Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн» (ЗАБУР 139:16)

Кудай силерди түшүнөбү?

Кудай силерди түшүнөбү?

АДАМ БАЛАСЫНЫН ТАБИЯТЫ ЭМНЕНИ АЙТЫП ТУРАТ?

Адамдардын ортосундагы эң жакын мамилелердин бири — бир жумурткадан пайда болгон эгиздердин мамилеси — жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Андай эгиздер бири-бирине өзгөчө ынак болушат. Атүгүл айрымдары, эгиздерди изилдеген борбордун жетекчиси жана өзү да эгиз төрөлгөн Ненси Сигэл айткандай, эч түшүндүрбөй туруп эле бири-биринин сөзүн толук түшүнө алат. Дагы бир аял эгизи экөөнүн ортосундагы мамиле жөнүндө: «Биз бири-бирибиз тууралуу баарын билебиз»,— деген.

Бир жумурткадан пайда болгон эгиздердин бири-бирин ушунчалык жакшы түшүнгөнүнүн себеби эмнеде? Изилдөөчүлөрдүн айтымында, буга алардын чөйрөсү, алган тарбиясы таасир этсе да, сыягы, алардын генетикалык кодунун окшош болгону негизги роль ойнойт.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ. Ушундай кереметтүү генетикалык коддун баарын жараткан Кудай ар бирибизди толук түшүнөрү шексиз. Дөөтү пайгамбар бул тууралуу мындай деген: «Мени энемдин ичинде калкалагансың. Жашыруун жаратылып жатканымда,.. сөөктөрүм сенден жашыруун болгон эмес... Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн. Денемдин бардык бөлүктөрү... китебиңе жазылып коюлган» (Забур 139:13, 15, 16). Кудай генибизди эле эмес, жашообуздагы бизди калыптаган окуялардын баарын билет жана бизди толук түшүнөт. Бул анын гана колунан келет. Кудайдын бизди да, генибизди да абдан жакшы билгени анын ар бир нерсебизди терең түшүнөрүнө ынандырат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ЭМНЕНИ БИЛЕБИЗ?

Дөөтү пайгамбар Кудайдан мындай деп тиленген: «Оо, Жахаба, сен мени изилдегендиктен билесиң. Менин качан отуруп, качан турарымды билесиң, оюмду алыстан эле баамдайсың. Оозуман сөзүм чыга электе эле, оо, Жахаба, сен баарын билесиң» (Забур 139:1, 2, 4). Жахаба адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү сезимдерди да билет, атүгүл «ойлору менен каалоолорунун баарын билип турат» (1 Жылнаама 28:9; 1 Шемуел 16:6, 7). Бул аяттар Кудай жөнүндө эмнени ачып берүүдө?

Тиленгенде ойлорубуз менен сезимдерибизди дайыма эле толук жеткире албашыбыз мүмкүн. Бирок Жаратканыбыз биздин эмне кылып жатканыбызга эле байкоо салбастан, аны эмне себептен кылып жатканыбызды да түшүнөт. Ошондой эле чектелүү мүмкүнчүлүктөрүбүздөн улам жүрөгүбүздөн чыккан каалообузду ишке ашыра албай жатсак да, ал биздин кандай жакшы ишти кылгыбыз келип жатканын түшүнөт. Кудай бизди жаратып жатканда эле жүрөгүбүзгө сүйүү сапатын салган. Ошондуктан анын сүйүүбүздөн улам кылган иштерибизди, ойлогон ойлорубузду көргүсү келери, атүгүл ага абдан кызыкдар экени күмөнсүз (1 Жакан 4:7—10).

Эч ким, эч нерсе Кудайдын көз жаздымында калбайт. Башкалар билбесе да, толук түшүнбөсө да, ал кыйынчылыктарыбызды билет

Ыйык Китеп бизди эмнеге ынандырат?

  • «Жахабанын көзү адил адамдарды көрүп, кулагы алардын жалынычын угат» (1 ПЕТИР 3:12).

  • Кудай мындай деп убада берген: «Сага түшүнүк берем, сени жүрүшүң керек болгон жолго салам. Кеңеш берем, сенден көзүмдү албайм» (ЗАБУР 32:8).

КУДАЙ АБДАН БООРУКЕР

Кудайдын жагдайыбызды, сезимдерибизди түшүнөрүн билүү кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам береби? Нигерияда жашаган Аннанын окуясын карап көрөлү. Ал мындай деп бөлүшөт: «Жарга такалгандай жагдайга туш болгондуктан жашоонун кереги барбы деп ойлоно берчүмүн. Себеби кызымды жалгыз тарбиялачумун. Ал болсо гидроцефалия (мээге өтө көп суу толуп кетиши) оорусуна чалдыгып, ооруканада жаткан. Ошол убакта өзүм да эмчек рагы менен ооруп, операция болдум, химиотерапия алдым, нур менен дарыландым. Кызым менен бир учурда ооруканага жатып калганда ушунчалык кыйналдым».

Ушунун баарын көтөрүп кетүүгө Аннага эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Филипиликтер 4:6, 7деги: „Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды... сактайт“,— деген сөздөр тууралуу ой жүгүрттүм. Ушул аяттарды эстеген сайын Жахабанын мени өзүмдөн да жакшы түшүнөрүн билип, ага ого бетер жакын болуп калчумун. Жыйналыштагылар да бир топ дем-күч берип жатышты.

Ден соолугумдун айынан дагы деле кыйналсам да, кызым экөөбүздүн жагдайыбыз жакшырып калды. Жахаба жаныбызда болгондуктан, кыйынчылыктарга кабылганда терс ойлорго алдырбашыбыз керектигин түшүндүк. Жакып 5:11де бекемдээрлик мындай сөздөр жазылган: „Биз туруктуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз. Силер Аюптун туруктуулугу жөнүндө уккансыңар жана Жахабанын ага бата бергенинен Жахабанын абдан боорукер, кайрымдуу экенин билгенсиңер“». Ооба, Жахаба Аюп пайгамбардын жагдайын толук түшүнгөн. Кандай көйгөйлөргө дуушар болбойлу, ал биздин да жагдайыбызды жакшы түшүнөт.