Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЖЕК КӨРҮҮНҮН АЙЛАМПАСЫНАН КАНТИП ЧЫГАБЫЗ?

1 | Баарына тегиз карагыла

1 | Баарына тегиз карагыла

Ыйык Китепте мындай делет:

«[Кудай] бет карама эмес... Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагат» (ЭЛЧИЛЕР 10:34, 35).

Бул эмнени билдирет?

Жахаба * Кудай адамдын улутуна, расасына, өңү-түсүнө же маданиятына карабайт. Ал чындап маанилүү нерсеге — ички дүйнөбүзгө — көңүл бурат. Ыйык Китепте: «Адам көзү көргөндү гана көрөт, Жахаба болсо жүрөктөгүнү көрөт»,— деп жазылган (1 Шемуел 16:7).

Эмне кылсаңар болот?

Жүрөктөгүнү көрө албай турганыбыз чын. Ошентсе да Кудайды туурап башкаларга тегиз карай алабыз. Ан үчүн адамдардын баарын эле бир топко кошо бербей, ар биринин инсандык өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурганга аракет кылгыла. Эгер башка улуттагы, расадагы кимдир бирөө жөнүндө жаман ойлоп жатсаңар, Кудайдан тиленип, андай терс сезимдерден арылганга жардам сурагыла (Забур 139:23, 24). Баарына тегиз караганга Жахабадан чын жүрөктөн күч сурасаңар, ал тилегиңерди угуп, сөзсүз жардам берет (1 Петир 3:12).

^ 6-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).

«Мурун териси ак киши менен... жай отуруп сүйлөшө алчу эмесмин. Азыр болсо бири-бирине жан тарткан бүткүл дүйнөлүк боордоштуктун арасында жүрөм» (ТАЙТУС).