Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамдын генине таасир этүү узак өмүрдүн сырыбы?

Өмүрдү узартуунун аракети

Өмүрдү узартуунун аракети

«Мен Кудайдын адам баласына аткаруу үчүн берген иштерин көрдүм. Ал баарын өз убагында сонун кылып жасаган. Чыныгы Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган» (Насаатчы 3:10, 11).

ДААНЫШМАН Сулайман падышанын бул сөздөрү адам баласынын тубаса каалоосун таамай чагылдырып турат. Өмүр учкан куштай тез өткөндүктөнбү же өлүмдөн эч ким кача албагандыктанбы, айтор, адамзат тээ алмустактан бери эле узак жашоону эңсеп келет. Тарых барактары адамдардын өмүрдү узартуунун сырын издегени жөнүндөгү окуялар менен уламыштарга бай.

Мисалы, шумерлердин падышасы Гильгамешти алалы. Анын жашоосу жөнүндө көптөгөн уламыштарда айтылат. Алардын бири — «Гильгамеш жөнүндөгү эпос». Анда баяндалгандай, Гильгамеш өмүрүн тобокелге салып, өлбөстүктүн жашыруун сырын издеп, дүйнө кезген. Бирок үмүтү таш капкан.

Лабораториясында отурган орто кылымдагы алхимик

Б.з.ч. 4-кылымда Кытайдагы алхимиктер түбөлүк жашоого ээ кылат деген ишеним менен «касиеттүү суюктукту» жасоого аракет кылышкан. Алар сымап менен мышьяктын курамдык бөлүктөрүнөн аралашма жасашкан. Бирок аны ичкен бир нече кытай императору өлүмгө дуушар болгон. Орто кылымдарда Европадагы айрым алхимиктер алтынды адамдар сиңире алгыдай кылып өзгөртүүгө умтулушкан. Анткени алтын чирибегендиктен, өмүрдү узартат деп ойлошкон.

Учурда кээ бир биологдор менен генетиктер карылыктын себебин ачууну көздөөдө. «Касиеттүү суюктукту» табууга умтулган байыркы алхимиктердин аракетиндей эле, азыркы илимпоздордун изденүүлөрү адам баласынын карылык менен өлүмдү жеңүүнү дагы деле самаарын көрсөтүп турат. Андай изилдөөлөр жемиш берүүдөбү?

«КУДАЙ АДАМДАРДЫН ЖҮРӨГҮНӨ ТҮБӨЛҮКТҮҮЛҮКТҮ САЛГАН»​(НАСААТЧЫ 3:10, 11)

КАРЫЛЫКТЫН СЕБЕПТЕРИН ИЗДӨӨ

Адамдын клеткасын изилдеген окумуштуулардын карылыктын жана өлүмдүн себебин аныктоого жумшаган аракетинин натыйжасында 300дөн ашык теория келип чыккан. Акыркы жылдары молекулалык биология илимин изилдеген окумуштуулар адамдардын жана лабораториялык жаныбарлардын гендери менен белокторуна таасир этип, клеткалардын карышын жайлатууда ийгиликке жетишти. Ушундан улам айрым бай кишилер өлүмдүн себебин аныктоо үчүн жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдү каржылап жатышат. Ал изилдөөлөрдүн натыйжасы кандай болууда?

Биологиялык саатты артка жылдыруу. Айрым биологдордун айтымында, карылыктын тамыры хромосомалардын учундагы бөлүктөргө, теломерлерге, барып такалат. Клеткалар бөлүнгөндө, теломерлер алардагы генетикалык маалыматты коргоп турат. Бирок клеткалар бөлүнгөн сайын, теломерлер кыскара берет. Акыры, клеткалардын бөлүнүшү токтоп, карылык процесси башталат.

2009-жылы Нобель сыйлыгынын ээси Элизабет Блэкберн менен анын тобу теломерлердин кыскарышын, анын аркасында клеткалардын карышын жайлата турган энзим деген ферменттерди аныктаган. Анткен менен алар теломерлердин «өмүрдү сыйкырдуу түрдө узартпай» турганын, азыркыдан узагыраак жашоого шарт түзбөй турганын, мойнуна алышат.

Клеткалардагы маалыматты өзгөртүү — карылыкка каршы колдонулган дагы бир ыкма. Карып, жаңыларын жарата албай калган клеткалар жакын жайгашкан иммундук клеткаларга туура эмес сигналдарды бере башташы мүмкүн. Бул сезгенүүгө, ар кыл оорулардын пайда болушуна, сай-сөөктүн дайыма сыздап оорушуна алып келет. Жакында эле Франциядагы окумуштуулардын тобу карылардын, алардын ичинде 100дөн ашкан айрым кишилердин клеткаларын алып, алардагы маалыматты өзгөртүп көрүшкөн. Топтун жетекчиси профессор Жан-Марк Леметр алардын изилдөөсү клеткалардагы «картаюу процессин токтотуу» мүмкүн экенин көрсөткөнүн белгилеген.

ИЛИМ ӨМҮРДҮ УЗАРТА АЛАБЫ?

Окумуштуулардын баары эле карылыктын жолун торогон дарылануунун түрлөрү өмүрдү азыркыдан узагыраак кыла алат дегенге кошула бербейт. Адамдардын өмүр жашы 19-кылымдан бери улам узарып келгени чын. Бирок буга, негизинен, тазалыкты сактоо, жугуштуу дарттарга каршы күрөш жүргүзүү, антибиотиктер менен эмдөө чаралары шарт түзүүдө. Айрым генетиктер өмүрдүн узактыгы жетер чегине жетип, андан ары узартуу мүмкүн эмес деп эсептешет.

3500 жылдай мурун Ыйык Китепти жазууга катышкан Муса пайгамбар: «Өмүрүбүздүн узактыгы жетимиш жыл, адаттагыдан күүлүү-күчтүү болсок, сексен жыл, бирок ал жылдар түйшүк менен кайгы-капага толгон. Өмүрүбүз зуулдап өтүп, биз жок болобуз»,— деген (Забур 90:10). Ооба, адам баласы канчалык аракет кылбасын, өмүрүбүздүн узактыгы жалпы жонунан Муса пайгамбар айткандагыдан ашып кеткен жок.

Бизден айырмаланып, кызыл деңиз кирпилери, моллюскалардын кээ бир түрлөрү 200дөн ашык жыл жашаса, секвойя сыяктуу дарактар миңдеген жылдар жашайт. Адамдын өмүр жашын ушул сыяктуу жандыктардыкына, өсүмдүктөрдүкүнө салыштырганда: «Биз 70-80 эле жыл жашап, ошону менен баары бүтүп калабы?» — деген ой келбейт койбойт.