Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

36-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Адам уулоочу болгонго даярсыңбы?

Адам уулоочу болгонго даярсыңбы?

«Коркпо. Мындан ары сен адам уулоочу болосуң» (ЛУКА 5:10).

73-ЫР: Кайраттуу кыла көр

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Иса төрт балыкчыны эмне кылганга чакырган жана алар эмне кылышкан?

ПЕТИР, Андрес, Жакып, Жакандар балык уулап жан багышчу. Иса: «Менин артыман жүргүлө, мен силерди адам уулоочу * кылам» — деп чакырганда, алардын канчалык таң калганын элестетсеңер. Алар эмне кылышкан? Ыйык Китепте: «Ошол замат торлорун таштап, анын артынан жөнөштү»,— делет (Мт. 4:18—22). Ошол чечими алардын бүтүндөй жашоосун таптакыр башка нукка бурган. Эми алар балык уулабай эле, адам уулап калышмак (Лк. 5:10). Азыркы тапта да Иса бул ишке чындыкты сүйгөн ак ниет кишилерди чакырып жатат (Мт. 28:19, 20). Сен да ошол чакырыкты кабыл алдыңбы?

2. «Адам уулоочу» болгонго байланыштуу чечим эмне үчүн олуттуу жана бул чечимди чыгарууга эмне түрткү берет?

2 Балким, сен Ыйык Китепти бир канча убакыттан бери изилдеп келаткандырсың жана жашооңдогу кайсы бир нерселерди өзгөрткөндүрсүң. Эми «адам уулоочу», атап айтканда, жакшы кабардын жарчысы болор-болбосуңду чечишиң керек. Эгер Исанын чакырыгын кабыл алгандан коркуп жатсаң, ындыныңды өчүрбө. Анткени бул — сенин ошол чечимдин канчалык олуттуу экенин түшүнүп жатканыңдын белгиси. Петир менен анын шериктеринин торлорун «ошол замат» калтырганы чын. Бирок бул шаша-буша чыгара калган чечим эмес болчу. Алардын Исаны таанып-билип, аны Машаяк катары кабыл алганына жарым жылдан ашып калган (Жкн. 1:35—42). Анын сыңарындай, сен да Жахаба менен Иса жөнүндө көп нерсени билип калгандырсың жана андан ары да рухий жактан өскүң келип жаткандыр. Ошентсе да жарчы болордон мурун бул чечим тууралуу кылдат ойлонушуң керек. Петир менен Андреске жана башкаларга бул кадамды жасаганга эмне жардам берген?

3. Исанын чакырыгын кабыл алганга кайсы сапаттар жардам берет?

3 Исанын ал шакирттери балык кармаганга каалоосу күч болгон, иштин көзүн таба билген, эр жүрөк, эрки күчтүү адамдардан болушкан. Ошол себептен балыкты жакшы уулашкан. Кийин ошол эле сапаттары аларга мыкты «адам уулоочу» болгонго жардам берген. Бул макалада Машаяктын мыкты шакирти болгонго жардам берген ошол сапаттарды кантип өрчүтсөк болору талкууланат.

КААЛООҢДУ АРТТЫР

Петир менен шериктери адам уулаганды үйрөнүшкөн. Бул иш азыркы тапта да уланып жатат (4, 5-абзацтарды карагыла)

4. Петир эмне үчүн балык кармаган?

4 Петир балык кармап үй-бүлөсүн баккан. Бирок бул тек гана күн көрүштүн айласы болгон эмес. Ал ошол ишин сүйгөн көрүнөт (Жкн. 21:3, 9—15). Кийин ал адам уулаганды да жакшы көрүп калган. Анан Жахабанын жардамы менен ошол ишти чебер аткарганды үйрөнгөн (Элч. 2:14, 41).

5. Лука 5:8—11-аяттарга ылайык, Петир эмнеден корккон жана бизге ошол сыяктуу сезимдерди жеңгенге эмне жардам берет?

5 Биз Жахабаны сүйгөндүктөн кабар айтабыз. Бизге түрткү берген негизги нерсе — так ошол сүйүү. Андай сүйүү кабар айтканга өзүбүздү жараксыз сезсек да, багынбаганга жардам берет. Иса Петирди адам уулаганга чакырганда: «Коркпо»,— деген. (Окугула: Лука 5:8—11.) Петир Исанын шакирти болсом, көргөн күнүм кандай болот деп коркконбу? Жок, аны түпөйүл кылган нерсе башка болчу. Исанын кереметинин аркасында толтура балык кармашканда ал айран-таң калып, ошондой кишинин шакирти болгонго өзүн татыксыз сезген. Петирдей болуп, сен да Машаяктын шакирти боло алар-албасыңды ойлоп коркуп жаткан чыгарсың. Эгер ошондой болсо, Жахаба Кудайга, Исага жана адамдарга болгон сүйүүңдү арттыра бер. Ошондо Исанын чакырыгын кабыл алганга түрткү аласың (Мт. 22:37, 39; Жкн. 14:15).

6. Кабар айтканга бизге дагы эмне түрткү берет?

6 Бизге кабар айтканга түрткү берген дагы бир себепке токтололу. Биз Иса Машаяктын: «Баргыла да,.. шакирт даярдагыла»,— деген осуятын аткаргыбыз келет (Мт. 28:19, 20). Мындан тышкары, элдин «койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп», Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкты билгенге зар экенин көргөндүктөн да кабар айткыбыз келет (Мт. 9:36). Жахаба Кудай ар кандай адамдардын «чындыкты так таанып-билишин» жана куткарылышын каалайт (1 Тим. 2:4).

7. Римдиктер 10:13—15-аяттардан кабар айтканыбыз маанилүү экени кандайча көрүнүп турат?

7 Кабар айтканыбыздын аркасында эмне ишке ашарын ойлогондо кабар айтканга андан бетер бел байлап калабыз. Сатыш үчүн же жеш үчүн балык кармаган балыкчылардан айырмаланып, биз адамдарды өмүрүн сактап калыш үчүн «уулайбыз». (Окугула: Римдиктер 10:13—15; 1 Тим. 4:16.)

ИШТИН КӨЗҮН ТАБА БИЛ

8, 9. Балыкчы эмнени билиши керек жана эмне үчүн?

8 Исанын күндөрүндө ысрайылдык балыкчы деңиз жандыктарынын кандай түрүн кармаганы жатканын жакшы билиши керек болчу (Леб. 11:9—12). Алардын кайсы жакта байырлай турганын да билиши керек болгон. Адатта, балык өзүнө жаккан жана азыгы мол болгон жерлерде быкылдап көп болот. Балыкчынын ууга кайсы убакта чыкканы да маанилүү. Тынч океандагы аралда кызмат кылган бир миссионер балыкка чыга турган белгилүү бир убак болорун өз тажрыйбасынан түшүнгөн. Ошол жактагы бир ишенимдеши балык кармаганы чакырганда, ал: «Анда эртең эртең менен тогузда жолугалы»,— дептир. Ошондо тиги: «Сен билбейт турбайсыңбы. Балыкка өзүңө ыңгайлуу учурда чыкпайсың да! Анын өз убагы бар»,— деген экен.

9 Ушул өңдүү эле, 1-кылымдагы адам уулоочулар да киши быкылдаган жерлерге киши быкылдаган убакта барып кабар айтышкан. Алар ибадатканага, синагогаларга, базарларга барышкан, үймө-үй да кыдырышкан (Элч. 5:42; 17:17; 18:4). Биз да жергебиздегилердин качан үйдө болор-болбосун жакшы билишибиз керек. Негизи эле, киши кайсы жерде жана качан көп болорун билип, ошого ылайыкташып кабар айтканыбыз маанилүү (1 Кор. 9:19—23).

1. Мыкты балыкчылар балык көп болгон жерде жана көп болгон учурда ууга чыгышат (8, 9-абзацтарды карагыла)

10. Жахабанын уюму бизди кандай куралдар менен камсыз кылып жатат?

10 Балыкчы кандай шаймандарды кантип колдонуштун сырын билет. Кабар айтканда бизде да керектүү куралдар болушу керек жана аларды колдоно билишибиз керек. Иса шакирттерине адам уулаштын ыгын үйрөткөн. Алсак, кабар айтканы чыкканда эмнени алышты, каякка барышты, эмнени айтышты так-таасын түшүндүрүп берген (Мт. 10:5—7; Лк. 10:1—11). Азыркы тапта Жахабанын уюму бизди жакшы натыйжага жеткирген негизги окутуу куралдары менен камсыз кылып жатат *. Ошону менен эле чектелбей, аларды чебер колдонгонду да үйрөтүп жатат. Мунун аркасында кабарды ишенимдүүрөөк айтып, окутуу чеберчилигибизди барган сайын арттырып жатабыз (2 Тим. 2:15).

2. Мыкты балыкчылар керектүү шаймандарды колдоно билет (10-абзацты карагыла)

ЭР ЖҮРӨК БОЛ

11. Адам уулагандар эмне үчүн эр жүрөк, кайраттуу болушу керек?

11 Сатыкка деп деңизге чыгып балык кармагандар эр жүрөк болушу керек. Анткени деңизде аба-ырайы көз ачып-жумгуча эле өзгөрүп кетет. Балыкчылар көбүнчө ууга түнкүсүн чыгат жана күтүлбөгөн жерден алай-дүлөйгө туш болуп калышат. Адам уулагандар да эр жүрөк болушу керек. Биз да кабар айта баштаганда жана Жахабанын Күбөсү экенибизди айтканда үйдөгүлөрдүн каршылыгына, жоро-жолдоштордун шылдыңына же кабарыбызды четке каккандарга туш болуп, «алай-дүлөй» башталып кетиши мүмкүн. Бирок буга таң калбашыбыз керек. Себеби Иса шакирттерин аларга каршы чыга тургандарга жиберерин эскерткен (Мт. 10:16).

12. Жашыя 1:7—9-аяттарга ылайык, кайратыбызды чыңдаганга эмне жардам берет?

12 Анда канткенде эр жүрөк боло аласың? Биринчиден, кабар айтуу ишин Иса асмандан дагы деле жетектеп жатканына көзүң жеткидей болушу керек (Жкн. 16:33; Аян 14:14—16). Экинчиден, Жахабанын сага кам көрөрүнө ишенишиң керек (Мт. 6:32—34). Канчалык ишенсең, ошончолук кайраттуу болосуң. Нан таап жаткан ишин таштап, Исанын жолун жолдоп кетишкен Петир менен шериктеринин ишеними кандай гана күчтүү болгон! Анын сыңарындай, сен да досторуңа, үй-бүлөңө Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганыңды жана алардын жыйналышына барып жатканыңды айтканда ишенимиң канчалык бекем экени айкын болот. Албетте, Жахабанын адил талаптарына ылайык жашаш үчүн жүрүм-турумуңду, жашоо мүнөзүңдү бир топ өзгөрткөндүрсүң. Буга да ишеним, кайрат керек. Бирок кайратыңды чыңдай берсең, «кайда барбагын, Жахаба Кудайың сени менен болоруна» түк да шектенбесең болот. (Окугула: Жашыя 1:7—9.)

3. Мыкты балыкчылар аба-ырайы кандай болбосун коркушпайт (11, 12-абзацтарды карагыла)

13. Ой жүгүртө билгениң жана Кудайдан тиленгениң кайраттуу болгонго кандайча жардам берет?

13 Кайраттуу болуш үчүн дагы эмне кылыш керек? Жахабадан кайрат сура (Элч. 4:29, 31). Ал тилегениңди берет жана эч качан сени таштабайт. Дайыма колдоп турат. Анын байыркы убакта башкаларды кантип сактаганы жөнүндө да ой жүгүрт. Кыйынчылыктарыңды жеңгенге, жашооңду өзгөртүп оңолгонго сага кантип жардам бергенин да ойлоп көр. Өз элин Кызыл деңизден алып өткөн Кудай сага да Машаяктын жолдоочусу болгонго жардам бергенге кудуреттүү (Чыг. 14:13). Ошондуктан: «Жахаба мен тарапта, ошондуктан коркпойм. Пенде мага эмне кыла алат?» — деп айткан забурчуга окшоп, ага бекем ишенсең болот (Заб. 118:6).

14. Масае менен Томоенин окуясынан кандай жыйынтык чыгардыңар?

14 Кайраттуу болгонго жардам берген дагы бир нерсе — табиятынан тартынчаак келген, бирок Жахабанын жардамы менен кайраттуу болгонго үйрөнгөндөрдүн үлгүсү. Масае деген ишенимдешибизди мисал кылалы. Уялчаак болгондуктан ал эч качан кабар айта албайм деп ойлогон. Чоочун киши менен сүйлөшкөндүн өзү эле ага ашып өтө алгыс бийик дубалдай сезилчү. Ошондуктан Кудайга жана адамдарга болгон сүйүүсүн дагы да өрчүткөнгө атайын күч жумшай баштаган. Кабар айтуу учурда канчалык шашылыш экени жөнүндө ойлонгон жана Кудайдан кабар айтканга болгон каалоосун күчөтүшүн суранган. Ошонун аркасында коркунучун жеңип, ал тургай үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла алган. Жахаба жаңыдан жарчы болгондорго да кайраттуу болгонго жардам бере алат. Томоенин окуясына токтололу. Ал үймө-үй кабар айта баштаганда биринчи эле эшиктен чыккан аял: «Жахабанын Күбөлөрүн көрөйүн деген көзүм жок!» — деп кыйкырып, эшикти тарс эттире жаап салган. Бирок Томое коркуп кетпей, кайра жанындагы шеригине: «Көрдүңбү?! Биз ооз ача электе эле Жахабанын Күбөсү экенибизди билип койду. Бул жакшы да!» — деген. Томое учурда үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылып жатат.

ЭРКИҢДИ КҮЧТӨ

15. Эрки күчтүү киши кандай болот жана Исанын жолдоочулары эмне үчүн ошондой болушу керек?

15 Жакшы балыкчылардын эрки күчтүү болот. Ал эми эрки күчтүү киши «өзүн баш ийдирип, кылышы керек болгон нерсени кылат» деп сыпатталат. Балыкчылар таң атпай туруп, иши бүтөр-бүткүчө тынышпайт, аба-ырайына да карашпайт. Ушунун баарына эрк керек. Өз ишибизди аягына чыгарыш үчүн биздин да эркибиз күчтүү болушу кажет (Мт. 10:22).

16. Кыйынга турган нерселерди кылганга эмне жардам берет?

16 Эч ким эрки күчтүү болуп төрөлбөйт. Тескерисинче, пенде болгондуктан баарыбыз жеңилине качырганга жакын келебиз. Айрым учурларда эң маанилүү нерселерди кылыш кыйынга турат. Ошондуктан өзүбүздү башкарганга үйрөнүшүбүз керек. Жахаба Кудай бизге ыйык руху аркылуу жардам берет (Гал. 5:22, 23).

17. Элчи Пабыл 1 Корунттуктар 9:25—27-аяттарда өзүн башкара билгенге үйрөнүүнү кантип түшүндүргөн?

17 Элчи Пабылдын да эрки күчтүү болгон. Ошентсе да туура нерсени кылыш үчүн өз денесин «сабашы» керек болгонун моюнга алган. (Окугула: 1 Корунттуктар 9:25—27.) Ал башкаларды да өзүн башкара билгенге жана баарын «өз орду, өз тартиби менен» кылганга үндөгөн (1 Кор. 14:40). Жакшы рухий күн тартипке карманып, анын ичинде «адам уулоо» ишин дайыма аткарыш үчүн өзүбүздү башкара билип, эркибиз күчтүү болушу керек (Элч. 2:46).

СОЗДУКТУРБА

18. Жахабанын көз алдында эмнебиз ийгилик болуп эсептелет?

18 Балыкчылар канчалык көп балык кармаса, ишин ошончолук ийгиликтүү деп эсептешет. Ал эми биз ийгилигибизди Кудайдын уюмуна алып келген кишинин саны менен өлчөбөйбүз (Лк. 8:11—15). Жакшы кабарды айтканыбызды, башкаларды окутканыбызды токтотпой уланта бергенибиздин өзү эле Жахабанын көз алдында ийгилик болуп эсептелет. Себеби мунун аркасында ага жана Уулуна баш ийгенибизди айкындайбыз (Мр. 13:10; Элч. 5:28, 29).

19, 20. Кабар айтканга кандай орчундуу себеп бар?

19 Кээ бир өлкөлөрдө белгилүү бир айларда гана балык кармаганга уруксат берилет. Ошол мөөнөттүн аягы жакындаган сайын балыкчылар болушунча көп балык кармап калганга аракет кылышат. Ал эми адам уулагандар катары кабар айтканга көп күч жумшаганга бизде азыр андан да орчундуу себеп бар: бул дүйнөнүн акыры тездик менен жакындап келатат! Адамдардын өмүрүн сактап кала турган бул иштин мөөнөтү бүтүп баратат. Андыктан кабар айтуу ишине катышып калыш үчүн баары ойдогудай боло турган учурду күтүп создуктура бербе (Нас. 11:4).

20 Кабар айтканга болгон каалооңду арттыр, Ыйык Китепти казып изилде, эр жүрөк бол жана эркиңди күчтө. «Адам уулаган» сегиз миллиондон ашык кишиге кошулуп, Жахаба тартуулаган кубанычты сезип көр (Нек. 8:10). Бул ишке колуңдан келишинче катыш жана Жахаба бүттү дегиче уланта бер. Адам уулоочулар катары Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды айтканга чечкиндүү болушубузга жардам берген үч нерсе бар. Алар жөнүндө кийинки макалада сөз жүрөт.

66-ЫР: Жакшы кабарды жарыялайлы

^ 5-абз. Иса Машаяк күжүрмөн эмгектенген момун, карапайым балыкчыларды шакирти болгонго чакырган. Ал бүгүнкү күндө да ошондой эле сапаттары бар адамдарды адам уулоочу болгонго чакырып жатат. Бул макалада чечкинсизирээк болуп Исанын чакырыгын кабыл ала албай жүргөндөр эмне кылышы керек экени талкууланат.

^ 1-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. «Адам уулоочу» деген сөз айкашы жакшы кабарды жарыялап, башкаларды Машаяктын шакирти болгонго окутуп-үйрөткөндөргө карата айтылат.

^ 10-абз. 2018-жылдын октябрындагы «Күзөт мунарасынын» 11—16-беттеринде камтылган «Чындыкты окуталы» деген макаланы карагыла.