Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КӨЙГӨЙ

Коопсуздугубузга коркунуч туулууда

Коопсуздугубузга коркунуч туулууда

«Бул муун технологиялык, илимий, финансылык ресурстарды байма-бай пайдаланып жатат... Бирок ушул муун дүйнөдөгү [саясий, экономикалык, экологиялык] түзүлүштөрдү талкалап жок кыла турган биринчи муун болушу мүмкүн». («The Global Risks Report 2018, World Economic Forum»)

БИЛИМДҮҮ КИШИЛЕРДИН КӨБҮ АДАМЗАТТЫН, ЖЕРДИН КЕЛЕЧЕГИНЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ТЫНЧСЫЗДАНУУДА? КЕЛГИЛЕ, УЧУРДАГЫ АЙРЫМ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ КАРАП КӨРӨЛҮ.

  • КИБЕРКЫЛМЫШ. «Острэлиан» гезитинде: «Интернет эң кооптуу жерге айланып баратат. Жаш балдарды бузгандар, башкаларды коркуткандар, хакерлер, интернет-троллдор * үчүн ал бейиштин төрүндөй болуп калды. Жеке маалыматты уурдоо дүйнө жүзүндө тездик менен кулач жайып бараткан кылмышка айланды... Интернет мыкаачылыктын, ырайымсыздыктын күч алышына да жол ачууда»,— деп жазылган.

  • ЭКОНОМИКАЛЫК ТЕҢСИЗДИК. Оксфам эл аралык уюмунун акыркы билдирүүсүнө ылайык, 8 чириген байдын байлыгы дүйнө жүзүндөгү жакырлардын жарымынын жалпы байлыгын түзөт. Ал билдирүүдө: «Дүйнөдө байлар барган сайын байып, жакырлар барган сайын жакырланып баратат»,— делген. Айрымдар теңсиздиктин күч алышы көтөрүлүшкө алып келиши мүмкүн деп тынчсызданууда.

  • КАГЫЛЫШУУ, КУУГУНТУК. БУУнун качкындар агенттигинин 2018-жылдагы отчётунда: «Жер которгондордун саны болуп көрбөгөндөй өстү»,— деп жазылган. Кагылышуулардан, куугунтуктан дүйнө жүзү боюнча 68 миллиондон ашуун киши качууга аргасыз болууда. Отчётто: «Болжол менен ар бир эки секунд сайын 1 киши башка жакка качууга мажбур болот»,— деп да айтылган.

  • ТАБИЯТКА КОРКУНУЧ ТУУЛУУДА. Бир отчётто: «Биотүрдүүлүктүн массалык түрдө жок болуп кетиши күтүлүүдө. Абанын, деңиз сууларынын булганышы ден соолукка барган сайын чоң зыян келтирүүдө»,— делген («The Global Risks Report 2018»). Андан тышкары, айрым өлкөлөрдө курт-кумурскалардын саны кескин түрдө азайып кеткен. Курт-кумурскалар өсүмдүктөрдү чаңдаштыргандыктан, алардын азайып кеткени, окумуштуулар эскерткендей, табияттын толугу менен кыйрашына алып келиши мүмкүн. Коралл рифтери да коркунуч алдында. Изилдөөчүлөрдүн эсептөөсү боюнча, акыркы 30 жылдын ичинде дүйнөдөгү рифтердин дээрлик жарымы жок болуп кеткен.

Дүйнөгө коопсуздук, бейкуттук орното алабызбы? Айрымдар ан үчүн билим алуу зарыл дешет. Ошондой болсо, кандай билим алышыбыз керек? Бул кийинки макалаларда талкууланат.

^ Интернет-троллдор — Интернетке башкалардын кыжырына тийип, талаш жаратыш үчүн ачууну козгогон маалыматтарды салгандар.