Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

38-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Тынччылыктан пайдалана билгиле

Тынччылыктан пайдалана билгиле

«Жахаба аны тегерегиндеги душмандарынан коргоп, тынчтык бергендиктен, ошол жылдары эч ким аны менен согушкан жок» (2 ЖЫЛН. 14:6).

60-ЫР: Тил алгандар куткарылат

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахабага кызмат кылуу качан кыйын?

ЖАХАБАГА кайсы убакта кызмат кылуу оңой? Кыйынчылык желкеден басып тургандабы же жайчылыктабы? Кыйын мезгилде, албетте, бар үмүтүбүз Жахабадан гана болуп калат. Бирок баары телегейи тегиз болуп тургандачы? Андайда Кудайга кызмат кылуу канчалык маанилүү экенин этибарга албай калбайбызбы? Ошондой болуп калышы мүмкүн экенин Жахаба ысрайылдыктарга эскерткен (Мыйз. 6:10—12).

Жалган кудайларга сыйынууну жок кылганга катуу киришкен Аса падыша (2-абзацты карагыла) *

2. Аса падыша кандай үлгү көрсөткөн?

2 Акылдуулук кылып Жахабаны аска-зоосу көргөндөрдүн бири Аса падыша болгон. Ал Жахабага мүшкүл күнгө калганда эле эмес, бейпилчиликте да сыйынган. Жаштайынан «Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылган» (1 Пад. 15:14). Анын Кудайга толугу менен берилгени эмнеден көрүнгөн? Мисалы, ал Жүйүт жерин жалган сыйынуудан бүт бойдон тазалаган. Ыйык Китепте: «Бөтөн жерликтердин кудайларынын курмандык жайлары менен бийик жерлерди талкалап, ыйык мамыларды кыйратып, ыйык устундарды кыйып салды»,— делет (2 Жылн. 14:3, 5). Ал тургай чоң энеси Мааханы канышалык наамынан ажыратып салган. Себеби ал бурканга табынуучулукту жактап-колдогон (1 Пад. 15:11—13).

3. Бул макаладан эмнелерди билебиз?

3 Аса жалган кудайларга сыйынууну жок кылып эле тим болгон эмес. Ал жүйүттөргө Жахабага кайрылып келгенге жардам берип, таза сыйынууга үгүттөгөн. Ошондуктан Жахаба Асага да, элге да тынчтык берген *. Аса падышанын тушунда анын жеринде он жыл бою «тынчтык өкүм сүргөн» (2 Жылн. 14:1, 4, 6). Бул макалада Асанын ошондой бейпил мезгилден кантип пайдаланганын карап чыгабыз. Андан соң Асага окшоп акылдуулук кылган Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын үлгүсүн талдайбыз. Акырында болсо Жахабага эркин сыйынганга тыюу салынбаган өлкөдө жашап жатсаңар, ошондой учурдан кантип пайдаланса болорун талкуулайбыз.

АСАНЫН ҮЛГҮСҮ

4. 2 Жылнаама 14:2, 6, 7-аяттарга ылайык, Аса тынч убакты кантип колдонгон?

4 Окугула: 2 Жылнаама 14:2, 6, 7. Аса элге аларды тегерегиндеги душмандардан коргоп, «тынчтык берген» Жахаба экенин айткан. Аса ошол маалды жашоонун ыракатына батып, сайран кура турган убактай көрдү беле? Жок, ал шаарларды, дубалдарды, мунараларды, дарбазаларды курганга киришкен. Ал жүйүттөргө: «Жер азыр бизге таандык»,— деген. Муну менен эмне дегиси келген? Алка-жакадан ала турган жоо жокто, эл Кудай берген жерде ээн-эркин жүрө алмак жана курулуш ишин жүргүзө алмак. Ошондуктан падыша элди тынччылыкты колдонуп калганга үндөгөн.

5. Аса эмне үчүн аскерин чыңдаган?

5 Аса убакытты текке кетирбей аскерин да чыңдаган (2 Жылн. 14:8). Бул анын Жахабага таянбаганын билдиргенби? Жок. Ал элин алдыда болушу мүмкүн болгон апаатка даярдоо падышалык милдети экенин жакшы түшүнгөн. Жүйүт жериндеги тынчтык түбөлүк созула бербесин, акыры бир күнү душман кол саларын билген. Анан чынында эле ошондой болгон.

ИСАНЫН АЛГАЧКЫ ЖОЛДООЧУЛАРЫНЫН ҮЛГҮСҮ

6. Исанын алгачкы жолдоочулары бейкапар жашаган убактысын кантип колдонушкан?

6 Исанын алгачкы жолдоочулары көп куугунтукталышса да, бейкапар жашаган убагы да болгон. Алар ошол убакыттан кантип пайдаланышкан? Кудайга берилген ал эркек-аялдар тыным албай жакшы кабарды таратышкан. Элчилер китебинде алардын «Жахабадан корккон» адамдар болгондугу айтылган. Алар жан-жигерин төшөп, талыкпай кабар айта беришкендиктен, «шакирттердин саны өсө» берген. Жахабанын алардын ошол аракетине батасын бергени шексиз (Элч. 9:26—31).

7, 8. Пабыл менен ишенимдештери эмне кылышкан? Түшүндүргүлө.

7 1-кылымдагы шакирттер бир да мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай жакшы кабарды жарыялашкан. Алсак, Пабыл Эфес шаарында жүргөндө эшик кенен ачылганын, башкача айтканда, көптөргө кабар айтканга жакшы шарт түзүлүп жатканын түшүнгөндө шаарда калып калган (1 Кор. 16:8, 9).

8 Б.з. 49-жылы сүннөткө отургузууга тиешелүү маселе чечилгенде, Пабыл менен ишенимдештеринде кабар айтканга дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк пайда болгон (Элч. 15:23—29). Чечим жыйналыштарга билдирилгенден кийин, алар «Жахабанын сөзү тууралуу жакшы кабар жарыялаганга» бүт күчүн салышкан (Элч. 15:30—35). Мунун натыйжасы кандай болгон? Ыйык Китепте: «Бир туугандардын ишеними бекемделип, жыйналыштар сан жагынан күндөн күнгө өсүп жатты»,— делет (Элч. 16:4, 5).

АЗЫРКЫ ТЫНЧ МЕЗГИЛДЕН ПАЙДАЛАНАЛЫ

9. Азыркы тапта көптөгөн өлкөлөрдө жагдай кандай жана эмне жөнүндө ойлонуп көрсөк болот?

9 Ушу тапта көптөгөн жерлерде кабар айтканыбызга эч ким деле бут тоспойт. Силер да дин тутуу эркиндиги сыйланган өлкөдө жашайсыңарбы? Анда: «Эркиндиктен кантип пайдаланып жатам?» — деп ойлонуп көргүлө. Жахабанын эли тарыхтагы эң бир кызыктуу күндөрдү өткөрүп жатат. Себеби кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши кулачын кенен жаюуда (Мр. 13:10). Азыр Жахабага кызмат кылганга толгон-токой мүмкүнчүлүктөр бар.

Көптөр башка өлкөдө кызмат кылганынын же башка тилде сүйлөгөндөргө кабар айтканынын аркасында Кудайдан мол бата алып жатышат (10—12-абзацтарды карагыла) *

10. 2 Тиметей 4:2де эмне кылганга чакырылабыз?

10 Учурдагы бейпилчиликте эмне кылсаңар болот? (Оку: 2 Тиметей 4:2.) Жагдайыңарды жакшылап таразалап көрүп, өзүңөр же үй-бүлөңөрдөн кимдир бирөө кызматка көбүрөөк убакыт жумшай алабы, мисалы, пионер боло алабы? Азыр дүнүйө-мүлк топтой турган убак эмес, себеби улуу алааматта анын баары калат (Накыл 11:4; Мт. 6:31—33; 1 Жкн. 2:15—17).

11. Айрымдар башкаларга Жахаба жөнүндө билим бериш үчүн эмне кылып жатышат?

11 Башкаларга Жахаба жөнүндө билим бериш үчүн тил үйрөнүп жаткан жарчылар арбын. Барган сайын көбүрөөк тилде кабар айтышыбыз үчүн, Кудайдын уюму көп адабияттарды чыгарып жатат. Алсак, 2010-жылы адабияттарыбыз 500дөй тилде чыгарылса, азыр 1 000ден ашып кетти!

12. Кудайдын Сөзүн эне тилинде укканы элге кандай таасир этиши мүмкүн? Мисал келтиргиле.

12 Кудайдын Сөзүн эне тилинде укканы элге кандай таасир этет? АКШнын Мемфис шаарында өткөрүлгөн региондук жыйынга катышкан киньяруанда тилинде сүйлөгөн бир ишенимдешибиздин мисалын карап көрөлү. Жыйын Руанданын, Конгонун (Киншаса) жана Уганданын негизги тили болуп саналган киньяруанда тилинде өткөрүлгөн. Жыйындан кийин ал: «Кошмо Штаттарга көчүп келгениме 17 жылдын жүзү болду. Көчүп келгенимден бери рухий программаны биринчи жолу толугу менен түшүндүм»,— деген. Ооба, өзүнүн эне тилинде уккандары бул бир тууганыбыздын жүрөгүнүн тереңине жеткен. Силердин жергеңердеги башка тилде сүйлөгөндөргө жардам бериш үчүн тилин үйрөнө аласыңарбы? Эгер алар кабарды өз эне тилинде укса, көбүрөөк кулак салганга түрткү алышы мүмкүнбү? Жумшаган андай аракетиңердин акыбети кайтары бышык.

13. Орусиядагы ишенимдештерибиз тынч мезгилди кантип колдонушкан?

13 Бирок ишенимдештерибиздин баары эле эркин кабар айта алышпайт. Кабар айтуу ишине чоң бөгөт койгон өлкөлөр да бар. Мисалга Орусиядагы ишенимдештерибизди алалы. Ондогон жылдар бою куугунтук жеген соң алар 1991-жылы март айында расмий түрдө катталышкан. Ошол кезде ал жактагы жарчылардын саны 16 000дей эле болчу. Ал эми жыйырма жылдан кийин 160 000ге жеткен! Ооба, алар кабар айтуу эркиндигин эң сонун колдонуп калышкан. Себеби тынч заман көпкө созулган жок. Ошентсе да ынтасы басаңдап калган жок. Алар азыр деле болгон мүмкүнчүлүгүнүн баарын толук колдонуп жатышат.

ДАЙЫМА ЭЛЕ ТЫНЧ БОЛО БЕРБЕЙТ

Аса падышанын тилегин угуп Жахаба Жүйүт жерин селдей каптаган кара колду жеңгенге жардам берген (14, 15-абзацтарды карагыла)

14, 15. Жахаба кудуреттүү экенин кантип көрсөткөн?

14 Асанын күндөрүндөгү тынч заман да акыры аяктаган. Жүйүт жерин Эфиопиядан келген 1 миллион жоокерден турган кылкылдаган кара кол селдей каптап кирген. Зерак аттуу аскер башы жүйүттөрдүн таш-талканын чыгарарына түк да күмөн санаган эмес. Бирок Аса жеңиш аскердин көптүгүнөн эмес, Жахабадан экенин билген. Ал андан: «Жахаба Кудайыбыз, бизге жардам бере көр, биз сага таянабыз. Бул сансыз элге да сенин ысмың менен каршы чыктык»,— деп тиленген (2 Жылн. 14:11).

15 Эфиопиялык аскердин саны дээрлик эки эсе көп болсо да, Аса Жахабанын өз элине жардам бергенге кудуреттүү экенин жакшы билген. Анын Жахабага болгон ишеними акталган: жер жайнаган эфиопиялыктар бир заматта жеңилип маскара болушкан (2 Жылн. 14:8—13).

16. Кудайдын элинин тынчтыгы көпкө созулбай турганын каяктан билебиз?

16 Келечекте ар бирибизди эмне күтүп турганын эч ким айта албайт. Бирок бир билгенибиз — Кудайдын элинин тынчтыгы көпкө созулбайт. Иса акыркы күндөрү анын шакирттери «бардык элдерге жек көрүндү болорун» алдын ала айткан (Мт. 24:9). Пабыл да «Машаяк Исанын шакирттери катары Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары куугунтукталарын» айткан (2 Тим. 3:12). Шайтандын азыр «катуу каарданып» жаткан учуру. Ошондуктан анын каары менден кыя өтөт деп ойлосок, өзүбүздү алдаган болобуз (Аян 12:12).

17. Келечекте ишенимибиз кантип сыналышы мүмкүн?

17 Алдыда баарыбыздын кынтыксыздыгыбыз сынала турган күндөр келатат. Жакында «дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алаамат болот» (Мт. 24:21). Ошол кезде жакындарыбыз бизге каршы чыгышы жана ишибизге тыюу салынышы мүмкүн (Мт. 10:35, 36). Ошондо Асага окшоп Жахабанын бизди коргоп каларына ишенебизби?

18. Еврейлер 10:38, 39га ылайык, коогалаңдуу күндөргө даяр болгонго эмне жардам берет?

18 Жахаба бизди ошол коогалаңдуу күндөргө рухий жактан даярдап жатат. Күч-кубатыбыздан тайып калбашыбыз үчүн, ал «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу бизге «өз убагында тамак берип» жатат (Мт. 24:45). Бирок Жахабага болгон ишенимибиз козголгус болушу үчүн, өзүбүздүн да аракетибиз күчтүү болушу керек. (Окугула: Еврейлер 10:38, 39.)

19, 20. 1 Жылнаама 28:9га ылайык, эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек жана эмне үчүн?

19 Асадай болуп, биз да Жахабаны «издешибиз» керек (2 Жылн. 14:4; 15:1, 2). Биз аны таанып-билип, чөмүлгөндө издей баштаганбыз. Ошондон бери ага болгон сүйүүбүздү чыңдаш үчүн колубуздан келгендин баарын кылып жатабыз. Ошентсе да өзүбүздү текшерип көрүш үчүн: «Жыйналышка үзбөй барып турамбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Жахабанын уюму уюштуруп жаткан жыйналыштарга барганда жаныбыз сергийт, бири-бирибиз менен көрүшүп черибиз жазылат (Мт. 11:28). Мындан тышкары: «Ыйык Китепти күндө окуймунбу? Үй-бүлөлүү болсок, үй-бүлөлүк сыйынууга жума сайын убакыт бөлөбүзбү? Ал эми жалгыз турсам, өздүк изилдөөгө жума сайын убакыт бөлөмбү? Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине колуман келишинче көбүрөөк катышамбы?» — деп да ойлонуп көргөнүбүз жакшы.

20 Эмне үчүн ушинтип ойлонушубуз керек? Себеби Ыйык Китепте Жахабанын оюбузда, жүрөгүбүздө эмне бар экени сынап текшере турганы айтылган. Демек, биздин да ошенткенибиз дурус. (Окугула: 1 Жылнаама 28:9.) Эгер мүдөө-максаттарыбызды, оюбузду өзгөртүшүбүз керектигин байкасак, Жахабадан жардам сураганыбыз оң. Ооба, азыр алдыдагы сыноолорго даярдана турган убак. Андыктан акылдуулук кылып ушул тынч мезгилден пайдаланалы!

62-ЫР: Жаңы ыр

^ 5-абз. Жашаган жериңерде Жахаба Кудайга ээн-эркин кызмат кылып жатсаңар, ошондой тынччылыктан пайдаланып жатасыңарбы? Бул макалада биз Жүйүт жеринин падышасы Асадан жана Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынан кандай үлгү алсак болорун билебиз. Алар бейпил убакыттан туура пайдаланышкан.

^ 3-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ: «Тынчтык» деген сөз согуш болбогон убакытты эле билдирбейт. Еврей тилинде бул сөз сак-саламаттыкты, коопсуздукту, бейкамдыкты да туюнтат.

^ 57-абз. СҮРӨТ. Жалган сыйынууну жактап-колдогону үчүн чоң энесин канышалык наамынан ажыратып салган Аса падыша. Анын берилген кишилери аны колдоп буркандарды кыйратып жатышат.

^ 59-абз. СҮРӨТ. Жарчылар көбүрөөк керек жерде кызмат кылыш үчүн жашоосун жөнөкөйлөткөн ынталуу жубайлар.