Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай деген ким?

Кудай деген ким?

Көптөр Кудайга ишенерин айтышат. Бирок: «Кудай деген ким?» — деген суроого ар кимиси ар кандай жооп берет. Айрымдар аны ката-кемчиликтерибиз үчүн жазалоого даяр турган каардуу соттой көрүшөт. Башкалары болсо: «Ал мээримдүү, эмне иш кылбайлы, баарын кечирет»,— дешет. Дагы бирөөлөрү аны адамдардан аябай эле алыс, алар менен иши деле жок деп ойлошот. Ушундай кайчы пикирлерден улам көптөргө Кудайды таанып-билүү мүмкүн эместей сезилиши ыктымал.

Кудайды таанып-билүү маанилүүбү? Ооба. Аны канчалык жакшы билсеңер, жашооңор ошончолук маңыздуу болот (Элчилер 17:26—28). Кудайга жакындаган сайын, анын силерди жакшы көрөрүнө, жардам берип жатканына ынана бересиңер (Жакып 4:8). Ал жөнүндө так билим алуунун аркасында түбөлүк өмүргө да ээ болосуңар (Жакан 17:3).

Кудайды кантип таанып-биле аласыңар? Жакын досуңар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Экөөңөр кантип достошуп калдыңар эле? Анын ысмын билгенден тышкары, сапаттары, ага эмне жагары, эмне жакпаары, эмнелерди кылганы, эмнелерди кылайын деп жатканы тууралуу да билгенсиңер. Ошентип, аны менен жакын таанышып, дос болуп калгансыңар.

Ошо сыяктуу эле төмөнкү суроолорго жооп алуунун аркасында Кудайды жакшыраак таанып-биле алабыз:

Бул журнал ушул суроолорго Ыйык Китептин негизинде жооп берүү үчүн чыгарылды. Андагы макалалар Кудайды таанып-билүүгө жана Кудай менен ынак мамиле өрчүтүү силерге кандай пайда алып келерин билүүгө жардам берет.