Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелер балдарына башкаларды сүйүүгө өз үлгүсү менен үйрөтө алышат

КӨЙГӨЙГӨ КАРШЫ КАДАМ

Адеп-ахлактык билим алуу

Адеп-ахлактык билим алуу

Мектеп уюштурган эс алууда бир бала сексуалдык асылууга дуушар болгон. Ал ишке күнөөлүү деп бир нече өспүрүм бала айыпталган. Алардын баары Канададагы абдан беделдүү менчик мектептин окуучулары болгон. Бул окуядан кийин Леонард Стерн деген журналист бир гезитке: «Адамдардын билимдүү, бай болгону аларды жаман иш кылуудан сактабайт»,— деп жазган («Ottawa Citizen»).

Леонард Стерн мындай деп кошумчалаган: «Балким, ата-энелер биринчи кезекте балдарын адеп-ахлактуу кылып чоңойткусу келет деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок алардын көбү баласынын мыкты билим алып, маянасы жакшы жумушта иштешин каалашат көрүнөт».

Албетте, билим алуу зарыл. Бирок эң мыкты билим да туура эмес каалоолорду, жаман адаттарды жеңгенге жардам бербейт. Анда адеп-ахлактуу болууга үйрөткөн билимди каяктан алууга болот?

АДЕП-АХЛАКТУУ БОЛУУГА ҮЙРӨТКӨН ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ БИЛИМ

Ыйык Китепти күзгү деп айтууга болот. Аны караганда өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин жана алсыздыктарыбызды даана көрөбүз (Жакып 1:23—25). Бирок Ыйык Китеп муну менен эле чектелбейт. Ал бизге өзгөргөнгө, тынчтыкка жана бейкуттукка өбөлгө түзгөн сапаттарды өрчүткөнгө жардам берет. Андай сапаттарга жакшылык кылуу, боорукердик, чыдамдуулук, өзүн өзү кармай билүү жана сүйүү кирет. Сүйүү «биримдиктин жеткилең түйүнү» деп аталат (Колосалыктар 3:14). Эмне үчүн сүйүүнү өзгөчө сапат деп айтууга болот? Ыйык Китепте бул сапат тууралуу эмне деп айтылат?

  • «Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, менменсинбейт, адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт, кыжырданбайт, таарынычын эсептей бербейт. Сүйүү ыймансыздыкка [жамандыкка] кубанбайт, чындыкка кубанат. Сүйүү баарын көтөрөт,.. баарына чыдайт. Сүйүү эч качан жок болбойт» (1 Корунттуктар 13:4—8).

  • «Сүйүү жакынына жамандык кылбайт» (Римдиктер 13:10).

  • «Айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе, бири-бириңерди жан-дилиңер менен сүйгүлө, анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт» (1 Петир 4:8).

Силерди жакшы көргөн адамдардын жанында өзүңөрдү кандай сезесиңер? Эч нерседен коркпой, эркин, коопсуз сезесиңерби? Ооба, анткени алардын жакшылык гана каалаарын, атайлап жамандык кылбасын же жүрөгүңөрдү оорутпасын билесиңер.

Сүйүү башкалардын пайдасы үчүн айрым нерселерден баш тартканга, атүгүл толугу менен өзгөргөнгө түрткү берет. Буга Жоржду мисал кылууга болот. Кызы төрөгөндө, Жорж небересинин жанынан чыккысы келбей калган. Бирок ал тамекини көп чеккендиктен, күйөө баласы баласынын тамекинин түтүнүнө ууланышын каалабай турганын билдирген. Ошондо Жорж эмне кылган? 50 жылдан бери чегип келатканына карабай, небереси үчүн тамекисин таштап койгон. Бул сүйүүнүн күчү зор экенин далилдеп турат.

Ыйык Китеп жакшылык кылууга, боорукердик, сүйүү сыяктуу көптөгөн жакшы сапаттарды өрчүткөнгө жардам берет

Биз сүйүүнү чагылдырганга үйрөнүшүбүз керек. Балдарын башкаларды сүйүүгө үйрөтүүдө ата-энелердин ролу чоң. Алар балдарын багат, коргойт, бир нерсе болсо дароо жардамга келет, ооруп калса, карайт. Жакшы ата-энелер балдары менен пикирлешет, акыл-насаатын айтып тарбиялашат. Жаман-жакшыны айырмалай билүүгө үйрөтүшөт. Андан тышкары, аларга үлгү көрсөткөнгө аракет кылышат.

Өкүнүчтүүсү, ата-энелик милдетин жакшы аткарбагандар да бар. Бирок андай үй-бүлөдө чоңойгон балдар жакшы адам болбойт дегенди билдиреби? Жок, андай эмес. Чоңдордун көбү, атүгүл начар үй-бүлөдө чоңойгондор да камкор, ишеничтүү адам болуп өзгөрө алышкан. Кийинки макаладан такыр оңолбочудай көрүнгөн кишилердин өзгөргөнү жөнүндө билебиз.