Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өлүм эч кимден кыя өтпөйт

Өлүм эч кимден кыя өтпөйт

КӨПЧҮЛҮККӨ аттын кашкасындай таанымал болгон инсан, мисалы, өзүңөр суктанган музыкант жөнүндө тасма көрүп жатканыңарды элестетсеңер. Адегенде анын бала чагы, музыка боюнча билим алып жатканы, тыным албай машыккан учурлары көрсөтүлөт. Кийинчерээк эл алдына чыга баштайт, анан ар кайсы өлкөлөрдү кыдырып концерт коюп, атагы алыска кетет. Бирок көп өтпөй эле жашы өр тартып, акырында көз жумат. Ошентип, тасма соңуна чыгат.

Бул — ойдон чыгарылган эмес, тарыхта жашап өткөн инсандын турмушуна негизделген көркөм тасма. Музыкант болобу, окумуштуубу, спорт чебериби же дагы башка атактуу кишиби, анын жашоосу деле, негизинен, ушу сыяктуу болуп өтөт. Ал албан-албан ийгиликтерге жетиши мүмкүн. Бирок баарыбыз эле: «Эгер карылыкка, өлүмгө моюн сунууга аргасыз болбосо, ал талбас эмгеги менен дагы канчалаган чокуларды багындырмак?» — деп ойлоноттурбуз.

Өкүнүчтүүсү, өлүм — качандыр бир убакта ар бирибиздин башыбызга түшчү нерсе (Насаатчы 9:5). Канча аракет кылбайлы, акыр-түбү карылыкка баш коюп, өлүмгө моюн сунабыз. Андан да жаманы, айрымдарыбыз кырсыктан же азаптуу оорудан каза табышыбыз ыктымал. Ооба, Ыйык Китепте айтылгандай, адам баласы «бир азга гана пайда болуп, анан жок болуп кетчү буудай» (Жакып 4:14).

Бүгүнкүсү маңызсыз, эртеңкиси бүдөмүк болгондуктан, айрымдар «ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз» деп жашашат (1 Корунттуктар 15:32). Бирок мындан алардын бир күнү өлүм менен беттешерин моюнга алары, келечекке үмүтсүз караары көрүнүп турган жокпу? Эртеби, кечпи, айрыкча, жамандыкка кабылганда: «Ушуну менен эле баары бүтөбү?» — деп ойлонобуз. Мунун жообун кайдан таба алабыз?

Көптөр илимге үмүт артышат. Чынында эле, илим менен медицинанын өнүгүшү өмүрүбүздүн кандайдыр бир деңгээлде узарышына өбөлгө түздү. Айрым окумуштуулар аны дагы да узартуунун жолдорун издөөдө. Бирок алардын аракетинин натыйжасы кандай болбосун: «Биз эмне үчүн карыйбыз жана өлөбүз? Душманыбызды — өлүмдү — багындыра турган күн келеби?» — деген суроолор дагы эле жүрөгүбүздү өйүп келет. Бул суроолорго жана: «Ушуну менен эле баары бүтөбү?» — деген суроого кийинки макалада жооп берилет.