Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай тиленүүңөрдү угабы?

Кудай тиленүүңөрдү угабы?

Тиленгенде Кудайдын силерди угуп жатканына ишенесиңерби?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕП АЙТЫЛАТ?

  • Кудай угат. Ыйык Китепте ынандырарлык мындай сөздөр жазылган: «Жахаба Өзүн чакыргандардын баарына, чындык боюнча чакыргандардын баарына жакын. Ал... [алардын] зарлаган үндөрүн угат» (Забур 145:18, 19).

  • Кудай андан тиленишиңерди каалайт. Ыйык Китепте: «Бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле»,— деп айтылат (Филипиликтер 4:6).

  • Кудай силерге кам көрөт. Кудай кыйынчылыктарыңарды, эмнеге тынчсызданып жатканыңарды жакшы билет жана жардам бергиси келет. Ыйык Китепте: «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— деп жазылган (1 Петир 5:7).