Эскирип калганбы же өз заманынан алдыдабы?
ИЛИМ
ЫЙЫК КИТЕП ИЛИМИЙ КИТЕП БОЛБОСО ДА, АНДА ИЛИМИЙ ЖАКТАН ТАК МААЛЫМАТТАР ЭБАК ЭЛЕ ЖАЗЫЛГАН. АЛАРДЫН АЙРЫМДАРЫНА ТОКТОЛОЛУ.
Ааламдын башталышы болгонбу?
Алдыңкы илимпоздор бир кезде бул суроого ишенимдүү түрдө «жок» деп жооп беришчү. Бирок азыр ааламдын башталышы болгон дегенге кошулушат. Ал эми Ыйык Китепте бул тээ башында эле ачык айтылган (Башталыш 1:1).
Жердин формасы кандай?
Байыркы убакта көптөр жерди жалпак деп ойлошкон. Б.з.ч. 5-кылымда грек окумуштуулары жерди тоголок деп божомолдошкон. Бирок андан бир топ убакыт мурун, б.з.ч. 8-кылымда, Ыйык Китепти жазууга катышкан Ышая пайгамбар жердин тоголок экенин көрсөткөн «жер шары» деген сөз айкашын колдонгон (Ышая 40:22).
Асман убакыттын өтүшү менен бузулушу мүмкүнбү?
Б.з.ч. 4-кылымда грек окумуштуусу Аристотель жердеги нерселер гана талкаланат, ал эми жылдыздуу асман эч качан өзгөрбөйт же бузулбайт деп окуткан. Бул көз караш кылымдар бою туура деп эсептелип келген. Бирок 19-кылымда окумуштуулар энтропия теориясын иштеп чыгышкан. Ага ылайык, асмандагы болобу же жердегиби, бардык нерсе бузулат. Ал теориянын өркүндөшүнө салым кошкон окумуштуулардын бири Лорд Кельвин Ыйык Китепте асман менен жер жөнүндө: «Баары кийимдей эскирет»,— деп айтылганын баса белгилеген (Забур 102:25, 26). Ал, Ыйык Китепте айтылгандай, эгер Кудай кааласа, өзү жараткан нерселерди андай бузулуудан сактай алат деп ишенген (Насаатчы 1:4).
Жер сыяктуу планеталарды эмне кармап турат?
Аристотель асман телолорунун баары бири-биринин ичине тыгыз жайгашкан атайын хрусталь сфераларга бекитилген, Жер болсо алардын эң борборунан орун алган деп окуткан. Бирок б.з. 18-кылымдарында жылдыздар менен планеталар эч нерсеге илинбеши мүмкүн деген көз карашты жактаган илимпоздор көбөйө баштаган. Ал эми Аюп китебинде тээ б.з.ч. 15-кылымда эле Жараткандын «жерди жок нерсеге илип койгону» айтылган (Аюп 26:7).
МЕДИЦИНА
ЫЙЫК КИТЕП МЕДИЦИНАЛЫК КИТЕП БОЛБОСО ДА, АНДА ДЕН СООЛУККА БАЙЛАНЫШТУУ ЭҢ СОНУН ПРИНЦИПТЕР КАМТЫЛГАН.
Оорулууларды өзүнчө бөлүп коюу.
Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда пес оорулууларды өзүнчө бөлүп коюу талап кылынган. Орто кылымдарда жугуштуу оорулар күч алгандан кийин гана доктурлар ушул принципти колдоно башташкан. Ал азыркыга чейин жакшы натыйжа берүүдө (Лебилер 13, 14-бөлүмдөр).
Өлүккө тийгенден кийин колду жуу.
19-кылымдын аягына чейин доктурлар өлүктөрдү кармагандан кийин колун жуубай эле башка бейтаптарды көрө беришчү. Ошондон улам көптөр өмүрүнөн айрылган. Ал эми Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда өлүккө тийген киши таза эмес деп эсептелген. Андай кишиден тазаланыш үчүн сууну колдонуу талап кылынган. Мындай диний иш-аракеттер дени сак болууга шарт түзгөн (Сандар 19:11, 19).
Заң-заараны көмүү.
Жыл сайын жарым миллиондон ашуун баланын ич өткөктөн өлүшүнө негизинен заң-зааранын тийиштүү түрдө тазаланбаганы себеп болот. Мусанын Мыйзамында элден конуштун сыртына барып отургандан кийин заң-заарасын көмүп коюу талап кылынчу (Мыйзам 23:13).
Сүннөткө отургузуу.
Кудайдын Мыйзамында жаңы төрөлгөн бала сүннөткө сегизинчи күнү отургузулушу керектиги жазылган (Лебилер 12:3). Жаңы көз жарган ымыркайдын каны бир жумадан кийин жакшыраак уюй баштайт. Байыркы убакта, медицина өнүгө электе, баланы сүннөткө отургузуу үчүн бир жумадан ашык күтүү аны коргогон.
Маанайдын ден соолукка тийгизген таасири.
Медицина тармагындагы изилдөөчүлөр менен окумуштуулар кечиримдүү болуу, кубануу, үмүттөнүү жана ыраазы болуу сыяктуу жакшы сезимдер ден соолукка пайдалуу экенин айтышат. Ыйык Китепте: «Шайыр жүрөк — дарыдай даба, ал эми жараланган рух сөөктү кургатат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 17:22).