Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

38-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

25-ЫР: Өзгөчө эл

Эскертүүлөргө кулак кагасыңарбы?

Эскертүүлөргө кулак кагасыңарбы?

«Эки кишинин бири алынат, бири калтырылат» (МАТ. 24:40).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада Иса айтып берген үч мисалга токтолобуз. Ошондой эле алардын бул дүйнө түзүлүшүнүн акырында боло турган сот убактысына кандай тиешеси бар экенин талкуулайбыз.

1. Жакында Иса эмне кылат?

 ЖАКЫНДА чоң өзгөрүү болот. Иса жер бетиндеги ар бир адамды соттойт. Анын шакирттери ошол убакка жакындап калганын кантип биле алмак? Иса өзүнүн «катышуусунун» убагын жана «бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» кайсы «белгиден» билсе болорун алдын ала айткан (Мт. 24:3). Ал пайгамбарлыктар Матай 24, 25, Марк 13 жана Лука 21-бөлүмдөрдө жазылган.

2. Бул макалада эмнени карайбыз жана анын бизге кандай пайдасы бар?

2 Иса адамзатты соттой турган убакка даяр болушубуз үчүн 3 мисал айтып берген. Алар: койлор жана эчкилер, акылдуу жана акылсыз кыздар, ошондой эле таланттар жөнүндөгү мисалдар. Булардын ар бири Машаяктын адам баласын эмненин негизинде соттой турганын түшүнгөнгө жардам берет. Бул макалада ошол мисалдарды жана алардан эмнелерди билсек болорун карайбыз. Эмесе, койлор жана эчкилер тууралуу биринчи мисалга токтололу.

КОЙЛОР ЖАНА ЭЧКИЛЕР

3. Иса адамдарды качан соттойт?

3 Койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалда Иса адамдарды жакшы кабарга кандай кулак какканына жана майланган бир туугандарын колдогон-колдобогонуна жараша соттой турганын сүрөттөгөн (Мт. 25:31—46). Иса сот өкүмүн Армагедон башталар алдында, «улуу алаамат» учурунда, чыгарат (Мт. 24:21). Койчу койлорду эчкилерден бөлгөндөй эле, Иса анын майланган жолдоочуларын берилгендик менен колдогондорду колдобогондордон бөлөт.

4. Ышая 11:3, 4кө ылайык, Иса адамдарды адилеттүүлүк менен соттойт деп эмне үчүн ишенсек болот? ( сүрөттү да карагыла.)

4 Ыйык Китепте Иса Жахаба дайындаган Сот катары дайыма адилеттүүлүк менен сот жүргүзөрү алдын ала айтылган. (Окугула: Ышая 11:3, 4.) Иса учурда адамдардын жүрүм-турумуна, ойлоруна, сөздөрүнө, анын ичинде майланган бир туугандарына кандай мамиле кылып жатышканына байкоо салып жатат (Мт. 12:36, 37; 25:40). Ал майланган бир туугандарын кимдер колдоп жатканын билет a. Машаяктын бир туугандарын колдоонун негизги жолдорунун бири — аларга кабар айтуу ишинде көмөк көрсөтүү. Ошентип колдогондор «адил» деп жарыяланып, жер бетинде «түбөлүк өмүр» сүрүүгө үмүттөнө алышат (Мт. 25:46; Аян 7:16, 17). Бул ишенимдүүлүгүн сактагандар үчүн кандай гана чоң сыйлык болот! Улуу алаамат учурунда жана андан кийин да ишенимдүүлүгүн сакташса, алардын ысымдары «өмүр китебинде» биротоло калат (Аян 20:15).

Жакында Иса адамдарды кой жана эчки деп бөлөт (4-абзацты карагыла)


5. Койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалда кандай эскертүү камтылган жана алар кимдерге тиешелүү?

5 Ишенимдүү болгула жана берилгендигиңерден жазбагыла. Исанын койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалы негизинен жерде жашаганга үмүттөнгөндөргө тиешелүү. Алар ишенимин далилдеш үчүн Машаяктын бир туугандарына кабар айтуу ишинде көмөк көрсөткөндөн тышкары, Иса дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кулдун көрсөтмөлөрүнө жан-дили менен баш иет (Мт. 24:45). Анткен менен бул мисалдагы эскертүүгө асманда жашаганга үмүттөнгөндөр да кулак кагышы керек. Эмне үчүн? Себеби Иса алардын да жүрүм-турумуна, ойлоруна, сөздөрүнө байкоо салып турат. Алар да ишенимдүү экенин далилдеши керек. Ошондуктан Иса негизинен майлангандарга тиешелүү болгон дагы 2 мисал келтирген. Алар Матай 25-бөлүмдө жазылган. Анда эмесе, акылдуу жана акылсыз кыздар жөнүндөгү кийинки мисалды карайлы.

АКЫЛДУУ ЖАНА АКЫЛСЫЗ КЫЗДАР

6. Беш кыздын акылдуу экени эмнеден көрүнгөн? (Матай 25:6—10).

6 Бул мисалда Иса үйлөнө турган жигитти тосуп чыккан 10 кыз жөнүндө айтып берген (Мт. 25:1—4). Алардын баары ал жигитти үйлөнүү тоюна коштоп барууга үмүттөнүп жатышкан. Иса алардын бешөөнү «акылдуу», бешөөнү «акылсыз» деп айткан. Акылдуу кыздар баарын камдап, сергек турушкан. Алар үйлөнө турган жигитти, атүгүл ал түн ортосуна чейин кармалса да, күткөнгө даяр болушкан. Ошондуктан караңгыда жарык кылыш үчүн чырактарын алып алышкан. Үйлөнө турган жигит кармалып калса, чырактары өчүп калбасын деп идиштерине май да куюп алышкан. (Окугула: Матай 25:6—10.) Ошентип, үйлөнө турган жигит келгенде, алар аны менен бирге үйлөнүү тоюна кетишкен. Машаяктын майланган жолдоочулары тууралуу да ушуну айтканга болот. Эгер алар үйлөнө турган жигит, тагыраак айтканда, Иса келгенге чейин ишенимдүүлүгүнөн жазбай, сергек турушса, аны менен асмандагы Падышалыкта b башкарганга татыктуу деп табылышат (Аян 7:1—3). Ал эми акылсыз беш кыз тууралуу эмне дешке болот?

7. Беш акылсыз кыз эмне болгон жана эмне үчүн?

7 Акылдуу кыздардан айырмаланып, акылсыз беш кыз үйлөнө турган жигитти тосуп алганга даяр болгон эмес. Алардын чырактары өчөйүн деп калган, жанына да идишке кошумча май алып алган эмес. Анан үйлөнө турган жигиттин келатканын билгенде, май сатып алыш үчүн кеткенге аргасыз болушкан. Ошентип, аны тосуп алганга жетишпей калган. Ал убакта «даяр турган кыздар» үйлөнө турган жигит менен бирге «үйлөнүү тою өткөн үйгө киришкен» да, эшик жабылган (Мт. 25:10). Кийин акылсыз кыздар кайтып келип, кирейин дешкенде, үйлөнө турган жигит: «Мен силерди тааныбайм»,— деп койгон (Мт. 25:11, 12). Ооба, ал кыздар үйлөнө турган жигитти узак убакытка чейин күткөнгө даяр болгон эмес. Мындан майлангандар кандай сабак алса болот?

8, 9. Он кыз жөнүндөгү мисалда майлангандар үчүн кандай сабак камтылган? (Сүрөттү да карагыла.)

8 Даяр жана сергек болгула. Иса бул мисал аркылуу дүйнөнүн акырына чейин күткөнгө даяр турган жана даяр турбаган майлангандардын эки тобу болот деп айткысы келген эмес. Ал тек гана аягына чейин ишенимдүү болбой калган майлангандардын эмне болорун түшүндүргөн. Башкача айтканда, сергек турбагандар сыйлыгын албай калмак (Жкн. 14:3, 4). Бул абдан олуттуу эскертүү! Асманда жашаганга үмүттөнөбүзбү же жердеби, он кыз жөнүндөгү мисалдагы эскертүүнү баарыбыз тең жүрөгүбүзгө түйүп алганыбыз маанилүү. Ар бирибиз сергек туруп, аягына чейин чыдаганга даяр болушубуз керек (Мт. 24:13).

9 Иса он кыз жөнүндөгү мисалды айтып, сергек жана даяр туруу канчалык маанилүү экенин баса белгилегенден кийин таланттар жөнүндөгү мисалды келтирген. Ал мисалда болсо күжүрмөн эмгектенүүгө басым жасалган.

Он кыз жөнүндөгү мисалда эскертилгендей, ар бирибиз сергек болуп, даяр туралы жана акырына чейин чыдаганга бел байлайлы (8, 9-абзацтарды карагыла)


ТАЛАНТТАР

10. Эки кул ишенимдүү экенин кантип далилдеген? (Матай 25:19—23).

10 Бул мисалда Иса кожоюнунун ишеничин актаган эки кул менен ишенимсиз бир кул жөнүндө айтып берген (Мт. 25:14—18). Эки кул кожоюнуна жан үрөп иштеп берип, ишенимдүү экенин далилдеген. Кожоюну башка өлкөгө кетерде аларга таланттарды — чоң суммадагы акчаны — ишенип тапшырган. Ал эки кул акчаны айландырыш үчүн жаны тынбай иштеген. Натыйжада таланттарды эки эсе көбөйтүшкөн. Кожоюну кайтып келгенде аларды мактаган. Ошентип, алар анын «кубанычына ортоктош болгон». (Окугула: Матай 25:19—23.) Ал эми үчүнчү кул кожоюну берген акчаны эмне кылган? Аны көбөйткөнбү?

11. «Жалкоо» кул эмне болгон жана эмне үчүн?

11 Бир талант алган кул «жалкоо» болгон. Кожоюну андан тапшырылган талантты акылдуулук менен колдонот деп күткөн болчу. Бирок ал аны жерге көмүп койгон. Кожоюну кайтып келгенде, ал кул кайра эле бир талантты кайрып берген. Анын арамза болгонун да көрүүгө болот. Кожоюнуна киреше алып келбегени үчүн кечирим сурагандын ордуна, эч негизсиз эле аны талапчыл, «катаал киши» деп айткан. Ошондуктан кожоюну ага ачууланган. Ал андагы талантты башка кулуна берип, өзүн болсо кууп жиберген (Мт. 25:24, 26—30).

12. Эки ишенимдүү кул бүгүнкү күндө кимдерди билдирет?

12 Эки ишенимдүү кул Машаяктын майланган ишенимдүү жолдоочуларын билдирет. Кожоюну Иса аларды анын «кубанычына ортоктош» болууга чакырат. Алар биринчи тирилүү учурунда асмандагы сыйлыгын алат (Мт. 25:21, 23; Аян 20:5б). Ал эми жалкоо кулдан майлангандар кандай сабак ала алат?

13, 14. Таланттар жөнүндөгү мисалда майлангандар үчүн кандай сабак камтылган? (Сүрөттү да карагыла.)

13 Күжүрмөн эмгектенгиле. Таланттар жөнүндөгү мисалы аркылуу, он кыз жөнүндөгү мисалдай эле, Иса майлангандардын жалкоо болуп кетерин алдын ала айткан эмес. Болгону эле, эгер алардын ынтасы сууп калса, эмне болорун түшүндүргөн. Анда алар «чакырылгандар жана тандалгандар катары ишенимдүү» болбой калмак да, асмандагы Падышалыкка кирбей калмак (2 Пет. 1:10).

14 Иса он кыз жана таланттар жөнүндөгү мисалдары аркылуу майланган жолдоочуларынын баары сергек болушу, даяр турушу жана күжүрмөн эмгектениши керектигин айкын көрсөткөн. Бирок Иса аларга дагы бир нерсени эскерткиси келген. Ал тууралуу Матай 24:40, 41ден биле алабыз. Ал жакта акыркы мөөр басылганга татыктуу деп табылган майлангандарга тиешелүү бир маанилүү ой айтылган.

Иса майлангандардын аягына чейин күжүрмөн эмгектенишин каалайт (13, 14-абзацтарды карагыла) d


КИМДЕР «АЛЫНАТ»?

15, 16. Матай 24:40, 41деги сөздөр майлангандардын сергек болушу керектигин кандайча баса белгилеп турат?

15 Жогорудагы мисалдарды айтканга чейин Иса майлангандардын айрымдары сыйлыгын алганга татыктуу болбой калышы мүмкүн экенин эскерткен. Ал талаада жүргөн эки киши жана жаргылчак тартып отурган эки аял жөнүндө сөз кылган. Бир караганда, алардын баары бир иш менен эле алектенип жаткан. Бирок Иса алардын «бири алынып», «бири калтырылмактыгын» айткан. (Окугула: Матай 24:40, 41.) Андан ары жолдоочуларына: «Сергек болгула, анткени Мырзаңардын кайсы күнү келерин билбейсиңер»,— деген (Мт. 24:42). Ал он кыз жөнүндө айткандан кийин да ушул сыяктуу ойду баса белгилеген (Мт. 25:13). Алардын бири-бири менен байланышы барбы? Кыязы, бар. Чындап майлангандар гана жана ишенимин сактагандар гана Иса менен асмандагы Падышалыкта башкарыш үчүн «алынат» (Жкн. 14:3).

16 Сергек болгула. Рухий жактан сергек болбой калган майлангандардын эч кимиси Иса «тандагандар» менен бирге чогултулбайт (Мт. 24:31). Жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр да Исанын сергек туруу, ишенимдүү болуу жөнүндөгү сөздөрүн эсинде бек сакташы зарыл.

17. Эгер Жахаба кимдир бирөөнү ыйык руху менен майласа, эмне үчүн жаман болбошубуз керек?

17 Биз Жахабаны жакшы билгендиктен анын адилеттүү сот жүргүзөрүнөн шектенбейбиз. Эгер Жахаба биздин күндөрдө айрым ишенимдүү кызматчыларын асманда жашоого тандаса, жаман болбойбуз c. Биз Исанын жүзүмзарга 11-саатта иштегенге келген жумушчулар жөнүндө айтканын эстейбиз (Мт. 20:1—16). Алар мурунку жумушчуларга караганда кечирээк келсе да, ошол эле эмгек акысын алышкан. Ошо сыңары, майлангандар, качан тандалбасын, эгер ишенимдүү деп табылса, асмандагы сыйлыгын алышат.

ЭСКЕРТҮҮЛӨРГӨ КУЛАК КАГАЛЫ

18, 19. Бул макаладагы мисалдардан эмнелерди билдик?

18 Анда бул макалада айтылгандарды корутундулайлы. Койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалда баса белгиленгендей, жерде түбөлүк жашаганга үмүттөнгөндөр азыр да, улуу алаамат учурунда да Жахабага ишенимдүү болуп, берилгендигин сакташы керек. Ошентишсе, Иса аларды келечекте «түбөлүк өмүргө ээ болууга» татыктуу деп табат (Мт. 25:46).

19 Ошондой эле бул макалада майлангандарга эскертүү иретинде айтылган эки мисалга токтолдук. Исанын он кыз жөнүндөгү мисалында беш кыз акылдуулук менен иш кылган. Алар алдын ала даярданып, сергек турушкан. Ошон үчүн үйлөнө турган жигитти канча керек болсо, ошончо күтө алышкан. Ал эми акылсыз кыздар даяр болбой калышкан. Ошол себептен үйлөнө турган жигит аларды той боло турган жерге киргизбей койгон. Биз да Иса бул дүйнөнү жок кылганга чейин канча күтүш керек болсо, ошончо күткөнгө даяр болушубуз керек. Ошондой эле Исанын таланттар жөнүндөгү мисалында айтылган жан үрөп эмгектенген эки ишенимдүү кул жөнүндө сөз кылдык. Алар кожоюнунун кирешесин көбөйтүш үчүн жана ага жагыш үчүн колун тындырган эмес. Ал эми берки кул жалкоо болгондуктан кожоюнуна жакпай калган. Мындан кандай сабак алсак болот? Биздин Жахаба тапшырган ишти аягына чейин аткара бергенибиз зарыл. Соңунда, Иса менен бийлик кылганга «алынышы» үчүн майлангандар акырына чейин сергек болушу керектигин талкууладык. Алар Иса менен бирге боло турган убакты чыдамсыздык менен күтүп келишет. Армагедон согушунан кийин Козу менен анын колуктусу баш кошот (2 Тес. 2:1; Аян 19:9).

20. Эскертүүлөргө кулак каккандарга Жахаба кандай сыйлык берет?

20 Сот күнү тездик менен жакындап келатса да, бизде коркконго эч негиз жок. Эгер ишенимдүүлүгүбүздөн жазбасак, асмандагы мээримдүү Атабыз «адам Уулунун алдында туруш үчүн», тактаганда, адил деп табылышыбыз үчүн «адаттан тышкаркы» күч берет (2 Кор. 4:7; Лк. 21:36). Асманда жашаганга үмүттөнөбүзбү же жердеби, Исанын мисалдарындагы эскертүүлөргө кулак каксак, Жахаба Кудайыбызга жага алабыз. Ошондой эле анын чексиз ырайымдуулугунун аркасында ысымыбыз «өмүр китебине» жазылат (Дан. 12:1; Аян 3:5).

26-ЫР: Мен үчүн кылдыңар

a «Жахабанын жакында чыгара турган сот өкүмдөрү жөнүндө эмнелерди билебиз?» деген макаланы карагыла («Күзөт мунарасы», 2024-ж., май).

b Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Сергек бойдон каласыңарбы?» деген макаланы карагыла («Күзөт мунарасы», 2015-ж., 15-март).

d СҮРӨТТӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Майланган ишенимдешибиз аймагынан жолуктурган бир келин менен изилдөө өтүп жатат.