Ыйык Китептин котормолору эмне үчүн көп?
Эмне үчүн Ыйык Китептин котормолору абдан көп? Силердин оюңарча, алар Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам береби же тескерисинче, тоскоолдук кылабы? Ал котормолор жөнүндө көбүрөөк билүү аларга туура баа берүүгө көмөк кылат.
Бирок адегенде Ыйык Китептин түп нускасын ким жана качан жазганын карап көрөлү.
ТҮП НУСКАСЫ
Ыйык Китеп негизинен эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүн «Кудайдын ыйык сөздөрү» камтылган 39 китеп түзөт (Римдиктер 3:2). Кудай ишенимдүү кишилерди ыйык руху менен жетектеп, ал китептерди узак убакыт аралыгында, 1 100дөй жылдын ичинде, жаздырган. Тактап айтканда, алар б.з.ч. 1513-жылдан баштап б.з.ч. 443-жылдан бир нече убакыт өткөнгө чейин жазылган. Ал китептердин көбү еврей тилинде жазылгандыктан, ал бөлүк Еврей Жазмалары деп аталат. Ошондой эле ал Байыркы Келишим деп да белгилүү.
Экинчи бөлүгү 27 китептен турат. Алар да «Кудайдын сөзү» деп эсептелет (1 Тесалоникалыктар 2:13). Кудай Иса Машаяктын ишенимдүү шакирттерин ыйык руху аркылуу жетектеп, ал китептерди кыска убакыттын ичинде, болжол менен б.з. 41-жылынан 98-жылына чейинки 60 жылдай убакыт аралыгында, жаздырган. Алардын көбү грек тилинде жазылгандыктан, ал бөлүк Грек Жазмалары деп аталат. Аны Жаңы Келишим деп да коюшат.
Ыйык рухтун жетеги менен жазылган ал 66 китептин баары биригип Ыйык Китепти — Кудайдын адамзат үчүн жаздырган кабарын — түзөт. Бирок эмне үчүн Ыйык Китеп ар кандай тилдерге которулган? Төмөндө мунун негизги себептеринин үчөө келтирилди.
-
Адамдардын Ыйык Китепти өз эне тилинде окуй алышына шарт түзүү.
-
Көчүрмөчүлөр кетирген каталарды оңдоп, түп нускадагы текстке ылайык келтирүү.
-
Эски сөздөрдү жаңысына алмаштыруу.
Эмесе, булардын Ыйык Китептин эң алгачкы эки котормосунда кандайча эске алынганын карап көрөлү.
ГРЕК ТИЛИНДЕГИ «СЕПТУАГИНТА»
Исанын күндөрүнөн 300 жылдай мурун жүйүт окумуштуулары Еврей Жазмаларын грек тилине которо башташкан. Ал котормо Грек Септуагинтасы деп белгилүү болуп калган. Эмне үчүн анын зарылдыгы болгон? Ал ошол убакта еврейче эмес, грекче сүйлөгөн жүйүттөргө өздөрүнүн «ыйык жазмаларын» түшүнүп, колдонуп, жакшы көрүүгө жардам берүү максатында которулган (2 Тиметей 3:15).
«Септуагинта» грекче сүйлөгөн миллиондогон жүйүт эмес кишилерге да Ыйык Китепте жазылгандарды билүүгө шарт түзгөн. Кандайча? Хауард деген профессор мындай деген: «1-кылымдын орто чендеринен тартып ал христиан чиркөөсүнүн Ыйык Китебине айланып калган. Ал чиркөөнүн миссионерлери синагогаларды кыдырып, убадаланган Машаяк Иса болгонун Ыйык Жазманын негизинде далилдешкен» (Элчилер 17:3, 4; 20:20). Ыйык Китепти изилдеген Брюс деген окумуштуунун айтымында, көптөгөн жүйүттөрдүн «„Септуагинтага“ болгон кызыгуусунун» бат эле сууп калганынын бир себеби ушунда болгон.
Исанын жолдоочулары Грек Жазмаларына кирген китептердин улам бирин алган сайын аларды Еврей Жазмаларынын «Септуагинта» деп аталган котормосуна кошо беришкен. Акыры, алардын баары биригип биз окуп жаткан Ыйык Китепти түзгөн.
ЛАТЫН ТИЛИНДЕГИ «ВУЛЬГАТА»
Ыйык Китеп толук түзүлүп бүткөндөн 300 жылдай өткөн соң Иероним деген диний окумуштуу аны латын тилине которгон. Кийин ал котормо Латын Вульгатасы деп аталып калган. Ага чейин эле Ыйык Китептин латын тилиндеги ар кандай котормолору бар болсо, жаңысы эмне үчүн зарыл болгон? Бир эмгекте түшүндүрүлгөндөй, Иероним мурунку котормолордогу туура эмес берилген жерлерди, орчундуу каталарды, зарылдыгы жок кошулуп калган же алынып салынган ойлорду оңдогусу келген («The International Standard Bible Encyclopedia»).
Иероним ал каталардын көбүн оңдогон. Өкүнүчтүүсү, убакыттын өтүшү менен чиркөө кызматкерлери туура эмес чечим чыгарган. Бул чоң зыян алып келген. Алар Латын Вульгатасын гана окуш керек деп жарыялашкан жана бул чечим кылымдар бою күчүндө болуп келген. Бара-бара көпчүлүк латын тилин билбей калгандыктан, «Вульгата» жөнөкөй элге Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам бербей эле, анын түшүнүксүз китепке айланып калышына себеп болгон.
ЖАҢЫ КОТОРМОЛОРУНУН КӨБӨЙҮШҮ
Ал ортодо Ыйык Китеп башка тилдерге да которула берген. Алсак, б.з. 5-кылымдарында сирия тилиндеги «Пешитта» деген котормо көптөргө белгилүү болуп калган. Бирок Ыйык Жазманы көптөгөн карапайым адамдар түшүнө ала турган тилге которууга 14-кылымдан кийин гана кайрадан күч жумшала баштаган.
14-кылымдын аягында Англияда жашаган Жон Уиклиф Ыйык Китепти өз өлкөсүндөгү эл жакшы түшүнгөн англис тилине которуп, өлүү тилдин чынжырларын үзө баштаган. Көп өтпөй Иоганн Гутенберг китеп басуу ыкмасын ойлоп тапкан. Бул Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын аны бүтүндөй Европа боюнча кеңири колдонулган көптөгөн тилдерде чыгарышына жана таратышына жол ачкан.
Ыйык Китептин англис тилиндеги котормолору көбөйгөндө, сынчылар бир эле тилде ар кандай котормолордун болгонуна каршы боло башташкан. Бирок 18-кылымда англис чиркөө кызматкери Жон Люис: «Тил бара-бара эскирип, түшүнүксүз болуп калат. Ошондуктан эл сүйлөгөн жана азыркы муун түшүнгөн тилге ылайык келтирүү үчүн мурунку котормолорду кайра карап чыгуу зарыл»,— деп жазган.
Учурда Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын мурунку котормолорду кайра карап чыкканга жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Анткени азыр алар Ыйык Китеп жазылган байыркы тилдерди жакшыраак түшүнүшөт, ошондой эле аларда Ыйык Китептин акыркы жылдары табылган жана абдан баалуу болгон байыркы кол жазмалары бар. Бул нерселер Ыйык Китептин түп нускасын тагыраак түшүнгөнгө жардам берүүдө.
Андыктан Ыйык Китептин жаңы котормолору абдан зор мааниге ээ. Албетте, айрым котормолорду окуудан сак болушубуз керек *. Бирок Ыйык Китептин котормосун кайра карап чыгып, жаңысын жараткандарга Кудайга болгон сүйүүсү түрткү берген болсо, алардын эмгегинен чоң пайда аларыбыз шексиз.
^ 24-абз. Төмөнкү журналды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2008-жыл, 1-май, 18—22-беттер, ор.