Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БАКЫТТЫН ЖОЛУ

Ден соолук жана багынбоо

Ден соолук жана багынбоо

ӨНӨКӨТ ООРУ ЖЕ МАЙЫПТЫК АДАМДЫН ЖАШООСУНА ЧОҢ ТААСИР ЭТЕТ. Улф бир кезде жандуу, ден соолугу чың киши болчу. Шал болуп калгандан кийинки абалы тууралуу ал: «Кайгынын чеңгелине батып кеттим. Алдан-күчтөн тайып, кайратым качып, эч нерсеге жөндөмсүз болуп калдым... Өзүмдү таш-талканы чыгып калгандай сезчүмүн»,— деген.

Улфтун окуясы көрсөтүп тургандай, эч кимибиз ден соолугубузду толугу менен көзөмөлдөй албайбыз. Анткен менен ага коркунуч туудурушу мүмкүн болгон нерселерди азайтуу колубуздан келет. Бирок ден соолугубуз барган сайын начарлап баратсачы? Ошондон улам бактысыз болуп калабызбы? Жок. Муну төмөндө жазылгандар ырастап турат. Бирок адегенде ден соолугубуздун чың болушуна шарт түзгөн принциптерди карап көрөлү.

«БАРДЫК НЕРСЕНИН ЧЕГИН БИЛҮҮ» (1 Тиметей 3:2, 11). Дайыма өтө көп жеп-ичүү чөнтөгүбүздү жукарткандан тышкары, ден соолугубузга терс таасирин тийгизет. Ыйык Китепте: «Шарапка мас болгондордун, этке ашыра тойгондордун арасында болбо. Анткени аракеч менен соргок жакырланат»,— делет (Накыл сөздөр 23:20, 21).

ДЕНЕНИ БУЛГАБОО. Кудайдын Сөзүндө: «Денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланалы»,— деп айтылат (2 Корунттуктар 7:1). Тамеки чегүү же чайноо, ичимдикти ченемсиз ичүү, баңгизат колдонуу денени булгайт. Алсак, АКШдагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун билдирүүсүнө ылайык, тамеки чегүү «ооруга чалдыктырат, майып кылат жана дээрлик ар бир органды жабыркатат».

ДЕНЕНИ ЖАНА ӨМҮРДҮ БААЛУУ БЕЛЕК КАТАРЫ КӨРҮҮ. «Биз [Кудайдын] аркасы менен жашап, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз» (Элчилер 17:28). Муну жакшы түшүнсөк, жумушта болобу, машине айдап бараткандабы же көңүл ачууну тандоодобу, тобокелдикке барбайбыз. Көз ирмемге созулган ыракат үчүн өмүр бою майып болуп калуунун эмне кереги бар?!

ТЕРС ОЙЛОРДУ ООЗДУКТОО. Ойлогон ойлорубуз ден соолугубузга сөзсүз таасир этет. Андыктан өтө эле тынчсыздана берүүдөн, ачууга алдыруудан, көрө албастык кылуудан жана башка терс сезимдерден алыс болгула. Ыйык Китепте: «Ачууңду тый, каарыңды бас»,— деп айтылат (Забур 37:8). Ошондой эле андан: «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот»,— деген сөздөрдү окуйбуз (Матай 6:34).

ЖАКШЫ НЕРСЕГЕ КӨҢҮЛ ТОПТОО. Ыйык Китепте: «Жүрөктүн тынч болгону денеге өмүр берет»,— делет (Накыл сөздөр 14:30). Анда: «Шайыр жүрөк — дарыдай даба»,— деп да айтылат (Накыл сөздөр 17:22). Бул илимий жактан ырасталган. Шотландиялык бир доктур: «Дайыма кубанычтуу жүрсөң, эртеңки күнү ооруга кабагы ачылбагандарга караганда азыраак чалдыгасың»,— деп айткан.

БАГЫНБОО. Жогоруда сөз кылынган Улфтай болуп, жагдайды өзгөртө албагандыктан чыдагандан башка аргабыз жок болушу мүмкүн. Ошентсе да кантип туруштук берерибиз өзүбүздөн көз каранды. Айрымдар кайгыга батып кетишет, бирок бул жагдайды ого бетер оордотушу ыктымал. Накыл сөздөр 24:10до: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың»,— деп жазылган.

Ал эми башкалар башында көңүлү чөгүп кыйналса да, өздөрүн колго алышат. Алар жагдайына ылайыкташып, кыйынчылыкты көтөрүп кетүүнүн жолун табышат. Улф так ушундай кылган. Ал Кудайдан көп жолу тиленип, Ыйык Китептеги жубатарлык билдирүүлөр тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында «тоскоолдуктарга эмес, мүмкүнчүлүктөргө көңүл топтой баштаганын» айткан. Андан тышкары, оор сыноого кабылган көптөгөн адамдардай эле, башкаларды түшүнө билүүгө, боорукер болууга үйрөнгөн. Бул ага Ыйык Китептеги соороторлук кабарды башкалар менен бөлүшүүгө түрткү берген.

Стив деген киши да жан чыдагыс азапка дуушар болгон. 15 жашында ал бактан кулап кетип, мойнунан ылдый кыймылдабай калган. Бирок 18 жашында колдору иштей баштаган. Ошондон кийин университетке тапшырып, ал жерден бат эле баңгизатка, ичимдикке, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка берилип кеткен. Анын эч кандай үмүтү жок болчу. Бирок Ыйык Китепти изилдей баштаганда үмүтү жанып, жашоого жаңыча карап, жаман адаттарынан арылган. «Көптөн бери көкүрөгүмдү ээлеп келген боштуктун орду толду,— дейт ал.— Азыр жан дүйнөм тынч, өзүмдү бактылуу сезип, жашоодон канааттануу алып жатам».

Стив менен Улфтун айткандары Забур 19:7, 8деги сөздөрдү эсибизге салат. Ал жерде: «Жахабанын мыйзамы жеткилең, жан сергитет... Жахабанын буйруктары адилет, жүрөктү кубантат. Жахабанын осуяты таза, көздү ачат»,— делет.