Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабанын дайыма туура иш кыларына ишенесиңерби?

Жахабанын дайыма туура иш кыларына ишенесиңерби?

«Ал — Аска, анын иштери жеткилең, жолдорунун баары адилет. Ал — ишенимдүү Кудай, эч качан адилетсиздик кылбайт, ал адил, чынчыл» (МЫЙЗ. 32:4).

3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Эмне үчүн бүгүнкү күндө көптөр бийликтегилерге ишенишпейт? б) Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ көптөр бийлик башындагыларга анча ишене беришпейт. Себеби атка минерлердин, соттордун байлар менен бийлиги барларга тартып коёрун, кедейлерге болсо калыстык кылбай турганын көрүп келатышат. Ыйык Китепте бул туурасында: «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет»,— деп таамай айтылган (Нас. 8:9). Ал эми айрым дин төбөлдөрү бийлик башындагылардан ашып түшпөсө эле, кем калышпайт. Ошонун айынан кээ бирлер Кудайга ишенбей калды. Ошол себептен биз менен Ыйык Китепти изилдегендерге Жахабага жана анын жердеги өкүлдөрүнө ишеним артканды үйрөтүү оңой-олтоң иштерден эмес.

2 Бирок Жахабага жана анын уюмуна ишеним артканды өзүбүз да үйрөнүшүбүз керек. Атүгүл Жахабага көп жылдардан бери кызмат кылып келаткандар да анын дайыма туура иш кыларына ишенбей калгандан сак болушу зарыл. Кээде Жахабага канчалык ишенерибизди айкын кыла турган жагдайларга кабылышыбыз мүмкүн. Бул макалада ошондой үч жагдайга токтолобуз: 1) Ыйык Китепти окуп жатканда, 2) Жахабанын уюмунан көрсөтмө берилгенде, 3) келечекте кыйынчылыктарга туш болгондо.

ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУП ЖАТКАНДА

3. Ыйык Китепти окуп жатканда Жахабанын чечимдерине ишеним артабызбы, жокпу, кандайча айкын болот?

 3 Ыйык Китепти окуп жатканда: «Жахаба эмне үчүн айрымдарга мындай мамиле кылган? Эмне үчүн минткен?» — деген сыяктуу суроолор туулушу мүмкүн. Мисалы, Сандар китебинен Жахабанын Ишемби күнү отун чогултуп жүргөн ысрайылдыкты өлүмгө кыйганын билебиз. Ал эми 2 Шемуел китебинен ойноштук кылган, киши өлтүргөн Дөөтү падышаны кечиргенин окуйбуз (Сан. 15:32, 35; 2 Шем. 12:9, 13). Ушундан улам: «Эмне үчүн Жахаба оор күнөө кылган Дөөтүгө ырайым кылып, анча деле олуттуу күнөө кетирбегендей сезилген ысрайылдык кишиге өлүм өкүмүн чыгарган?» — деп ойлонушубуз мүмкүн. Бул суроого жооп алыш үчүн Ыйык Китепти окуп жатканда үч нерсени эске алышыбыз керек. Анда ошолорго токтололу.

4. Башталыш 18:20, 21ге жана Мыйзам 10:17ге ылайык, Жахабанын чечимдери дайыма туура экенине эмне үчүн бекем ишенсек болот?

4Ыйык Китепте окуянын чоо-жайы дайыма эле майда-чүйдөсүнө чейин айтыла бербейт. Мисалы, биз Дөөтүнүн күнөөсү үчүн чын жүрөктөн өкүнгөнүн билебиз (Заб. 51:2—4). Бирок Ишембиге байланышкан мыйзамды бузган ысрайылдыктын кандай киши болгонун билбейбиз. Ал кылган ишине өкүнгөнбү? Жахабанын мыйзамын мурда да бузганбы? Мурда берилген эскертүүлөргө кулак какчу беле же аларды атүгүл четке кагып келгенби? Бул туурасында Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Анткен менен бир нерседен түк да шектенбесек болот: Жахаба «эч качан адилетсиздик кылбайт» (Мыйз. 32:4). Адатта, адамдар ушак-айыңга, башкалар жөнүндөгү терс көз караштарга же дагы башка нерселерге таянып туура эмес жыйынтык чыгарып коюшат. Ал эми Жахаба алардан айырмаланып, чечимдерин бардык нерсени эске алып чыгарат. (Окугула: Башталыш 18:20, 21; Мыйзам 10:17.) Эгер Жахаба жана анын мыйзам-талаптары жөнүндө көбүрөөк биле берсек, анын дайыма туура иш кыларына ошончолук көбүрөөк ишене беребиз. Ыйык Китепте айрым окуяларга байланыштуу азырынча жообу белгисиз суроолор бар. Бирок Кудайыбыз жөнүндөгү билимибиз жетиштүү болгондуктан анын «бардык жолдору адил» экенинен күмөн санабайбыз (Заб. 145:17).

5. Бир нерсеге калыс баа бергенге жеткилең эместигибиз кандай таасир этет? (« Пенде болгондуктан туура баа бере албайбыз» деген кутучаны карагыла.)

5Жеткилең эмес болгондуктан кайсы бир нерсеге дайыма эле калыс баа бере албайбыз. Биз Кудайдын сапаттарын чагылдыра ала тургандай болуп жаратылгандыктан ар бир адамга калыс мамиле кылынышын самайбыз (Башт. 1:26). Анткен менен күнөөкөр пенде болгон үчүн баарын билебиз деп ойлогон күндө да калыссыздык кылып коюшубуз мүмкүн. Мисалга Жунус пайгамбарды эстесеңер. Жахаба нинебиликтерге ырайым кылам деп чечкенде, ал катуу нааразы болгон (Жун. 3:10—4:1). Бирок Жахабанын ошол чечиминин натыйжасы кандай болгон? Кылгандарына өкүнгөн 120 000ден ашуун нинебилик аман калган! Демек, элге карата Жахабанын көз карашы эмес, Жунустун көз карашы калыстыкка жаткан эмес.

6. Жахаба чечимдеринин себебин түшүндүрүп бергенге эмне үчүн милдеттүү эмес?

6Жахаба эмне үчүн мындай же тигиндей чечим чыгарганын түшүндүрүп бергенге милдеттүү эмес. Ооба, байыркы учурда айрым кызматчыларынын ал чыгарган же чыгарайын деп жаткан чечимдерине карата түпөйүл кылган ойлорун уккан (Башт. 18:25; Жун. 4:2, 3). Кээде себебин түшүндүрүп берүүнү да туура көргөн (Жун. 4:10, 11). Бирок Жахаба бизге чечимдеринин себебин ар дайым эле түшүндүрүп бергенге милдеттүү эмес. Жаратканыбыз болгондуктан кайсы бир ишти кыларда же кылгандан кийин биздин макулдугубузга же колдообузга муктаж эмес (Ыш. 40:13, 14; 55:9).

КӨРСӨТМӨ БЕРИЛГЕНДЕ

7. Биз үчүн эмне кыйын болушу мүмкүн жана эмне себептен?

7 Жахабанын дайыма туура иш кыларына бизде кымындай да шек жок. Бирок анын жердеги өкүлдөрүнө ишеним артабызбы? Бизге мына баарынан да ошол кыйын болушу мүмкүн. Балким: «Жахабанын уюмунда кандайдыр бир жооптуу милдетти аркалагандар Жахабанын жетекчилигине ылайык иш кылып жатабы же өз билгениндей кылып жатабы?» — деген ойлор келиши мүмкүн. Байыркы убактагы Жахабанын айрым кызматчылары да ушинтип ойлошу мүмкүн болчу. Анда  3-абзацта кеп кылынган эки окуяга кайрадан токтололу. Ишембиге байланышкан мыйзамды бузган кишинин тууганы: «Муса өлүм өкүмүн чыгарардан мурун чындап эле Жахаба менен кеңештиби беле?» — деп ойлонушу мүмкүн эле. Ал эми аялы Дөөтү менен ойноштук кылган Урийдин досуна: «Падыша болгон үчүн эле Дөөтү өлүм жазасынан качып кутулуп кеткен жокпу?» — деген ойлор келиши мүмкүн болчу. Демек, кептин төркүнү мында: эгер Жахаба ишенген адамдарга ишенбесек, анда Жахабанын өзүнө ишенем деп айта албайбыз.

8. Биринчи кылымдагы жыйналыш менен азыркы күндөгү жыйналыштын кандай окшоштугу бар? (Элчилер 16:4, 5)

8 Азыркы тапта Жахаба өзүнүн уюмунун жердеги бөлүгүн «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу жетектеп жатат (Мт. 24:45). Биринчи кылымдагы жетектөөчү кеңештей эле, ал кул дүйнөнүн чар тарабындагы Кудайдын элин көзөмөлдөп, жыйналыштын аксакалдарына көрсөтмөлөрдү берип турат. (Окугула: Элчилер 16:4, 5.) Ал эми аксакалдар өз кезегинде ошол көрсөтмөлөргө тыгыз карманышат. Эгер уюмдан жана аксакалдардан келген көрсөтмөлөргө баш ийсек, Жахабанын дайыма туура иш кыларына ишеним артарыбызды көрсөтөбүз.

9. Аксакалдардын чечимине баш ийиш кайсы учурларда кыйын болот жана эмне үчүн?

9 Кээде аксакалдар чыгарган чечимдерге баш ийиш кыйын болушу мүмкүн. Алсак, акыркы жылдары көптөгөн жыйналыштар бириктирилип, башка райондордун карамагында болуп калды. Айрым жерлерде Падышалык залындагы бош орундарды толтуруш үчүн аксакалдар айрым жарчылардан башка жыйналыштарга которулушун суранышкан. Эгер бизден да ошентишибизди суранышса, досторубузду, туугандарыбызды калтырып, жаңы жыйналышка которулуш оңой болбошу мүмкүн. Кайсы жарчыны кайсы жыйналышка которууну аксакалдарга Кудай түзмө-түз айтпайт. Ошол себептен алардын көрсөтмөсүнө баш ийиш оңойго турбашы мүмкүн. Бирок Жахаба аксакалдардын ушул сыяктуу маселелерде туура чечим чыгара аларына ишенет. Аларга биз да ишенишибиз керек *.

10. Еврейлер 13:17ге ылайык, аксакалдар менен кызматташканыбыз эмне үчүн маанилүү?

10 Аксакалдардын чечими биздин оюбуздагыдай болбой калганда алардын өзүн да, чечимдерин да колдогонубуз эмне үчүн маанилүү? Ошентсек, Кудайдын элинин арасында биримдикке өбөлгө түзөбүз (Эф. 4:2, 3). Баары момун болуп, аксакалдар кеңеши чыгарган чечимдерди чын жүрөктөн колдосо, жыйналыш гүлдөп-өсөт. (Окугула: Еврейлер 13:17.) Баарынан маанилүүсү, бизге баш-көз болгонго дайындалгандар менен тыгыз кызматташсак, Жахабага ишеним артарыбызды көрсөтөбүз (Элч. 20:28).

11. Аксакалдарга ишенгенге эмне жардам берет?

11 Аксакалдар жыйналышка таасир эте турган маселелерди карап жатканда Кудайдан ыйык рух сурап тиленерин унутпашыбыз керек. Эгер ошентсек, алар берген көрсөтмөлөрдүн тууралыгына түк да күмөн санабайбыз. Андан тышкары, аксакалдар кайсы бир маселени карап жатканда ошого тиешелүү Ыйык Китептеги принциптерди жана Жахабанын уюму берген көрсөтмөлөрдү кылдат талкуулашат. Алар биринчи кезекте Жахабага жагууну көздөйт. Ошондой эле Кудайдын элине мүмкүн болушунча эң жакшы жол менен кам көргүсү келет. Кудайга берилген ал эркектер милдеттерин кандай аткарып жатканы үчүн Кудайдын алдында жооп берерин жакшы билишет (1 Пет. 5:2, 3). Көңүлгө аларлык нерсе, бул дүйнөдөгү адамдар расасына, улутуна, туткан динине жана саясий көз карашына карап бөлүнүп-жарылып жатат. Ал эми Жахабанын эли бир муштумдай биригип, жалгыз Кудайга сыйынып келет. Жахаба өз уюмуна батасын берип жаткандыктан так ушундай болуп жаткан жокпу?!

12. Аксакалдар адамдын өкүнүп жаткан-жатпаганын кантип аныкташат?

12 Жахаба аксакалдарга абдан олуттуу милдет арткан. Алар жыйналышты таза сакташы керек. Эгер Кудайдын кызматчысы олуттуу күнөө кылса, Жахаба аксакалдардын аны жыйналыштан чыгарыш керекпи же жокпу, чечишин каалайт. Баарынан мурда аксакалдар анын күнөөсүнө чындап өкүнүп жаткан-жатпаганын аныкташы керек. Балким, ал өкүнүп жатканын айтышы мүмкүн. Бирок жаман ишинен чын эле жийиркенип жатабы? Катасын кайталабаганга бел байладыбы? Жаман ишке барышына чөйрөсү себеп болгон болсо, алардан таптакыр оолак болгонго чечкиндүүбү? Аксакалдар тиленип алып, ошол ишке тиешелүү нерселердин баарын Ыйык Жазмага таянып карап чыгышат. Күнөө кылган кишинин кылган ишине карата көз карашын да эске алышат. Ошондон кийин гана анын жыйналышта калар-калбасын чечишет. Айрым учурда аны жыйналыштан чыгарууга туура келет (1 Кор. 5:11—13).

13. Тууганыбыз же досубуз жыйналыштан чыгарылып калса, эмне деп түпөйүлдөнүшүбүз мүмкүн?

13 Аксакалдарга ишенер-ишенбесибиз кайсы учурларда билиниши мүмкүн? Жыйналыштан чыгарылган киши тууганыбыз же досубуз болбосо, аксакалдардын чечимин шак эле туура көрүшүбүз мүмкүн. Бирок ал жакын санаалашыбыз болсочу? Андайда: «Аксакалдар бардык нерсени жакшылап карап чыгыштыбы? Жахаба туура көргөндөй чечим чыгарыштыбы?» — деп түпөйүлдөнүшүбүз ыктымал. Анда аксакалдардын чечимин туура кабыл алганга эмне жардам берет?

14. Эгер аксакалдардын чечими жакын адамыбызга тиешелүү болсо, туура көз карашта болгонго эмне жардам берет?

14 Жыйналыштан чыгаруу Жахаба киргизген чара экенин жана ал чара жыйналышка да, күнөө кылган кишиге да пайдасын тийгизерин эч качан унутпашыбыз керек. Эгер күнөөсү үчүн өкүнбөгөн киши жыйналышта кала берсе, башкаларга терс таасир тийгизет (Гал. 5:9). Андан тышкары, канчалык жаман иш кылганын түшүнбөй, ой жүгүртүүсүн өзгөртпөшү мүмкүн. Кайрадан Жахабанын ырайымына ээ болуш үчүн иш-аракет кылбай жүрө бериши да ыктымал (Нас. 8:11). Аксакалдар кимдир бирөөнү жыйналыштан чыгарар-чыгарбасын чечип жатканда бул маселеге олуттуу караарына толук ишенишибиз керек. Байыркы Ысрайылдагы соттор сыяктуу эле, алар «адамдардын эмес, Жахабанын атынан сот жүргүзөрүн» билишет (2 Жылн. 19:6, 7).

КЕЛЕЧЕКТЕ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА ТУШ БОЛГОНДО

Улуу алааматта берилген көрсөтмөлөргө толук ишенип, баш ийгенге эмне жардам берет? (15-абзацты карагыла)

15. Эмне үчүн азыртадан Жахабанын жетекчилигине баш ийгенибиз болуп көрбөгөндөй маанилүү?

15 Бул замандын акыры жакындаган сайын, Жахабанын дайыма туура иш кыларына ого бетер ишеним артышыбыз керек. Себеби улуу алааматта бир кызыктай, бизге тиешеси жоктой же акылга сыйбагандай сезилген көрсөтмөлөрдү алышыбыз мүмкүн. Албетте, ал учурда Жахаба бизге түзмө-түз сүйлөбөйт. Көрсөтмөлөрүн дайындалган өкүлдөрү аркылуу берери күмөнсүз. Ал учур: «Бул көрсөтмө чындап эле Жахабадан келип жатабы же дайындалган эркектер өз билгендей иш кылып жатабы?» — деп шектене турган же сындай турган учур болбойт. Адамзат тарыхындагы ошондой өзгөчө маалда Жахабага жана анын уюмуна ишенесиңерби? Бул Жахабанын жетекчилигине азыр кандай баш ийип жатканыңардан көз каранды болот. Берилип жаткан көрсөтмөлөргө азыртадан буйдалбастан баш ийсеңер, улуу алааматта да ошентериңер турган иш (Лк. 16:10).

16. Жакында Жахабанын өкүмдөрүнүн тууралыгына ишенер-ишенбесибиз кандайча билиниши мүмкүн?

16 Олуттуу ойлонуп көрүшүбүз керек болгон дагы бир маанилүү маселе бар: бул ыймансыз дүйнөнүн соңунда Жахабанын сот өкүмдөрүнө кандай карайбыз? Азыркы күндө Жахабага кызмат кылбаган көптөгөн адамдардын, анын ичинде тууган-туушкандарыбыздын, чындык жолуна түшөрүнө үмүттөнүп жүргөндүрбүз. Бирок алардын келечегине байланыштуу акыркы чечимди Армагедондо Жахаба өзү Сот кылып дайындаган Иса аркылуу чыгарат (Мт. 25:31—33; 2 Тес. 1:7—9). Жахаба кимге ырайым кыларын, кимге ырайым кылбасын биз чечпейбиз (Мт. 25:34, 41, 46). Ошондо Жахабанын туура өкүм чыгарганына ишенебизби же ага нааразы болуп кызмат кылбай калабызбы? Ырас, келечекте Жахабанын чечимдеринин тууралыгынан шектенбеш үчүн, азыртадан ишенимибизди чыңдай беришибиз керек.

17. Жахабанын сот өкүмдөрүнүн баары ишке ашканда эмнелерден арылабыз?

17 Бейиште Жахабанын сот өкүмдөрү ишке ашканда кандай сезимде болобуз? Жалган диндин күнү бүтөт. Алкымы чоң соода-сатык түзүлүшү менен тарых бою элди эзип, азапка салып келген саясий түзүлүш түп-орду менен жок болот. Оору-сыркоо, карылык, өлүм-житим жаман түш сыяктуу унутта калат. Шайтан менен жиндер миң жылга байланып, адамзатка терс таасир этпей калат. Алардын козголоңунун кесепети биротоло жоюлат (Аян 20:2, 3). Ошондо Жахабанын дайыма туура иш кыларына ишенип келгенибиз үчүн кандай гана ыраазы болобуз!

18. Ысрайылдыктардан кандай сабак алсак болот? (Сандар 11:4—6; 21:5)

18 Жаңы заманда Жахабанын туура иш кыларына болгон ишенимибизди сынаган жагдайлар болушу мүмкүнбү? Ысрайылдыктар Мисир кулчулугунан азаттыкка чыккандан көп өтпөй эмне болгонуна токтололу. Айрымдар Мисирде жеген тамактарын эңсеп наалып-напчыган. Ал эми Жахаба берген маннаны жеришкен. (Окугула: Сандар 11:4—6; 21:5.) Улуу алаамат артта калганда, биз да ушинтишибиз мүмкүнбү? Таш-талканы чыккан жерди калыбына келтирип, бейишке айлантыш үчүн канчалык эмгектенерибизди азырынча билбейбиз. Кандай болбосун, тоодой иштерди кыларыбыз жана башында жашоо ойдогудай болбосу турган иш. Ошол учурда Жахаба берген нерселерге нааразы болбойбузбу? Бир нерсени ишенимдүү түрдө айта алабыз: азыр Жахаба берип жаткан нерселерге топук кылып, жогору бааласак, келечекте да ошентерибиз күмөнсүз.

19. Бул макаладагы ойлорду кантип жыйынтыктайт элеңер?

19 Ооба, Жахаба дайыма туура иш кылат. Буга толук көзүбүз жетиши керек. Жахаба көрсөтмөлөрүн ишке ашырганга дайындаган адамдарга да толук ишенгенибиз маанилүү. Келгиле, Жахабанын Ышая пайгамбар аркылуу айткан: «Тынчыңар кетпесе, ишеним артсаңар, бул силерге күч берет»,— деген сөздөрүн эч качан унутпайлы! (Ыш. 30:15)

98-ЫР: Жазма Кудайдын жетеги менен жазылган

^ 5-абз. Бул макаладан Жахабага жана анын жердеги өкүлдөрүнө ишеним артканыбыз канчалык маанилүү экенин билебиз. Мунун азыркы учурда бизге кандай пайдасы бар экенин жана бул бизди келечектеги кыйынчылыктарга кандайча даярдай турганын карап чыгабыз.

^ 9-абз. Кимдир бирөөнүн же кайсы бир үй-бүлөнүн азыркы эле жыйналышта калышына орчундуу себептер болот. Карагыла: «Падышалык кызматыбыз», 2002-ж., нояб., «Суроолор кутусу».