Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакында аткарыла турган убадалар

Жакында аткарыла турган убадалар

Иса пайгамбар алдын ала айткандай, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар бүт жер жүзүнө таратылууда (Матай 24:14). Даниел китебинде ал Падышалыктын Кудай орноткон өкмөт экени айтылат. Ошондой эле ал китептин 2-бөлүмүндө байыркы Бабылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин биринин аркасынан бири келген күчтүү өкмөттөр же падышалыктар жөнүндө пайгамбарлык камтылган. Ал бөлүмдүн 44-аятында алдыда эмне болоруна байланыштуу мындай делет:

«Асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот. Ал Падышалык бир да элге өткөрүлүп берилбейт. Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат».

Ыйык Китептеги ушул жана башка пайгамбарлыктар Кудайдын Падышалыгынын азыркы өкмөттөрдү алмаштырып, жер бетине тартип орноторун, жашоо туруктуу болорун көрсөтүп турат. Кудайдын Падышалыгы башкарганда, эмнелер ишке ашат? Келгиле, жакында аткарыла турган кереметтүү убадалардын айрымдарына токтололу.

  • СОГУШ ТОКТОЙТ

    Забур 46:9: «[Кудай] жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот, жааны сындырып, найзаны талкалайт, согуш арабаларын отко жагат».

    Курал-жарак чыгарууга жумшалган күч-аракеттердин, акча-каражаттардын баары кан төгүү үчүн эмес, адамдардын жыргалчылыгы үчүн жумшалса, жашоо кандай болмоктугун элестетип көрсөңөр! Муну Кудайдын Падышалыгы ишке ашырат.

  • ООРУ БОЛБОЙТ

    Ышая 33:24: «Тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт».

    Бир да киши жүрөк ооруларынан, рактан, безгектен же дагы башка илдеттерден жапа чекпеген заман жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Оорукана, дары-дармек дегенди унутабыз. Жер тургундарынын баарынын ден соолугу чың болот.

  • АЧАРЧЫЛЫК ЖОЮЛАТ

    Забур 72:16: «Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот».

    Жер бетинде ар бир адамга жетиштүү азык-түлүк өндүрүлөт, эч ким эч нерседен өксүбөйт. Бир да киши ачкачылыктан жапа чекпейт, чала тоют болбойт.

  • АЗАП-КАЙГЫ, ӨЛҮМ БОЛБОЙТ

    Аян 21:4: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти».

    Адамдар жеткилең болуп, жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт! Муну Жараткан Кудайыбыз Жахаба өзү убада кылган.

«АЛ... ОШОНУ ИШКЕ АШЫРАТ»

Силерге ушунун баары жомоктой сезилеби? Ыйык Китепте сүрөттөлгөн жана Кудай убада кылган жашоону баары эле самайт, бирок ар кандай себептерден улам көптөр түбөлүк жашайбыз деген ойду акылына сыйдыра албайт. Бул таң калыштуу эмес, себеби тарыхта түбөлүк жашаган бир да киши болгон эмес.

Адам баласы тээ алмустактан бери эле күнөө менен өлүмгө кул болуп, азап тартып, кыйналып, эзилип келаткандыктан, көптөр ушундай жашоого көнүп, муну кадимки эле нерседей көрүп калышкан. Бирок Жахаба Кудайдын адамдарга байланыштуу ой-ниети таптакыр башкача болчу.

Бизди убадаларынын баары сөзсүз түрдө орундаларына ынандырыш үчүн Кудай: «Менин оозуман чыккан сөз курулай кайтып келбейт. Мен эмнени кааласам, ал ошону аткарат, эмнеге жиберсем, ошону ишке ашырат»,— деген (Ышая 55:11).

Ыйык Китепте Жахабанын «жалган сүйлөй албаган Кудай» экени айтылат (Тит 1:2). Ал келечегибизге байланыштуу жогорудагы кереметтүү нерселердин баарын убада кылгандыктан, биз: «Адамдар жер бетиндеги Бейиште түбөлүк жашашы мүмкүнбү? Кудай убада кылган баталарга ээ болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус. Кийинки беттерден ушул суроолордун жообу камтылган пайдалуу маалыматтарды окуй аласыңар.