Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоодон азыр да кубаныч ала аласыңар

Жашоодон азыр да кубаныч ала аласыңар

ООРУНУН, карылыктын азабын тартпай турган, өлүм болбой турган убакта силер да жашай аласыңар. Ал эми азыркы заман кайгы-муңга, кыйынчылыкка жык толгон. Ошого карабай жашоодон кубаныч алууга эмне жардам берет? Ыйык Китеп азыр да канааттануу алып, бактылуу өмүр сүрүүгө көмөк кыла турган кеңештерге бай. Анда эмесе, айрым кыйынчылыктарга жана Ыйык Китеп аларды жеңүүгө кантип жардам берерине токтололу.

ЫРААЗЫ БОЛО БИЛҮҮ

Ыйык Китептеги кеңеш: «Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула» (Еврейлер 13:5).

Бул дүйнө бизди, зарылдыгы жок болсо деле, сансыз буюм-тайымдарга ээ болууга, ар кандай кызматтардан пайдаланууга үндөйт. Ал эми Ыйык Китеп колубузда «болгонуна ыраазы болууга» чакырат. Канткенде ал кеңешке ылайык иш кыла алабыз?

Акчаны сүйүүдөн качкыла. Көптөр акчаны ушунчалык жакшы көргөндүктөн ден соолугунан, үй-бүлөсүнөн, досторунан, адеп-ахлактыгынан, атүгүл кадыр-баркынан кечүүгө даяр (1 Тиметей 6:10). Алар кандай гана баа жеткис нерселеринен баш тартып жатышат! Эске алчу нерсе, байлыкты сүйгөн байлыкка «тойбойт» (Насаатчы 5:10).

Материалдык нерселерди эмес, адамдарды баалагыла. Албетте, материалдык нерселердин пайдасы чоң. Бирок алар бизди сүйө да, баалай да албайт; муну адамдар гана кыла алат. «Чыныгы досторду» күтсөк, алар бизге бардык нерсеге ыраазы болгонго жардам берет (Накыл сөздөр 17:17).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ КЕҢЕШТЕР ЖАШООДОН АЗЫР ДА КУБАНЫЧ АЛУУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

ООРУГА БАГЫНБОО

Ыйык Китептеги кеңеш: «Шайыр жүрөк — дарыдай даба» (Накыл сөздөр 17:22).

Дары сыяктуу эле, кубаныч оору менен күрөшүүгө жардам берет. Бирок жаныбыз кыйналып турганда кантип кубана алабыз?

Ыраазы болгула. Эгер адам оорусун эле ойлой берсе, «бардык күндөрү кайгылуу» болот (Накыл сөздөр 15:15). Андыктан Ыйык Китепте: «Дайыма ыраазы болгула»,— деп жазылган (Колосалыктар 3:15). Жашоодогу жагымдуу нерселерди, алар кичинекей болсо да, баалаганды үйрөнгүлө. Алсак, күндүн кызарып батып баратканы, салкын жел, жакшы көргөн адамыбыздын жылмаюусу сыяктуу нерселер ырахат тартуулайт.

Башкаларга жакшылык кылгыла. Ден соолугубуз начар болсо да: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген кеңешке ылайык иш кыла алабыз (Элчилер 20:35). Башкалар кылган жакшылыгыбыз үчүн ыраазычылык билдиргенде, жүрөгүбүздү жылуу сезимдер уялап, көйгөйлөрүбүзгө көп көңүл топтобой калабыз. Ооба, башкаларга кубаныч тартуулоо менен өзүбүз да кубаныч алабыз.

НИКЕ ТҮЙҮНҮН БЕКЕМДӨӨ

Ыйык Китептеги кеңеш: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

Бири-бири менен аз убакыт өткөргөн жубайлардын мамилеси сууп калышы мүмкүн. Андыктан алардын маанилүүрөөк нерсеге — никесине — көбүрөөк көңүл бурганы акылдуулукка жатат.

Бир нерселерди чогуу кылгыла. Өзүңөр жалгыз жеке иштериңер менен гана алек болгондон көрө, биргелешип иш кылууну атайын ойлонуштургула. Ыйык Китепте: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы»,— делет (Насаатчы 4:9). Мисалы, чогуу тамак жасасаңар, сейилдесеңер, дасторкон үстүндө чер жазыша сүйлөшсөңөр же экөөңөргө тең жаккан нерселерди кылсаңар болот.

Сүйөрүңөрдү билдирип тургула. Ыйык Китепте жубайлар бири-бирин сүйүүгө, урматтоого чакырылат (Эфестиктер 5:28, 33). Жылуу жылмаюу, назик кучактоо же чакан белек берүү нике түйүнүн бекемдөөгө бир топ салым кошот. Жубайлар түгөйүнөн башка эч ким менен жыныстык мамиледе болбошу керек (Еврейлер 13:4).