нас. 12:13). Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган Сөзүндө айтылгандарды иш жүзүндө аткарсак, үйдөгүлөрүбүз, ишенимдештерибиз менен жакшы мамиледе болобуз. Муну өзүбүздүн жашообуздан көрүп жатабыз. Андан тышкары, Жахабаны укпагандар кабылган көптөгөн кыйынчылыктардан качабыз. Ооба, биз Дөөтү падышанын сөздөрүнө кошулабыз. Ал Жахабанын мыйзам-буйруктары, өкүмдөрү жөнүндө сөз кылгандан кийин: «Аларды аткаргандар чоң сыйлык алат»,— деп жыйынтыктаган (Заб. 19:7—11).

4. Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды аткаруу эмне үчүн дайыма эле оңойго тура бербейт?

4 Чын-чынында, баарыбыз үчүн эле Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды аткаруу дайыма эле оңойго турбайт. Анткени жан багыш үчүн тытынып иштеш керек. Бирок Жахабанын бизден эмнени күтөрүн түшүнгүбүз келсе, Ыйык Китепти окуп-изилдегенге атайын убакыт бөлүшүбүз кажет. Анда эмесе, Ыйык Китепти дайыма окуганга жардам берген айрым кеңештерге токтололу. Ошондой эле окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүрткөнгө жана аларды жашообузда кантип колдонсок болоруна көмөк кылган айрым сунуштарды карайлы.

КУДАЙДЫН СӨЗҮН ОКУГАНГА УБАКЫТ БӨЛГҮЛӨ

5. Убактыбыздын көбүн эмнелерге жумшайбыз?

5 Жахабанын кызматчыларынын көбүнүн убактысы абдан тар. Анткени көптөрүбүздүн милдеттерибиз бар. Алсак, өзүбүздү же үй-бүлөбүздү багыш үчүн кара жаныбызды карч уруп иштейбиз (1 Тим. 5:8). Көптөгөн ишенимдештерибиз оорулуу же улгайган туугандарын карашат. Ошондой эле өзүбүздүн да ден соолугубузга кам көрүшүбүз керек. Бул да убакытты алат. Мындан сырткары, жыйналышта да жоопкерчиликтерибиз бар. Алардын негизгиси — жакшы кабар таратуу ишине жигердүү катышуу. Жогоруда саналган милдеттерди аткаргандан тышкары, Ыйык Китепти дайыма окуганга, окугандарыңар тууралуу ой жүгүрткөнгө жана жашооңордо колдонгонго кантип убакыт таба аласыңар?

6. Ыйык Китепти дайыма окуш үчүн эмне кылса болот? (Сүрөттү да карагыла.)

6 Кудайдын кызматчылары үчүн жашоодогу эң «маанилүү» иштердин бири — Ыйык Китепти окуу. Ошондуктан буга өзгөчө маани беребиз (Флп. 1:10). Бир забурчу кандай киши бактылуу болору жөнүндө: «Ал Жахабанын мыйзамынан ырахат алат, анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп окуйт»,— деп айткан (Заб. 1:1, 2). Мындан айкын көрүнүп тургандай, биз Ыйык Китепти окуганга убакыт бөлүшүбүз керек. Ыйык Китепти качан окуганыбыз жакшы? Бул ар бирибиздин жагдайыбызга жараша болот. Эң негизгиси, дайыма окуганга шарт түзгөн ылайыктуу учур болушу керек. Виктор деген ишенимдешибиз мындай деп бөлүшөт: «Мага Ыйык Китепти эртең менен окуган жагат. Негизи, мен үчүн эртең менен эрте туруш оңой эмес. Бирок ошол учурда алаксыткан нерселер азыраак болот. Акылым да тунук болуп, окугандарыма жакшыраак көңүл топтой алам». Балким, силер да ушинтет чыгарсыңар. Кандай болбосун: «Мага кайсы учурда Ыйык Китепти окуган эң ылайыктуу?» — деп ойлонуп көргүлө.

Силерге Ыйык Китепти качан окуган ыңгайлуу? Кайсы убакта окусаңар, Ыйык Китепти дайыма окуй аласыңар? (6-абзацты карагыла)


ОКУГАНДАРЫҢАР ЖӨНҮНДӨ ОЙ ЖҮГҮРТКҮЛӨ

7, 8. Окугандарыбыздан толук пайда алганга эмне тоскоолдук кылышы мүмкүн? Мисал келтиргиле.

7 Кээде абдан көп маалымат окушубуз, бирок ал жүрөгүбүзгө сиңбей калышы мүмкүн. Бир нерсени окуп, аны кайра эстей албай койгон учурларыңар болду беле? Баарыбызда эле ушундай болот. Өкүнүчтүүсү, Ыйык Китепти окуганда да ушундай болуп калышы мүмкүн. Балким, биз Ыйык Китептен күн сайын бир нече бөлүм окуйбуз деп максат коюп алгандырбыз. Бул абдан жакшы. Негизи, алдыбызга максат коюп, ага умтулушубуз керек (1 Кор. 9:26). Бирок Ыйык Китепти окуганды эле максат кылбай, окугандарыбыздан толук пайда алганга да умтулушубуз зарыл.

8 Мындай мисал жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Жамгыр тиричилик үчүн абдан зарыл. Бирок кыска убакыттын ичинде жаан шатырап жааса, ал жерге сиңбейт, пайдасы да жок болуп калат. Жаандын суусу жерге сиңип, өсүмдүктөр сугарылышы үчүн убакыт талап кылынат. Ошол сыңары, биз да Ыйык Китепти шашып окубашыбыз керек. Эгер шатыратып окусак, окугандарыбыз акылыбыз менен жүрөгүбүзгө «сиңбей» калат, аны эстей албай да, колдоно албай да калабыз (Жкп. 1:24).

Жамгыр жерге сиңип, өсүмдүктөр сугарылышы үчүн убакыт керек. Ошо сыңары, ой жүгүрткөнгө убакыт бөлгөндө гана Кудайдын Сөзүнөн окугандарыбыз «сиңип», колдонгонго түрткү алабыз (8-абзацты карагыла)


9. Ыйык Китепти шатырата окуган адатыбыз болсо, эмне кылышыбыз керек?

9 Ыйык Китепти шатырата окуп кеткен учурларыңар болобу? Эгер болсо, эмне кылышыңар керек? Шашпай окугула. Окуп баратканда ой жүгүртө алгыдай ылдамдыкта окугула же окуп бүткөндөн кийин бир аз ой жүгүрткөнгө убакыт бөлгүлө. Бул анча деле кыйын эмес. Балким, силер буга чейин эле ушинтип келаткандырсыңар. Же ой жүгүртүүнү тигини окудум, муну окудум деп ойлонуп коюу деп эле түшүнөттүрсүңөр. Андай болсо, тереңирээк ой жүгүртүш үчүн изилдөөгө арнаган убактыңарды узартып көргүлө. Же болбосо азыраак аят окуп, калган убактыңарды ой жүгүрткөнгө бөлгүлө. «Мен Ыйык Китептен көп бөлүм окубайм, ашып кетсе бир эле бөлүм окуйм. Эртең менен эрте окугандыктан окугандарым жөнүндө ой жүгүрткөнгө бир күн кечке жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт»,— дейт жогоруда айтылган Виктор. Кандай болбосун, эң негизгиси окуп баратканда ой жүгүртө алгыдай ылдамдыкта окугула (Заб. 119:97). (« Ой жүгүртүш үчүн суроолор» деген кутучаны карагыла.)

10. Окуп-билгендерибизди колдонуш үчүн эмне кылсак болот? Мисал менен түшүндүргүлө. (1 Тесалоникалыктар 5:17, 18).

10 Ыйык Китепти качан окуй турганыңарга жана ага канча убакыт жумшаарыңарга эле эмес, окуп-билгендериңерди кантип колдонуп жатканыңарга да көңүл бургула. Кайсы бир үзүндүнү окугандан кийин: «Бул маалыматты азыр же жакында кантип колдонсом болот?» — деп ойлонуп көргүлө. Мисалга 1 Тесалоникалыктар 5:17, 18ди алалы. (Аяттарды окугула.) Аны жаңы эле окудуңар дейли. Анан: «Мен канчалык көп тиленем? Жахабага жүрөгүмдөгүнүн баарын айтамбы?» — деп ойлонгула. Ошондой эле эмнелерге ыраазы экениңер жөнүндө ой жүгүрткүлө. Балким, Жахабага кайсы бир жакшылыгы үчүн ыраазычылык айтам деп чечип алаттырсыңар. Ушинтип бир нече эле мүнөт бөлсөңөр, Жахабанын Сөзүндө жазылгандарды түшүнүп, аткарганга түрткү аласыңар. Ыйык Китепти окуган сайын ушинте берсеңер, чоң пайда аласыңар. Убакыт өткөн сайын Жахабанын мыкты кызматчысы болосуңар. Бирок жакшыртышыңар керек болгон жактарыңар көп экенин байкасаңар, эмне кылсаңар болот?

ЖЕТЕ АЛА ТУРГАН МАКСАТТАРДЫ КОЙГУЛА

11. Кээде эмне үчүн жаман болушуңар мүмкүн? Мисал келтиргиле.

11 Ыйык Китепти окуп, анда жазылгандарды кантип аткарарыңар жөнүндө ойлонгондо: «Мунун баарын качан аткарып жетишем?» — деп көңүлүңөр чөгүшү мүмкүн. Мындай деп элестетип көрөлү: бүгүн бет карама болбош керек деген кеңешти окудуңар деп коёлу (Жкп. 2:1—8). Анан ушул жактан жакшырышыңар керектигин байкап, өзгөрөйүн деп чечтиңер. Бул эң сонун. Анын эртеси сүйлөгөн сөзүңөргө маани беришиңер керек экенин окуйсуңар (Жкп. 3:1—12). Ойлонуп көрсөңөр эле, кээде терс нерселер жөнүндө сүйлөйт экенсиңер. Ошондуктан: «Кой, оңолоюн. Башкаларды бекемдей турган жакшы нерселер жөнүндө сүйлөйүн»,— деп каласыңар. Анын эртеси болсо дүйнө менен дос болбогула деген эскертүүнү окуйсуңар (Жкп. 4:4—12). Анан: «Бош убактымда эмнени окуп, эмнени көрүп, эмнени угуп жатканыма дагы көбүрөөк маани беришим керек экен»,— дейсиңер. Төртүнчү күнү ушунун баарын кантип кылам деп ойлонуп жаман болосуңар.

12. Ыйык Китепти окуганда өзгөртүш керек болгон жактарыңарды байкасаңар, эмне үчүн көңүлүңөрдү чөгөрбөшүңөр керек? (Шилтемени да карагыла.)

12 Көп жактан өзгөрүшүңөр же жакшырышыңар керектигин байкасаңар, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Бул, тескерисинче, ички дүйнөңөрдүн таза экенин көрсөтүп турат. Анткени момун, өзүнө чынчылдык менен баа берген киши гана Ыйык Китепти дагы кайсы жактарымды өзгөртсөм болот деп окуйт a. Андан тышкары, «жаңы табиятты» кийүү бул улана берчү процесс экенин унутпагыла (Кол. 3:10). Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды аткара бергенге дагы эмне жардам берет?

13. Канткенде жете ала турган максаттарды коё аласыңар? (Сүрөттү да карагыла.)

13 Окугандарыңардын баарын бир аткарганга умтулбай, жете ала турган максаттарды койгула (Накыл 11:2). Балким, мындай кылып көрөттүрсүңөр: адегенде иштечү жактарыңарды тизмелеп алгыла. Ошонун арасынан бир-экөөнү тандагыла. Калгандарын кийинкиге калтырып койгула. Анда кайсынысынан баштасаңар болот?

Ыйык Китептен окугандарыңардын баарын бир учурда колдоном дебей, жете ала турган максаттарды койгула. Балким, бир-экөөнө эле көңүл топтойттурсуңар (13, 14-абзацты карагыла)


14. Алдыга койгон максатыңардын кайсынысын биринчи баштасаңар болот?

14 Мүмкүн, өзүңөргө оңоюраагынан баштайттырсыңар. Же балким, көбүрөөк жакшырышыңар керек болгон жагыңарга басым коёттурсуңар. Бул жагымды жакшыртам деп максат коюп алган соң изилдөө жүргүзүп көргүлө. Ан үчүн «Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасын», «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралын» колдонсоңор болот. Жахабадан максатыңарга жетиш үчүн «каалоо да, күч да беришин» сурап тиленгиле (Флп. 2:13). Анан билгендериңерди иш жүзүндө колдонгула. Биринчи максатыңарга ийгиликтүү жетип жатканыңарды көргөндө башкаларына да жеткенге түрткү аласыңар. Кайсы бир жагыңарды өзгөрткөндө же кандайдыр бир сапатты өрчүткөндө башка жагыңарды жакшыртыш оңоюраак болуп каларын байкайсыңар.

КУДАЙДЫН СӨЗҮНҮН ТААСИР ЭТИШИНЕ ЖОЛ БЕРГИЛЕ

15. Жахабанын эли Ыйык Китепти жөн эле окугандардан эмнеси менен айырмаланат? (1 Тесалоникалыктар 2:13).

15 Айрымдар Ыйык Китепти толтура жолу окуп чыкканын айтышат. Бирок алар Ыйык Китепке чынында эле ишенеби? Анда жазылгандарды колдонобу? Же жашоосуна таасир этишине жол береби? Өкүнүчтүүсү, көптөр антпейт. Жахабанын эли алардан кандай гана айырмаланат! Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларындай болуп, биз да Ыйык Китепти «Кудайдын сөзү» катары кабыл алабыз. Андан тышкары, андагы кеңештерди колубуздан келишинче колдонобуз. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 2:13.)

16. Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды аткарганга эмне жардам берет?

16 Ооба, Кудайдын Сөзүн окуп, анда жазылгандарды колдонуу дайыма эле оңой болбойт. Себеби кээде ага убакыт таппай кыйналабыз. Же шатырата окуган адатыбыз болгону үчүн окугандарыбыз «сиңбей» калышы ыктымал. Же болбосо: «Окугандарымдын баарын кантип колдоном?» — деп көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Бирок Жахабанын жардамы менен тоодой көрүнгөн бул кыйынчылыктардын баарынан ашып өтсө болот. Келгиле, мындан ары да анын жардамын кабыл алып, унутчаак угуучулардан эмес, аткаруучулардан бололу. Кудайдын Сөзүн канчалык көп окусак жана аларды канчалык көп колдонсок, ошончолук бактылуу болобуз (Жкп. 1:25).

94-ЫР: Кудайдын Сөзү үчүн ыраазыбыз

a jw.org сайтынан «Жаштардын ою. Ыйык Китепти окуу» деген видеону көргүлө.