Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленүү кандайча жардам берет?

Тиленүү кандайча жардам берет?

Камила катуу ооруга чалдыгып, доктурларга кайрылган. Ошол эле учурда Кудайдан чыдаганга күч сурап тиленген. Бул ага жардам бергенби?

Камила мындай дейт: «Рактан дарыланып жатканда аябай корккон учурларым көп болду. Бирок Жахаба Кудайдан тиленгенде жан дүйнөм тынч алып, тунук ой жүгүртүп калчумун. Азыр деле оорунун азабын тартып келем, бирок тиленүү мага оң маанай сактаганга жардам берет. Башкалар менден: „Кандай болуп калдың?“ — деп сураганда: „Ден соолугум жакшы деле эмес, бирок маанайым сонун“,— деп жооп берем».

Албетте, биз оор жагдайга туш болгонго чейин тиленбей жүрө бербейбиз. Баарыбыз эле чоң болобу же кичинекей болобу, кыйынчылыктарга дуушар болобуз жана аларды жеңиш үчүн жардамга муктажбыз. Андайда тиленүү кандайча жардам берет?

Ыйык Китепте мындай делет: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт. Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт» (Забур 55:22). Кандай гана жубатарлык ой! Тиленүү силерге кандайча жардам берет? Кудайдан туура жол менен тиленсеңер, ал силерге кыйынчылыктарыңарды жеңгенге көмөк кылат. (« Тиленүүнүн кандай пайдасы бар?» деген кутучаны карагыла.)