Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Табита экөөбүз кызматта жүрөбүз

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Кудай жок деп ишенчүмүн

Кудай жок деп ишенчүмүн
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1974

  • ӨЛКӨСҮ: ГЕРМАНИЯ ДЕМОКРАТИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ

  • МУРУН: АТЕИСТ

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

Мен бир кездеги Германия Демократия Республикасынын (ГДР) Саксония айылында жарык дүйнөгө келгем. Үйдө дайыма жагымдуу, жылуу маанай өкүм сүрүп турчу. Ата-энем мени адептүү кылып тарбиялашты. ГДР коммунисттик өлкө болгондуктан, Саксониянын элинин көбү динге маани деле берчү эмес. Мен болсо Кудай жок деп ишенчүмүн. Өмүрүмдүн алгачкы 18 жылында мага эки идеология: атеизм менен коммунизм күчтүү таасир этти.

Коммунизмди эмне үчүн жактырчумун? Мага бүт адамдар тең деген ой аябай жакчу. Ошондой эле бардык мүлк адилеттүүлүк менен бөлүштүрүлүшү керек деп эсептечүмүн, анткени ошондо өтө бай же өтө кедей адамдар болбойт деп ойлочумун. Ошол себептен коммунисттик жаштар уюмуна кошулуп кеттим. 14 жашымда колдонулган кагаздарды кайра иштеткен жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында жүргүзүлгөн долбоорго катышып, ага көп убактымды жумшай баштадым. Ауэ шаарындагылар аракетимди аябай баалап, бийлик өкүлдөрү сыйлык беришти. Жаш болсом да, ГДРдеги белгилүү саясатчылардын айрымдары менен тааныш болуп калдым. Мен туура максатты көздөп баратам, келечегим кең деп ишенчүмүн.

Күтүлбөгөн жерден ой-тилегимдин баары таш капты. 1989-жылы Берлин дубалы кулап, аны менен кошо Чыгыш Европа коммунисттик блогунун таш-талканы чыкты. Оюма келбеген окуялар биринин артынан бири болуп жатты. Көп өтпөй ГДРде адилетсиздик кадимки эле нерсе болуп келгенин түшүндүм. Мисалы, коммунизмди жактабагандарга экинчи сорттогу адамдардай мамиле кылынчу экен. Кантип ушундай болгон? Биз, коммунисттер, бүт адамдар тең деп ишенчү эмес белек? Коммунизм жөн эле куру кыял беле? Ушундай ойлор тынчымды алып, санаа баса баштады.

Ошентип, көз карашымды өзгөртүп, бүт көңүлүмдү музыка менен сүрөткө топтой баштадым. Университетке өтүү оңоюраак болгон музыкалык жогорку мектептен билим алып жүргөндө кыйын музыкант-сүрөтчү болсом деп кыялданчумун. Андан сырткары, бала кезимден үйрөнгөн адеп-ахлак нормаларын баркка албай калдым. Оюмдун баары эле көңүл ачуу болуп, бир учурда бир нече кыз менен жүрө баштадым. Анткен менен музыка да, сүрөт да, эркин жашоо да санаадан арылткан жок. Жүрөгүмдөгү коркунуч атүгүл тарткан сүрөттөрүмөн да байкалып турчу. Деги келечек кандай болот? Жашоонун маңызы эмнеде?

Жүрөгүмдү өйүгөн суроолорумдун жообун билгенде аябай таң калдым. Бир жолу кечинде мектептен студенттер менен чогуу отуруп, келечек жөнүндө сүйлөшүп калдык. Биз менен Мэнди * деген кыз да окучу. Ал Жахабанын Күбөсү эле. Ошол кечте Мэнди мага жакшы кеңеш берди. Ал: «Андреас, жашоого, келечекке байланышкан суроолоруңа жооп алгың келсе, Ыйык Китепти жакшылап окуп көр»,— деди.

Мен шектенип да, кызыгып да жаттым, бирок кызыгуум жеңип кетти. Мэнди мага Даниел китебинин 2-бөлүмүн көрсөттү. Ал жерден окугандарым айран-таң калтырды. Бөлүмдөгү пайгамбарлыкта биринин артынан бири келген жана биздин күндөргө чейин чоң таасир эткен дүйнөлүк державалар, өкмөттөр, жөнүндө айтылыптыр. Мэнди келечекке байланышкан башка пайгамбарлыктарды да көрсөттү. Акыры жүрүп, суроолорума жооп алдым! Бирок ал пайгамбарлыктарды ким жазган? Келечекти ким ушунчалык так айта алмак? Кудай чын эле барбы?

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

Мэнди мени Хорст жана Анжелика деген Жахабанын Күбөлөрү менен тааныштырды. Ал жубайлар мага Ыйык Китепти тереңирээк түшүнүүгө жардам беришти. Көп өтпөй эле Жахабанын Күбөлөрү Жахабанын ысмын дайыма колдонгон, ага өзгөчө көңүл бурган жалгыз диний уюм экенин түшүндүм (Забур 83:18; Матай 6:9). Ыйык Китептен Кудайдын адамзатка жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоого мүмкүнчүлүк бергенин да билдим. Забур 37:9да: «Жахабага үмүт арткандар жерди мураска алат»,— деп жазылган. Мындай келечекке Кудайдын жүрүм-турум нормаларына ылайык жашоого аракет кылгандардын ар бири жете аларын билгенде аябай сүйүндүм.

Бирок жашоомду Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык келтирүү оңойго турган жок. Музыкант-сүрөтчү катары көп ийгиликтерге жеткендиктен текебер элем. Ошондуктан адегенде момундукту өрчүтүшүм керек болду. Адеп-ахлаксыз иштерди таштоо да оңой болгон жок. Ыйык Китепте жазылгандарды жашоосунда колдонуу үчүн бүт күчүн жумшап жаткандарга чыдамдуулук, ырайымдуулук көрсөтүп, түшүнүү менен мамиле кылганы үчүн Жахабага чексиз ыраазымын!

Жашоомдун алгачкы 18 жылын коммунизм менен атеизм калыптаса, андан беркисин Ыйык Китеп калыптап келатат. Андан окугандарым келечекке байланышкан тынчсыздануулардан арылтып, жашоонун маңызын тапканга жардам берди. 1993-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум. Ал эми 2000-жылы Табита деген ынталуу ишенимдешим менен баш коштум. Экөөбүз башкаларга Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берүү үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк убактыбызды жумшайбыз. Кызматтан мага окшоп коммунизм менен атеизм күчтүү таасир эткен адамдарды көп жолуктурабыз. Аларга Жахабаны таанып-билүүнүн жолун көрсөтүп бергенден зор канааттануу алам.

ПАЙДАСЫ

Жахабанын Күбөлөрү менен байланыша баштаганымда, ата-энем аябай чочулаган. Бирок кийин алар менен пикирлешүү мага жакшы таасир этип жатканын өз көздөрү менен көрүштү. Кубанычтуусу, азыр алар Ыйык Китепти окуп, Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларына барып жатышат.

Ыйык Китептеги жубайларга берилген кеңештерди колдонгонго дайыма аракет кылгандыктан Табита экөөбүз бактылуу өмүр сүрүүдөбүз. Мисалы, түгөйлөрдүн бири-бирине берилгендик сакташы керектигине байланыштуу кеңешке кулак кагуу никебизди бекемдеп келет (Еврейлер 13:4).

Азыр жашоону, келечекти ойлоп коркпойм. Тынчтыкта, биримдикте жашап жаткан ишенимдештеримден турган бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөнүн мүчөсүмүн. Биз баарыбыз бири-бирибизди тең көрөбүз. Мен өмүр бою так ушундай нерсеге ишенип, ушуну каалап келгем.

^ 12-абз. Ысмы өзгөртүлдү.