ЖЕК КӨРҮҮНҮН АЙЛАМПАСЫНАН КАНТИП ЧЫГАБЫЗ?
2 | Өч албагыла
Ыйык Китепте мындай делет:
«Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле... Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула... Эч кимден өч албагыла... Анткени Ыйык Жазмада: „Өч меники, тиешесин мен берем“,— дейт Жахаба»,— деп жазылган (РИМДИКТЕР 12:17—19).
Бул эмнени билдирет?
Кимдир бирөө бизге жамандык кылганда, ачууланарыбыз турган иш. Бирок өч алганыбызды Кудай туура көрбөйт. Ал баарын ага коюп койгонго чакырат. Себеби жакында бүт жамандыкты биротоло жок кылат (Забур 37:7, 10).
Эмне кылсаңар болот?
Күнөөкөр пенделер бири-биринен өч алган сайын, жек көрүүчүлүктүн айлампасы ого бетер күч алат. Ошол себептен бирөө көңүлүңөрдү оорутса же андан жапа чексеңер, кек албагыла. Андайда сабыр сактап, өзүңөрдү кармай билгиле. Айрым учурларда болгон ишке көз жумуп койгондон өтөрү жок (Накыл сөздөр 19:11). Анткен менен жөн эле тим койгонго болбой турган жагдайлар да болот. Мисалы, бирөө кол салса, милицияга беришиңер же башка бийлик өкүлдөрүнө кайрылышыңар керек болот.
Өчөшүүнүн арты жаман болот
Эгер көйгөйдү жай отуруп чечкендин жолу жоктой туюлуп жатсачы? Же ошентиш үчүн колуңардан келгендин баарын кылсаңар да, эч майнап чыкпасачы? Анда да өч албагыла. Анте турган болсоңор, артык кылбай эле, тыртык кылып аласыңар. Анын ордуна, жек көрүүчүлүктүн чынжырын үзгүлө. Ошондо көйгөйдү Кудай айткандай кылып чечкенди үйрөнө аласыңар. Ыйык Китепте: «Ага таян, ошондо ал өзү иш-аракет кылат»,— деп жазылган (Забур 37:3—5).