Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЖЕК КӨРҮҮНҮН АЙЛАМПАСЫНАН КАНТИП ЧЫГАБЫЗ?

3 | Жек көрүүчүлүктү акылыңардан сүрүп чыгаргыла

3 | Жек көрүүчүлүктү акылыңардан сүрүп чыгаргыла

Ыйык Китепте мындай делет:

«Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билишиңер үчүн, акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө» (РИМДИКТЕР 12:2).

Бул эмнени билдирет?

Кудай кандай ойлонуп жатканыбызга маани берет (Жеремия 17:10). Заар сөздөрдөн, зулумдукка жаткан иштерден арылганыбыз жакшы. Бирок бул аздык кылат. Себеби жек көрүүчүлүк адегенде акыл менен жүрөктө тамыр алат. Ошондуктан жек көрүүчүлүктүн учкуну пайда болгондо эле баса калып өчүрүшүбүз керек. Ошондо гана чындап өзгөрүлүп, жек көрүүчүлүктүн айлампасынан чыга алабыз.

Эмне кылсаңар болот?

Башкаларга, айрыкча, расасы же улуту бөлөктөргө карата көз карашыңар кандай экенин калыс текшерип көргүлө. Мындай деп ойлонуп көрсөңөр болот: «Аларга кандай карайм? Көз карашым көрүп-билген нерселерге негизделеби же сыртынан эле тон быча беремби?» Жек көрүүчүлүктү козуткан, зордук-зомбулукка түрткөн социалдык тармактардагы, интернеттеги маалыматтарды уккандан, көргөндөн алыс болгула. Ошондой мазмундагы кинолорду да көрбөгүлө.

Кудайдын Сөзү акылыбыз менен жүрөгүбүздөн жек көрүүчүлүктү сүрүп чыгарганга жардам берет

Сезимдерибизге, ойлорубузга калыс баа берүү дайыма эле оңой боло бербейт. Бирок Кудайдын Сөзү «жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кылат» (Еврейлер 4:12). Андыктан Ыйык Китепти изилдей бергиле. Анан көз карашыңар анда жазылгандарга шайкеш келер-келбесин талдап көргүлө. Эгер андай болбосо, шайкеш келтиргенге бүт күчүңөрдү жумшагыла. Кудайдын Сөзү жүрөгүбүз менен акылыбызга терең тамырлаган жек көрүүчүлүктү түп-тамыры менен жулганга жардам бере алат (2 Корунттуктар 10:4, 5).