Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чындыкты издөө

Чындыкты издөө

Чындыкты билүү өмүрүбүздү сактап кала алат. Мисалы: «Жугуштуу оорулар кантип тарайт?» — деген суроонун жообу жашообузга кандай таасир этерин карап көрөлү.

Бул суроонун жообун миңдеген жылдар бою эч ким билбей келген. Анын кесепетинде жугуштуу оорулар желдей тарап, миллиондогондордун өмүрүн алып кеткен. Бактыга жараша, окумуштуулар акыры чындыкты табышкан. Алар ооруларды көп учурда микробдор — бактерия же вирус сыяктуу микроорганизмдер — козгой турганын аныкташкан. Ушул бир эле чындыкты билүү көптөгөн ооруларга бөгөт коюуга жана аларды дарылоого жардам берип келет. Бул миллиарддаган адамдардын өмүрүнүн узагыраак, ден соолугунун жакшыраак болушуна шарт түзүүдө.

Ал эми башка маанилүү суроолор тууралуу эмне десе болот? Кандай деп ойлойсуңар, төмөнкү суроолордун так жообун билүү силерге кандай таасир этиши мүмкүн?

  • Кудай деген ким?

  • Иса Машаяк деген ким?

  • Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

  • Келечегибиз кандай болот?

Бул суроолорго жооп алуунун аркасында миллиондогон адамдардын жашоосу жакшы жакка өзгөргөн. Алардын арасында силер да боло аласыңар.

ЧЫНДЫКТЫ ТАБА АЛАСЫҢАРБЫ?

Балким: «Бардык нерсе жөнүндө чындыкты кантип билсе болот?» — деп ойлонуп жаткандырсыңар. Анткени көп нерселер тууралуу чындыкты билүү барган сайын оорлоп бараткандай. Эмне үчүн?

Көптөр бийликтегилердин, компаниялардын же журналисттердин чындыкты айтарына шектенишет. Алардын фактыларды айтып жатканын же тек гана жеке ой толгоолорун, жарым-жартылай чындыкты же карандай калпты чындыктай кылып айтып жатканын айырмалоо дайыма эле оңой эмес. Бирөөгө ишенүү кыйын болгон жана маалыматтын көбү бурмаланган азыркы заманда адамдар эмне чындык экенине, анын алар үчүн кандай мааниге ээ экенине байланыштуу кайчы пикирде болушат.

Бирок ошого карабай жашоодогу маанилүү суроолорго так жооп табуу мүмкүн. Ан үчүн күнүмдүк турмуштагы суроолоруңарга жооп табууда кандай иш-аракеттерди кылсаңар, ошолорду кылганыңар зарыл.

ЧЫНДЫКТЫ ТАБУУГА ЖУМШАГАН АРАКЕТИҢЕР

Кандайдыр бир мааниде силер күн сайын чындыкты издейсиңер. Мисалга Жесиканы алалы. Ал: «Кызымдын жер жаңгакка болгон аллергиясы аябай күчтүү. Курамына жер жаңгактын кымындай эле бөлүгү кошулган тамак-аш жесе, өмүрүнөн айрылып калышы мүмкүн»,— дейт. Жесика сатып ала турган тамак-аштын кызына эч кандай зыяны тийбей турганына дайыма ынанышы керек болот. «Бир нерсе сатып аларда алгач анын курамында эмне бар экенин кылдат окуп чыгам. Анан кошумча изилдейм. Атүгүл аны чыгаргандар менен байланышып, ага кичине өлчөмдө болсо да кокустан жер жаңгак кошулуп кеткен-кетпегенин тактап сурайм. Ошондой эле ал мекеменин тамак-аш жасоодо канчалык чынчыл экенин ишеничтүү булактардан окуп көрөм».

Мүмкүн, силердин күнүмдүк турмушуңарда пайда болгон суроолордун жообун табуу Жесиканыкындай маанилүү эместир. Анткен менен суроолоруңарга жооп алыш үчүн, ага окшоп, төмөндөгү нерселерди кылсаңар болот:

  • Так маалымат алгыла.

  • Кошумча изилдөө жүргүзгүлө.

  • Маалымат алган булактарыңардын ишеничтүү экенине ынангыла.

Бул кадамдар жашоодогу маанилүү суроолордун туура жообун табууга жардам берет. Кандайча?

ЧЫНДЫК КАМТЫЛГАН ӨЗГӨЧӨ КИТЕП

Ыйык Китептеги чындыкты издөөдө да Жесика кызынын аллергиясына байланыштуу изилдөө жүргүзгөндөгүдөй иш-аракет кылган. Ал: «Ыйык Китепти кылдат окуу жана терең изилдөө жүргүзүү мага чындыкты тапканга жардам берди»,— дейт. Жесика сыяктуу эле, миллиондогондор Ыйык Китептен төмөнкү суроолорго жооп алышкан:

  • Биз эмне үчүн жаралганбыз?

  • Адам өлгөндө эмне болот?

  • Эмне үчүн азап тартабыз?

  • Азап-кайгыны жок кылыш үчүн Кудай кандай чара көрүүдө?

  • Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?

Ыйык Китепти окуунун жана www.pr418.com сайтындагы маалыматтарды изилдөөнүн аркасында ушул жана башка суроолорго айкын-так жооп таба аласыңар.