Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

37-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Колуңду... тындырба»

«Колуңду... тындырба»

«Үрөнүңдү эртең менен сеп да, колуңду кечке чейин тындырба» (НАС. 11:6).

68-ЫР: Падышалыктын үрөнүн себели

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Насаатчы 11:6дагы сөздөрдүн Падышалыкты жарыялоо иши менен кандай байланышы бар?

КЭЭ БИР өлкөлөрдө жакшы кабарды көптөр шак эле кабыл алышат. Алар ошону эле эңсеп-күтүп жүргөндөй сезилет! Башка жерлерде болсо Кудайга же Ыйык Китепке анча деле кызыкпайт. Ал эми силер жашаган жерде кандай? Кандай болбосун, Жахаба ал өзү жетиштүү деп эсептегиче кабар айта беришибизди каалайт.

2 Бул иш Жахаба белгилеп койгон убакта токтойт, ошондон кийин «дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет» (Мт. 24:14, 36). Анда ага чейин канткенде «колуңду... тындырба» * деген сөздү аткарган болобуз? (Окугула: Насаатчы 11:6.)

3. Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

3 Мурунку макалада мыкты «адам уулоочу» болуш үчүн керек болгон төрт нерсени карап чыкканбыз (Мт. 4:19). Бул макалада болсо туш болгон кыйынчылыктарыбызга карабай кабар айта бергенге жардам берген үч нерсеге токтолобуз. 1) Көңүл топтоо, 2) чыдамдуу болуу, 3) ишенимибизди бекем сактоо эмне үчүн маанилүү экенин билебиз.

КӨҢҮЛ ТОПТОО

4. Эмне үчүн Жахаба тапшырган ишке көңүл топтошубуз керек?

4 Иса акыркы күндөрдүн белгиси боло турган жана анын жолдоочуларын кабар айтуу ишинен алаксытышы мүмкүн болгон дүйнөдөгү окуяларды алдын ала айткан. Ошондуктан шакирттерине: «Сергек болгула»,— деген (Мт. 24:42). Нух пайгамбардын күндөрүндө элди ал эскерткен сөздөрдөн алаксыткан нерселер болгон. Азыр деле бизди так эле ошо сыяктуу нерселер алаксытышы мүмкүн (Мт. 24:37—39; 2 Пет. 2:5). Андыктан бүт көңүлүбүздү Жахаба тапшырган ишке топтогубуз келет.

5. Кабар айтуу иши канчалык кулач жаяры Элчилер 1:6—8-аяттардан кандайча көрүнүп турат?

5 Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтуу — бүт көңүлүбүздү топтошубузга арзырлык иш. Иса бул иштин ал өлгөндөн кийин уланып, барган сайын кулач жаярын алдын ала айткан (Жкн. 14:12). Бирок шакирттеринин кээси Мырзасы өлгөндөн кийин кайра эле мурункудай балык уулап калышкан. Иса тирилгенинен көп өтпөй айрымдарына керемет көрсөтүп, көп балык кармаганга жардам берген. Ошондон кийин аларга тапшырылган адам уулоо иши башкасынын баарынан маанилүү экенин баса белгилеген (Жкн. 21:15—17). Асманга кетеринде болсо шакирттерине өзү чыйыр салган ошол иш Ысрайыл жери менен эле чектелбей турганын айткан. (Окугула: Элчилер 1:6—8.) Арадан жылдар өтүп, Иса элчи Жаканга «Мырзабыздын күнүндө» * боло турган нерселерди аян берип көрсөткөн. Кастарлоо сезимине чулгаган башка көптөгөн нерселер менен бирге Жакан түбөлүктүү жакшы кабардын периштенин жетеги астында «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге жарыяланып» жатканын көргөн (Аян 1:10; 14:6). Ооба, Жахаба азыркы тапта дүйнөнү кучагына алган ушул ишке соңуна чыккыча катышышыбызды каалайт.

6. Канткенде кабар айтуу ишинен эч нерсеге алаксыбайбыз?

6 Кабар айтуу ишинен башка нерсеге алаксып кетпеш үчүн Жахабанын бизге канчалык жардам берип жатканы тууралуу ойлонуп көрүшүбүз керек. Мисалы, ал рухий тамакты мол берип келет. Аларга кагаз түрүндөгү да, санарип түрүндөгү да адабияттар, аудиожаздыруулар, видеолор жана телеберүү кирет. Ойлоп көрсөңөр, биздин расмий сайтыбызда 1 000ден ашык тилде маалымат бар! (Мт. 24:45—47). Саясий, диний жана экономикалык айырмачылыктан улам бөлүнүп-жарылган дүйнөдө Кудайдын 8 миллиондон ашуун кызматчысы чынында эле бирдиктүү дүйнөлүк боордоштукту түзөт. Алсак, 2019-жылы 19-апрелде, жума күнү, дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн баары күндөлүк аяттын талкууланганын телеберүү аркылуу көрө алышкан. Ошол күнү кечинде Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине 20 919 041 киши чогулган. Азыркы учурдагы ушундай кереметке өз көзүбүз менен күбө болуу жана ага катышуу чынында эле зор сыймык! Ушул жөнүндө ойлонгонубузда эч нерсеге алаксыбай Кудайдын Падышалыгын жарлоо ишине толугу менен көңүл топтогубуз келет.

Иса бир да нерсеге аны чындыкты жарыялашынан алаксытышына жол берген эмес (7-абзацты карагыла)

7. Көңүлүбүз дайыма кабар айтуу ишинде болушуна Исанын үлгүсү кантип жардам берет?

7 Көңүлүбүз дайыма кабар айтуу ишинде болушу үчүн Исанын үлгүсүнө да карманганыбыз зарыл. Ал өзүн чындыкты жарыялоо ишинен эч нерсенин алагды кылышына жол берген эмес (Жкн. 18:37). Шайтан «дүйнөдөгү бардык падышалыктарды жана алардын даңкын» сунуш кылганда да, эл аны падыша көтөрмөкчү болгондо да, азгырылган эмес (Мт. 4:8, 9; Жкн. 6:15). Аны дүнүйө-мүлк кызыктырган эмес. Элдин катуу каршылыгы да ага бут тосо алган эмес (Лк. 9:58; Жкн. 8:59). Ишенимибиз сыналганда көңүлүбүз кабар айтуу ишинен башка нерсеге ооп кетпешине элчи Пабылдын айткан сөздөрү жардам берет. Ал, «чарчап, алдан тайып калбашыбыз» үчүн, Исадан үлгү алганга үндөгөн (Евр. 12:3).

ЧЫДАМДУУ БОЛГУЛА

8. Чыдамдуулук деген эмне жана ал эмне үчүн өзгөчө азыр керек?

8 Чыдамдуулук кайсы бир нерсенин өзгөрүшүн сабыр сактап күтө билүүнү билдирет. Кайсы бир жаман жагдайдын өзгөрүшүн күтүп жүрөбүзбү же көптөн бери көксөп келген кыялыбыздын орундалышын күтүп жүрөбүзбү, кандай болбосун бизге чыдамдуулук керек. Мисалы, Хабакук пайгамбар Жүйүт жеринин зордук-зомбулуктан тазаланышын эңсеп келген (Хаб. 1:2). Исанын шакирттери болсо Кудайдын Падышалыгы ошол кезде орноп, Римдин эзүүсүнөн куткарат деп үмүттөнүшкөн (Лк. 19:11). Ал эми биз Кудайдын Падышалыгы бүт ыймансыздыкты жок кылып, адилдик гүлдөгөн жаңы дүйнөгө эшик ача турган убакты зарыгып күтүп жатабыз (2 Пет. 3:13). Анткен менен Жахаба белгилеп койгон убакыт келмейинче чыдамдуу болушубуз керек. Эми Жахаба бизди чыдамдуу болгонго кантип үйрөтүп жатканын карап чыгалы.

9. Жахабанын чыдамдуу экенин кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

9 Чыдамдуулугу жагынан Жахабага эч ким тең келбейт. Мисалы, ал Нух пайгамбарга кеме курганга жана Топон суу каптай турганын айтып элге эскерткенге жетиштүү убакыт берген (2 Пет. 2:5; 1 Пет. 3:20). Ыпыластыкка белчесинен баткан Содом менен Амор шаарларынын талкалаарын укканда анын чечиминин тууралыгына көзү жетпей кайра-кайра суроо берген Ыбрайым пайгамбарды да кунт коюп уккан (Башт. 18:20—33). Утур-утуру шерт бузган ысрайыл элине кылымдар бою чыдап келген (Нек. 9:30, 31). Ал эми биздин учурда өзүнө жаккан адамдарга өкүнгөнгө убакыт берип жатат (2 Пет. 3:9; Жкн. 6:44; 1 Тим. 2:3, 4). Жахабанын үлгүсү бизге да элге кабар айтканда, аларды окутканда чыдамдуу болгонго түрткү берет. Ал бизди Сөзүндө жазылган мисалдар аркылуу да чыдамдуулукка үйрөтөт.

Жанын тындырбаган дыйкандай болуп, эмгегибиздин үзүрүн күтөлү (10, 11-абзацтарды карагыла)

10. Жакып 5:7, 8ге ылайык, дыйкандардан эмнени үйрөнсөк болот?

10 Окугула: Жакып 5:7, 8. Дыйкан жөнүндөгү мисалдан чыдамдуулукка үйрөнсөк болот. Анткени айрым өсүмдүктөр дүркүрөп бат өссө, көбү, айрыкча түшүм бере тургандары жай өсөт. Аларды бышып жетилгиче күтүш керек болот. Байыркы Ысрайылда айдоо убагынан жыйым-теримге чейинки убакыт, болжолу, алты айга созулган. Дыйкандар үрөндү күзүндө биринчи жаан-чачындан кийин сээп, жазында жаан-чачын бүткөндө оруп алчу (Мр. 4:28). Андыктан дыйкандардай болуп чыдамдуу болгонубуз жакшы. Бирок бул оңой болбошу мүмкүн.

11. Чыдамкайлыктын кызматыбызга кандай пайдасы бар?

11 Жеткилең эмес болгондуктан кылган ишибиздин натыйжасын шак эле көргүбүз келет. Бирок жерибизден түшүм алгыбыз келсе, жер тээп, үрөн сээп, отоп, сугарып жаныбызды жай алдырбашыбыз керек. Шакирт даярдоо иши да так эле ошондой. Мисалы, биз окуткан адамдардын жүрөгүндөгү бейкалыстык, кайдыгерлик сыяктуу «отоо чөптөрдү» түп-тамыры менен жулганга бир топ убакыт кетет. Эгер чыдамдуу болсок, кимдир бирөө кабарыбызды укпай койгондо, шаабайыбызды суутпайбыз. Жакшы кабыл алган күндө да чыдамкай болушубуз кажет. Себеби Ыйык Китепти изилдеп жаткандарды рухий жактан зордоп өстүрө албайбыз. Атүгүл Исанын шакирттери да анын айткан сөздөрүнүн маанисин кээде дароо түшүнүшкөн эмес (Жкн. 14:9). Андыктан сээп, сугарган биз болсок да, өстүрө турган Кудай экенин эсибизден чыгарбайлы (1 Кор. 3:6).

12. Жахабага ишенбеген тууган-туушкандарыбызга кабар айтканда канткенде чыдамдуу болобуз?

12 Чыдамкайлыгыбыз Жахабага ишенбеген тууган-туушкандарыбызга кабар айтканда да сыналышы мүмкүн. Андайда Насаатчы 3:7деги: «Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар»,— деген сөздөр жардам берет. Аларга «унчукпай» деле жакшы жүрүм-турумубуз менен кабар айтсак болот, бирок албетте чындык жолу жөнүндө сүйлөшкөнгө түзүлгөн ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайбыз (1 Пет. 3:1, 2). Ооба, бардыгына, анын ичинде үйдөгүлөргө да, жан-дилден кабар айтып, окутканда чыдамкай болгонубуз маанилүү.

13, 14. Чыдамкайлык жагынан биз үлгү алчулардын айрымдары кимдер?

13 Ыйык Китепте жазылган байыркы жана азыркы Жахабага берилген кызматчылар да чыдамдуулук жагынан жакшы үлгү калтырышкан. Алсак, Хабакук пайгамбар эли-жери ыймансыздыктан арыла турган күндү самаган, ошентсе да: «Мен күзөт ордума турам»,— деп айтып чыдамкайлыгынан жазбаганын көрсөткөн (Хаб. 2:1). Пабыл болсо кызматынын «аягына чыгып», асмандагы сыйлыгын алууну эңсеген. Анткен менен «жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрө» берген (Элч. 20:24).

14 Гилат мектебин бүтүргөн бир жубайлардын мисалына токтололу. Алар саналуу эле Жахабанын Күбөсү бар жана элинин көбү Ыйык Китеп менен тааныштыгы жок өлкөгө жөнөтүлгөн. Ал жакта Ыйык Китепти изилдейм дегендер чанда эле кездешчү. Ал эми алардын башка өлкөлөрдөгү Гилат мектебинде чогуу окуган классташтары көптөр менен Ыйык Китепти изилдеп, алардын ийгилик кылып жаткандарын билдирип турушкан. Берки жубайлар алардын өлкөсүндө элдин көбү кулак какпаса да, чыдамкай болуп, кабар айта беришкен. Ошентип жүрүп 8 жыл дегенде «түшүм» бербечүдөй сезилген ал аймактан алар менен Ыйык Китепти изилдегендердин алгачкысы чөмүлгөн. Байыркы жана азыркы учурдагы ушул мисалдардын эмнеси окшош? Кудайга ишенимдүү ал адамдар басыгын жайлатып, кол куушуруп отуруп калышкан эмес. Жахаба аларга чыдамкайлыгы үчүн батасын берген. Андыктан биз да «ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында убадаларды алгандардан үлгү алалы» (Евр. 6:10—12).

ИШЕНИМИҢЕРДИ БЕК САКТАГЫЛА

15. Белибизди бек бууп, кабар айтканга ишенимибиз кандайча жардам берет?

15 Биз өзүбүз айткан кабарга бекем ишенебиз. Ошондуктан аны мүмкүн болушунча көптөргө жеткиргенге далалат кылабыз. Ошондой эле Кудайдын Сөзүндөгү убадалардын аткарыларына эч шектенбейбиз (Заб. 119:42; Ыш. 40:8). Себеби пайгамбарлар аркылуу алдын ала айтылган нерселердин учурда аткарылып жатканын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Ыйык Китептеги кеңештерге кулак каккандардын оңолуп жатканына да күбө болуп жатабыз. Ушундан улам Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ар бир адам угушу керек дегенге ого бетер ынанып келебиз.

16. Забур 46:1—3-аяттарга ылайык, Жахабага болгон ишенимибиз кабар айтканга болгон каалообузду кандайча күчөтөт? Исага болгон ишеним кантип жардам берет?

16 Биз айткан кабарыбыздын булагы болгон Кудайыбыз Жахабага жана Падышалыктын Падышасы болуп дайындалган Иса Машаякка да бек ишенебиз (Жкн. 14:1). Ошондуктан кандай кыйынчылыкка туш болбойлу, Жахаба дайыма баш маанабыз жана тирегибиз болуп берет. (Окугула: Забур 46:1—3.) Жахаба берген күчтү, бийликти колдонуп Иса да кабар айтуу ишин асмандан жетектеп жатканына күмөнүбүз жок (Мт. 28:18—20).

17. Эмне үчүн кабар айта беришибиз керек? Мисал келтиргиле.

17 Эгер ишенимибиз күчтүү болсо, Жахаба аракетибизге батасын берерине шектенбейбиз. Кээде бул биз күтпөгөндөй болуп калат (Нас. 11:6). Мисалы, адабият текчесинин жанынан күнүгө миңдеген кишилер агылып өтөт. Кабар айтуунун бул ыкмасы канчалык натыйжалуу? 2014-жылы ноябрь айында чыккан «Падышалык кызматыбызда» бир студент жөнүндө жазылган. Ал Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө дил баян жазгысы келип жүргөн. Бирок Падышалык залын таба албай койгон. Анан коллежинин короосунан адабият текчесин көрүп калып, Жахабанын Күбөлөрүнөн керектүү адабияттарды алган. Кийинчерээк Жахабанын Күбөсү болгон. Азыр болсо үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылат. Ушундай окуялардан улам ого бетер көбүрөөк кабар айткыбыз келет. Себеби алар Падышалык жөнүндөгү кабарга муктаждар дагы деле бар экенин далилдеп турат.

КОЛУҢАРДЫ ТЫНДЫРБАГЫЛА

18. Кабар айтуу иши Жахаба туура көргөн убакта соңуна чыгарынан эмне үчүн шектенбейбиз?

18 Падышалык тууралуу кабар айтуу иши өз убагында өтөсүнө чыгарынан шектенбейбиз. Нух пайгамбардын күндөрүн мисал кылалы. Жахаба ошондо бардык нерсени өз учурунда кыларын көрсөткөн. Ал Топон суу келе турган убакытты 120 жылдай мурун эле белгилеп койгон. Ошондон ондогон жылдар өткөн соң Нухка кеме курганга буйрук берген. Топон суу каптаганга чейин Нух, кыязы, 40-50 жыл бою бел чечпей кеме курган. Эл анын сөзүн капарына албаганына карабай, Жахаба жан-жаныбарларды кемеге киргиз деп айтканга чейин аларга эскерте берген. Анан так белгиленген маалда «Жахаба... эшикти жапкан» (Башт. 6:3; 7:1, 2, 16).

19. Колубузду тындырбасак, бизди эмне күтүп турат?

19 Жакында Жахаба Падышалык жөнүндөгү кабар айтуу ишин соңуна чыгарат. Ал Шайтандын азыркы дүйнөсүнүн «эшигин жаап», бизди адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөгө алып кирет. Ага чейин колун тындырбаган Нух, Хабакук пайгамбарлардан жана башкалардан үлгү ала берели. Эмесе, кабар айтуу ишине бүт көңүлүбүздү топтойлу, чыдамдуу бололу, Жахабага жана анын убадаларына ишенимибизди бек сактайлы.

75-ЫР: «Мен барам, мени жибер»

^ 5-абз. Буга чейинки макалада Ыйык Китепти изилдеп жаткандар Исанын чакырыгын кабыл алып, адам уулоочу болгонго үндөлгөн. Ал эми бул макалада болсо бардыгына — жаңыдан жарчы болгондорго да, дасыгып калгандарга да — жакшы кабарды жарыялоо ишин Жахаба бүттү дегиче аткарып, аягына чыгарганга кайсы үч нерсе жардам берери талкууланат.

^ 2-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ: Бул макалада «колуңду... тындырба» деген сөз Жахаба өзү бүттү дегиче жакшы кабарды талыкпай айта беришибиз керектигин билдирет.

^ 5-абз. «Мырзабыздын күнү» Иса 1914-жылы падышалык такка отурганда башталган жана Миң жылдык башкаруусунун аягына чейин созулат.