ӨМҮР БАЯН
ӨМҮР БАЯН
1951-жылы Канаданын Квебек провинциясындагы Руэн деген кичинекей шаарга жаңы эле баргам. Мага беришкен дарек боюнча барып, эшикти тыкылдаттым. Эшикти Гилат мектебин бүтүрүп, миссионер болуп кызмат кылып жүргөн Марсель Фильто a ачты. Ал 23 жаштагы узун бойлуу жигит болчу. Мен болсо 16 жашта элем, боюм да кыскараак болчу. Мен ага пионер болуп дайындалганым жазылган катты көрсөттүм. Ал катты окуду да, мени карап: «Сенин бул жакта жүргөнүңдү апаң билеби?» — деп сурады.
ҮЙ-БҮЛӨМ
Мен 1934-жылы жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем Швецариядан көчүп келип, шахтёрлордун шаарчасы деп эсептелген Тимминске (Онтарио, Канада) отурукташып калган экен. 1939-жылдары апам «Күзөт мунарасын» окуп, жыйналышка бара баштаган. Ал мени жана алты бир тууганымды да ээрчитип алчу. Көп өтпөй эле апам чөмүлдү.
Бул атама жаккан эмес. Бирок апам чындыкты аябай баалачу жана эч нерсеге карабай чындык жолунда жүрөм деп чечип алган. Ал 1940-жылдардын баш жагында Канадада ишибизге тыюу салынганда да, ошонусунан жазган эмес. Атам апама жаман сөздөрдү айтып, көңүлүн оорутса да, ал аны урматтап-сыйлап, жакшы мамиле кыла берчү. Анын жакшы үлгүсү мага жана бир туугандарыма Жахабага кызмат кылууга түрткү берген. Убакыттын өтүшү менен атамдын ою өзгөрүп, бизге жакшы мамиле кыла баштаган.
ТОЛУК УБАКЫТТАГЫ КЫЗМАТТЫ БАШТАШЫМ
1950-жылы жайында Нью-Йорк шаарындагы «Теократиянын өсүшү» деген жыйынга катышып калдым. Ал жактан дүйнөнүн чар тарабынан келген ишенимдештерим менен тааныштым, Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн дил маектерин да уктум. Бул мага Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга түрткү берди. Ошондуктан толук убактагы кызматты сөзсүз баштайм деп чечип алдым. Үйгө кайтып келерим менен үзгүлтүксүз пионер болгонго арыз толтурдум. Анан эле Канададагы филиалдан жооп келди. Катта менин адегенде чөмүлүшүм керектиги жазылыптыр. Ошентип, 1950-жылдын 1-октябрында чөмүлдүм. 1 айдан кийин эле үзгүлтүксүз пионер болуп, Капускасингге дайындалдым. Ал ата-энем жашаган шаардан аябай эле алыс болчу.
1951-жылы жазында филиал французча сүйлөгөн жарчыларды Квебек провинциясындагы
француз тилинде сүйлөгөндөрдүн аймагына көчүп барууга үндөдү. Ал жакта жарчыларга муктаждык чоң эле. Кичинекейимен эле французча да, англисче да билчүмүн. Ошол үчүн ал жакка барууга даяр экенимди билдирдим. Мени Руэн шаарына дайындашты. Мен ал жакта эч кимди таанычу эмесмин. Башында айтканымдай, колумда дарек жазылган кагазым эле бар болчу. Акырындык менен баары ойдогудай боло баштады. Марсель байке менен жакшы дос болуп калдык. Ошентип, Квебекте 4 жыл жыргап кызмат кылгандан кийин, атайын пионер болуп дайындалдым.ГИЛАТ ЖАНА КӨПКӨ ЧЕЙИН ИШКЕ АШПАГАН КЫЯЛДАРЫМ
Квебекте жүргөнүмдө Саут-Лансингде (Нью-Йорк) өткөрүлө турган Гилат мектебинин 26-классына чакырылдым. Сүйүнгөнүмдү сурабагыла. Анан 1956-жылдын 12-февралында Гилат мектебин бүтүрүп, Батыш Африкага, азыркы Ганага b дайындалдым. Бирок адегенде документтеримди бүтүрүш үчүн бир нече жумага Канадага барышым керек болуп калды.
Документтерим бүткөнгө чейин Торонтодо 7 ай жүрдүм. Ошол учурда Крипс байкелердин үйүндө жашап калдым. Алардын Шейла деген кызы бар болчу. Биз бири-бирибизди жактырып калдык. Колун сурайын деп даярданып жүргөнүмдө, визам даяр болуп калды! Шейла экөөбүз Жахабадан жетекчилик сурап, жалындуу тиленгенден кийин, мен Ганага кете берейин деп чечтим. Бирок кат алышып туралы, кийин ылайыгы келгенде баш кошобуз деп чечип алдык. Албетте, бул оңойго турган жок. Бирок убакыттын өтүшү менен мунун эң туура чечим болгонун түшүндүк.
Поезд, жүк ташуучу кеме, самолёт менен 1 ай жол жүрүп, акыры, Аккрага (Гана) жеттим. Ал жактан облустук көзөмөлчү болуп дайындалдым. Мен Гананы, анын жанындагы Пил Сөөктүү Жээкти (азыр Кот-д’Ивуар) жана Тоголэндди (азыр Того) кыдырчумун. Көп учурда филиал берген жол тандабас менен жалгыз жол жүрчүмүн. Ошентип кыдырып, бир туугандарга жолукканды аябай жакшы көрчүмүн.
Дем алыш күндөрү болсо райондук жыйындарды өткөргөнгө жардам берчүмүн. Бизде жыйын
залдары жок болчу. Ошондуктан жергиликтүү жыйналыштагылар күндөн коргонуш үчүн бамбуктан убактылуу бастырма жасап, үстүн пальманын жалбырагы менен жаап коюшчу. Тыныгуу маалында тамак бериле турган жерде муздаткыч жок болгондуктан, малды тирүү кармашчу. Анан канча эт керек болсо, ошончо мал союшчу.Кээде жыйын учурунда күлкүлүү окуялар болуп калчу. Бир жолу мени менен чогуу миссионер болуп жүргөн Херб Женнис c баяндама айтып жатканда, бир өгүз бошонуп кетип, так сахнанын алдынан чуркап өткөн. Херб сүйлөбөй токтоп калганда, тиги өгүз да алаңдап эле туруп калган. Бактыга жараша, төрт күчтүү жигит шамдагайлык менен аны кармап, алып барып камашкан. Ошондо баары сүйүнгөнүнөн кыйкырып жиберишкен.
Жума ичинде жакын жердеги айылдарга «Жаңы дүйнө коому иш-аракетте» деген уюм чыгарган тасманы көрсөтчүмүн. Ан үчүн эки устундун же эки бактын ортосуна ак таар кездемени илип, проекторду иштетчүмүн. Айылдагылар жыргап көрүшчү. Көптөрү өмүрүндө биринчи жолу тасма көрүп жаткандыктан абдан таң калышчу. Чөмүлүп жаткандар көрсөтүлгөндө, шатырата кол чабышчу. Ошол тасманы көргөндөр Жахабанын Күбөлөрүнүн биримдүү эл экенин түшүнүшчү.
Африкада 2 жыл кызмат кылгандан кийин 1958-жылы Нью-Йоркто өтө турган эл аралык жыйынга чакырылдым. Жыйындан Шейлага жолукканымда кубанганыман жүрөгүм алып учту. Ал кезде Шейла Квебекте атайын пионер болуп кызмат кылып жүргөн эле. Ошого чейин кат алышып жүрсөк, эми болсо кайрадан жолуктук. Мен анын колун сурадым, ал макул болду. Анан Нейтан Норр бир тууганга d кат жазып, Шейланын Гилат мектебинен окуп, андан кийин мени менен Африкада кызмат кылышына уруксат сурадым. Ал макул болду. Ошентип, Шейла, акыры, Ганага келди. Биз 1959-жылы 3-октябрда Аккрада баш коштук. Жахабаны жашообузда биринчи орунга койгонубуз үчүн, анын бизге батасын берип жатканын сездик.
КАМЕРУНДА ЧОГУУ КЫЗМАТ КЫЛЫШЫБЫЗ
1961-жылы Камерун өлкөсүнө дайындалдык. Менден жаңы филиалды уюштурууга жардам беришимди суранышты. Ошондон улам колум такыр бошочу эмес. Буга чейин филиалдын кызматчысы
болуп көрбөгөндүктөн көп нерсени үйрөнүшүм керек болду. 1965-жылы Шейланын боюнда бар экенин билдик. Ата-эне болорубузга көпкө чейин ишене албай жүрдүк. Убакыттын өтүшү менен ага да көндүк. Анан Канадага кетели деп даярданып жатканда, бир жаман окуя болду.Курсактагы балабыз чарчап калды. Доктур анын эркек бала экенин айтты. Андан бери 50 жылдай өтсө да, аны эч качан унутпайбыз. Ошондо жүрөгүбүз тилинип, аябай жаман болгонбуз. Бирок Камерунда калып, жакшы көрүп калган кызматыбызды уланта берели деп чечтик.
Камерундагы бир туугандарыбыз бейтараптуулукту сактаганы үчүн көп куугунтукталышчу. Жагдай, өзгөчө, президенттик шайлоо учурунда оорлоп кетчү. 1970-жылдын 13-майында биз корккон нерсе болду — Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынды. Жаңы курулган жакшынакай Бейтелибизди өкмөттөгүлөр тартып алды. Ал жакка көчүп барганыбызга 5 эле ай болгон болчу. Бир жуманын ичинде бардык миссионерлерди, анын ичинде Шейла экөөбүздү өлкөдөн чыгарып салышты. Биз боордошторубузду абдан жакшы көрчүбүз, алардын эртеңки күнүнө да сарсанаа болдук. Ошон үчүн аларды калтырып кетиш оор болду.
Камерундан кеткенден кийин 6 айдай Франциядагы Бейтелде жашап калдык. Ал жактан да Камерундагы ишенимдештериме колуман келишинче жардам берип жаттым. Ошол жылдын декабрында Нигериядагы филиалга дайындалдык. Ал филиал Камерундагы ишибизди көзөмөлдөй баштаган. Нигериядагы ишенимдештерибиз бизди жылуу тосуп алышты. Ал жакта бир нече жыл кубанып кызмат кылдык.
ЭҢ ЭЛЕ ООР ЧЕЧИМ
1973-жылы бир оор жагдайга кабылдык. Шейла бир нече олуттуу оору менен күрөшүп келаткан. Анан Нью-Йоркко жыйынга барганыбызда, ал ыйлап жиберди да, мага: «Мен кызматымды мындан ары уланта албайм. Аябай кыйналып кеттим, кечке эле ооруй бергениме жаман болуп жатам»,— деди. Ошол кезде Шейланын мени менен Батыш Африкада кызмат кылганына 14 жыл болгон. Албетте, Шейланын жан-дили менен кызмат кылганын көрүп, абдан сыймыктанчумун. Ошентсе да айрым нерселерди өзгөртүш керек болду. Жагдайыбыз тууралуу сүйлөшүп, көп жолу жалындуу тиленгенден кийин, Шейла дарыланышы үчүн, Канадага кайтып баралы деп чечтик. Миссионердик кызматыбызды, аны менен бирге толук убакыт кызматты токтотконубуз биз үчүн эң эле оор, жүрөк ооруткан чечим болду.
Канадага кайтып баргандан кийин Торонтонун түндүгүндө автосалону бар бир досумдукунда иштеп калдым. Ал жактан бир батирди ижарага алдык. Колдонулган эски эле эмеректерди сатып алдык, ошондуктан карызга баткан жокпуз. Бир күнү кайра толук убактагы кызматыбызды баштап калсак, алаксыбаш үчүн, болушунча жөнөкөй жашаганга аракет кылчубуз. Ошол үмүтүбүз өзүбүз ойлогондон да тез ишке ашып калды. Буга аябай сүйүндүк.
Ишемби күндөрү ыктыярчы болуп, Норвалдагы (Онтарио) жыйын залын курууга жардам бере баштадым. Убакыттын өтүшү менен менден жыйын залынын көзөмөлчүсү болуп кызмат кыла
алар-албасымды сурашты. Шейланын ден соолугу кыйла жакшы болуп калгандыктан, бул кызматты аткара алабыз деп ойлодук. Ошентип, 1974-жылдын июнунда жыйын залындагы атайын бөлмөгө көчүп бардык. Кайрадан толук убакыт кызматка киришкенибизге аябай сүйүндүк.Бактыга жараша, Шейла кадимкидей күчкө толуп, жакшы болуп калды. Эки жылдан кийин кыдыруучулук ишти аткарганга макул болдук. Биз кызмат кыла турган район Манитоба болчу. Ал Канададагы кышкысын катуу суук болгон аймактардын бири эле. Бирок ал жактагы боордошторубуздун сүйүүсү дайыма ысык болчу. Артка кылчая карап бир нерсени түшүндүк: Жахабага кайсы жерде кызмат кылганыбыз маанилүү эмес, маанилүүсү, кызматыбызды уланта берүү.
КАТАМДАН САБАК АЛЫШЫМ
Бир нече жыл райондук кызматты аткаргандан кийин 1978-жылы Канададагы Бейтелге чакырылдык. Көп өтпөй бир жагымсыз окуя болду, бирок андан бир маанилүү нерсеге үйрөндүм. Монреалда француз тилинде атайын жолугушуу болуп, мага 1 жарым сааттык баяндама айтууну тапшырышты. Бирок мен айткан баяндама элге кызыктуу болбой калыптыр. Ошондон улам кызмат бөлүмүндөгү бир бир тууган мага кеңеш берди. Чынын айтсам, мен сөзгө чечен баяндамачы эмесмин. Бирок ошондо муну мойнума албай койгом. Кеңешти да кабыл албай койгом. Ошонун айынан экөөбүз кер-мур айтыша кеттик. Ал мени сындап, жаман жактарымды эле айтып жаткандай сезилди. Мен анын кеңешти кантип бергенине көңүл топтоп, өзүмдү эле актай бериптирмин. Ушинтип катуу жаңылыптырмын.
Бир нече күндөн кийин филиалдын комитетинин мүчөсү келип, мени менен ушу тууралуу сүйлөштү. Мен туура эмес кылганымды мойнума алып, кечирим сурадым. Андан кийин мага кеңеш берген бир тууган менен сүйлөштүм. Ал мени айкөлдүк менен кечирди. Ошол окуя мага момун болгонго түрткү берди. Аны эч качан унутпайм (Накыл 16:18). Жахабага бул тууралуу көп жолу айтып тиленгем. Ошондон кийин кимдир бирөө кеңеш бергенде, дайыма туура кабыл алам деп чечип алгам.
Канададагы Бейтелде кызмат кылып жүргөнүмө 40 жылдан ашты. 1985-жылдан бери филиалдын комитетинин мүчөсү болуп кызмат кылып келем. 2021-жылы февралда сүйүктүү байбичем Шейла көз жумду. Аны жоктоп, күйүт тарткандан тышкары, карылыктын азабы менен алышып келем. Бирок убактымдын баарын кызматка жумшап, бактылуу болгондуктан өмүрдүн «кыскалыгын кээде гана эстейм» (Нас. 5:20). Башыман ар кандай кыйынчылыкты кечирсем да, кызматтан алган кубанычым анын баарын жаап кетти. Жахабаны жашоомдо биринчи орунга коюп, 70 жыл толук убакыт кызмат кылганыма эч качан өкүнбөйм. Уюмбуздагы улан-кыздарыбыз да Жахабаны жашоосунда биринчи орунга койсо экен деп тиленем. Анткени ошенткенде гана жашоонун кубанычын көрүшөт жана бул үчүн эч качан өкүнүшпөйт! Мен муну өз тажрыйбаман улам айта алам.
a Карагыла: «Жахаба менин баш маанам жана күчүм», Марсель Фильтонун өмүр баяны («Күзөт мунарасы», 2000-ж., 1-фев., ор.).
b 1957-жылга чейин Африканын ушул бөлүгү Британиянын колониясына карачу жана Алтын Жээк деп аталчу.
c Карагыла: «Эртең эмне болоруңарды билбейсиңер», Херберт Женнистин өмүр баяны («Күзөт мунарасы», 2000-ж., 1-дек., ор.).
d Ошол учурда уюмубузду Нейтан Норр бир тууганыбыз жетектечү.