Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КӨЙГӨЙДҮН БААРЫН ЧЕЧЕ ТУРГАН ӨКМӨТ

«Тынчтык чексиз болот»

«Тынчтык чексиз болот»

Бириккен Улуттар Уюму бардык улуттарды адам укуктарын жана табиятты коргош үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга үндөп келет. Эмне үчүн? «БУУнун хроникасы» журналында Махер Насирдин: «Бүт өлкөдөгү адамдар климаттын өзгөргөнүнөн, кылмыштуулуктун, теңсиздиктин күч алганынан, адамдардын массалык түрдө жер которгонунан, террорчулуктан, жугуштуу оорулардан жана башка ушу сыяктуу нерселерден жапа чегүүдө»,— деген сөздөрү жазылган.

Айрымдар бүт дүйнө жүзүнүн бир эле өкмөткө баш ийгени туура деген ойду жактап келишкен. Алардын катарына италян акыны, философ, саясий ишмер Данте Алигьери (1265—1321-ж.) жана белгилүү физик Альберт Эйнштейн (1879—1955-ж.) да кирет. Данте саясий жактан бөлүнгөн дүйнөдө тынчтык орнобой турганына бекем ишенген. Ал Иса пайгамбардын: «Ич ара бөлүнгөн ар бир падышалык кулайт»,— деген сөздөрүн цитата кылган (Лука 11:17).

Эки атом бомбасы жарылган Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн көп өтпөй, Альберт Эйнштейн БУУнун Башкы Ассамблеясына ачык кат жөнөткөн. Ал катка: «Эл аралык коопсуздук болушу үчүн, Бириккен Улуттар Уюму чыныгы өкмөттүн орношуна негиз салганга бүт күчүн жумшап, тезинен иш-аракет кылышы керек»,— деп жазган.

Бирок мындай кубаттуу өкмөттүн курамына кирген саясатчылардын паракорчулуктан, үстөмдүк кылуудан алыс болоруна, көйгөйдүн баарын чечерине кепилдик барбы? Же бийлигин кыянат колдонгон башка башкаруучулардай эле болобу? Бул суроолор англис тарыхчысы Жон Актондун: «Колго тийген бийлик адамды бузат. Чеги жок бийлик чексиз бузат»,— деген сөздөрүн эсибизге салат.

Тынчтыкта, бейкуттукта жашаш үчүн адамзат биримдүү болушу керек. Бирок бул максатка канткенде жете алабыз? Бул ишке ашчу нерсеби? Ыйык Китептен мунун мүмкүн экенин билебиз. Адамзат биримдүү болуп, бейкуттукта жашай турган заман келет. Ал заман кантип орнойт? Аны паракор саясатчылардан турган бүткүл дүйнөлүк өкмөт эмес, Кудай негиздеген өкмөт орнотот. Ал өкмөт, эң негизгиси, тирүү жандын баарына бийлик жүргүзүүгө Кудай гана укуктуу экенин далилдейт. Ал кайсы өкмөт? Ыйык Китепте ал «Кудайдын Падышалыгы» деп аталат (Лука 4:43).

«ПАДЫШАЛЫГЫҢ КЕЛСИН»

Иса Машаяк кантип тилениш керектигин үйрөтүп жатканда Кудайдын Падышалыгы тууралуу айтып: «Падышалыгың келсин... Жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деген (Матай 6:9, 10). Ооба, Кудайдын Падышалыгы бийликти сүйгөн, өзүмчүл адамдардын эмес, Кудайдын эркинин аткарылышына кам көрөт.

Кудайдын Падышалыгы «асман Падышалыгы» деп да аталат (Матай 5:3). Эмне себептен? Ал жер жүзүн башкарса да, жерден эмес, асмандан бийлик жүргүзөт. Мунун эмнени билдирерин ойлоп көрсөңөр. Ал өкмөт жарандарынан алык-салык чогултпайт. Анын бийлиги астында жашай тургандар үчүн бул кандай гана жеңилдик болот!

«Падышалык» деген сөз Кудайдын Падышалыгынын падышасы бар экенин көрсөтүп турат. Анын Падышасы — Иса Машаяк. Ага бийликти Кудай берген. Иса тууралуу Ыйык Китепте мындай делет:

  • «Анын ийнине бийлик артылат... Бийлиги кеңири жайылып,.. тынчтык чексиз болот» (Ышая 9:6, 7).

  • «Ага бардык элдер, улуттар, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөр кызмат кылышы үчүн, ага бийлик, даңк, падышалык берилди. Анын бийлиги — кылымдан кылымга созула турган бийлик» (Даниел 7:14).

  • «Дүйнөнүн үстүнөн болгон падышалык бийлик эми Кудайыбызга жана анын Машаягына таандык» (Аян 11:15).

Иса Машаяктын тилеги орундалып, Падышалык жерде Кудайдын эркин аткарат. Ага баш ийген адамзат, Жер планетасы кайрадан калыбына келип, тирүү жандыктарга толушу үчүн, ага кантип кам көрүш керектигин үйрөнөт.

Баарынан маанилүүсү, Кудайдын Падышалыгы жарандарынын баарына билим берет. Баарыбыз бирдей эле нормаларды үйрөнөбүз. Келишпестик, бөлүнүүчүлүк деген болбойт. Ыйык Китепте: «Алар эч кандай зыян келтиришпейт, залака тийгизишпейт. Анткени, деңиз сууга толгондой, жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот»,— деп жазылган (Ышая 11:9).

Жер тургундары, Бириккен Улуттар Уюму каалагандай, биримдикте болуп, тынчтыкта жашашат. Дөөтү пайгамбар ал заманда жашай тургандардын «мол тынчтыкка ырахаттанарын» айткан (Забур 37:11). Ал убакта «кылмыштуулук», «экологиянын булганышы», «жакырчылык» жана «согуш» деген сөздөрдү такыр колдонбой калабыз. Бирок андай заман качан орнойт? Кудайдын Падышалыгы жер үстүнөн качан бийлик жүргүзө баштайт? Ал бийлигин кантип жүргүзөт? Анын бийлигинин силерге кандай пайдасы тиет? Келгиле, ушул суроолорго жооп алалы.