Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Насаатчы 5:8де адам баласынын башкаруучулары тууралуу эле айтылганбы же Жахаба Кудай жөнүндө да айтылганбы?

Бул кызыктуу аятта мындай делет: «Эгерде кайсы бир дубанда жакырлардын кысымга алынып, акыйкаттык менен адилдиктин тебеленип жатканын көрсөң, таң калба. Себеби бийлиги бардын үстүнөн аныкынан да чоң бийлиги бар карап турат. Баарынын үстүнөн өздөрүнөн жогору тургандар бар» (Нас. 5:8).

Адамдын көз карашы менен караганда, бул аятта мамлекеттик бийликтеги адамдар жөнүндө эле сөз жүрүп жаткандай көрүнөт. Бирок тереңирээк ой жүгүртө турган болсок, Жахаба жөнүндө да айтылып жатканын биле алабыз. Бул ой бизди сооротуп-жубатпай койбойт.

Насаатчы 5:8де кедей-кембагалды кысымга алып, акыйкаттыкты тебелеп-тепселеген башкаруучу жөнүндө кеп кылынат. Андай башкаруучу бир нерсени унутпашы керек: анын үстүнөн андан да жогорку абалды ээлеген же бийликке ээ болгон бирөө карап турат. Бирок андан да жогору тургандар табылат. Өкүнүчтүүсү, адамдар негиздеген өкмөттөрдө бийлиги барлардын баары сатылма, паракор болушу мүмкүн, ошондуктан карапайым эл бийликтин ар катмарында адилетсиздикке туш болот.

Анткен менен туюкка кептелгендей сезилген күндө да, бизди жубаткан бир нерсе бар: Жахаба мамлекеттеги атүгүл эң жогорку бийликтегилердин да үстүнөн карап турат. Андыктан андан жардам сурап жалбарып, жүгүбүздү ага артсак болот (Заб. 55:22; Флп. 4:6, 7). Анткени анын «өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турарын» билебиз (2 Жылн. 16:9).

Демек, Насаатчы 5:8де адам баласы түзгөн өкмөттөрдө өкүм сүргөн жагдай таамай сүрөттөлгөн: бирөөнүн үстүнөн сөзсүз андан да зоболосу зор дагы бирөө болот. Баарынан да маанилүүсү, бул аят эң жогорку бийлик эң бийик турган Жахабанын колунда экенин эске салып турат. Ал азыркы тапта өзүнүн бийлигин Уулу Иса Машаяк аркылуу — Падышалыктын Падышасы аркылуу — жүргүзүп жатат. Накта акыйкаттык менен накта адилеттүүлүк жогорудан баарына көз салып турган Кудурети Чексиз Жахабага жана анын Уулуна таандык!