Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өлгөн адамдар үчүн кандай үмүт бар?

Өлгөн адамдар үчүн кандай үмүт бар?

Жакынын жоготпогон, өлүмгө моюн сунбаган бир да жан жок. Бирок өлүм менен баары бүтөбү? Маркумдар түбөлүккө унутта калабы? Алар үчүн кандай үмүт бар?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

ӨЛГӨН АДАМДАР УНУТТА КАЛБАЙТ

«Мүрзөлөрдө жаткандардын баары... тирилет» (Жакан 5:28, 29).

Кудай өлгөндөрдү унутпайт. Анын эс-тутумундагы адамдар тирилет.

ТИРИЛГЕНДЕР ЖЕР БЕТИНДЕ ЖАШАЙТ

«Адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерине ишенем» (Элчилер 24:15).

Миллиарддаган адамдар тирилип, мол тынчтык өкүм сүргөн жерде түбөлүк жашоого мүмкүнчүлүгү болот.

ТИРИЛҮҮГӨ ИШЕНҮҮГӨ НЕГИЗ БАР

«[Кудай] жылдыздарды санап, алардын баарын атынан атайт» (Забур 147:4).

Кудай ар бир жылдызды атынан атайт. Андыктан ал тирилте турган адамдардын баарын оңой эле эстей алат.