Жек көрүүчүлүктөн жапа чекпеген бир да жан жок
Бүтүндөй адамзатты жек көрүүчүлүк жугуштуу оорудай эле каптап жатат.
Жаңылыктардан жана социалдык тармактардан бири-бирин жек көргөндөрдүн кайым айтышканын, кордогонун, бири-бирине ошондой мүнөздөгү кат-кабарларды жаадырганын, атүгүл ошонун айынан оор кылмыштарга барып жатышканын угуп-көрүп калып жатабыз. Бейкалыстык, баарын бир калыпка салгандык, шылдың, сөз менен кордоо, коркутуп-үркүтүү, мүлккө кол салуу жөнүндө айта турган болсок, мындай кылмыштарга эсеп жетпейт. Көптөр адамдык касиеттен кетип, жек көрүүчүлүк доорон сүрүп жатат.
Бул журналда жек көрүүчүлүктүн айлампасынан кантип чыкса болору айтылат. Бул ооздун жели эмес. Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар кулк-мүнөзүн толугу менен өзгөртүп, жек көрүүчүлүктөн арыла алышты.