Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көйгөйдүн бар экенин эле эмес, анын тамырын аныктап, ошону жок кылыш керек

КӨЙГӨЙДҮ ЧЕЧҮҮНҮН СЫРЫ

Тамырын аныктоо

Тамырын аныктоо

Тынчтыктын өкүм сүрүшүнө бөгөт койгон, келечекке коркунуч туудурган көйгөйлөрдү чечүү адамзаттын колунан келеби? Ан үчүн көйгөйдүн бар экенин эле эмес, тамырын аныктап, ошону жок кылыш керек.

Мисалга Том деген кишини алалы. Ал ооруга чалдыгып, кийин каза болуп калган. Эмне үчүн? Том көз жумарда жаткан ооруканадагы бир доктур: «Оорусунун алгачкы белгилери байкалганда, эч ким анын себептерин аныктаган эмес»,— деген. Сыягы, Томду дарылаган мурунку доктурлар ооруну басаңдата турган эле дары-дармектерди бере беришкен.

Адамдар дүйнөнүн «оорусуна» карата да ушу сыяктуу иш-аракет кылууда. Алсак, кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн өкмөттөр мыйзамдарды бекитишет, видеокамераларды орнотушат, коопсуздук кызматкерлеринин санын көбөйтүшөт. Бирок мындай чаралар кандайдыр бир деңгээлде натыйжалуу болгону менен, көйгөйдүн тамырын жок кылбайт. Анткени көйгөйдүн тамыры адамдардын ниетине, ишенимине, каалоосуна жараша иш-аракет кылганында.

Түштүк Американын экономикасы төмөндөп бараткан бир өлкөсүндө жашаган Дэниел мындай дейт: «Бир кезде жакшы эле жашачубуз. Куралчан кишилер тоноп кетет деп коркчу эмеспиз. Азыр болсо шаарыбызда тынчтык жок. Өлкөбүз жакырдана баштаганда көптөрдүн анык жүзү, тагыраак айтканда, ач көз экени, башканын өмүрүн, мүлкүн сыйлабай турганы айкын болду».

Бир киши, атын Илаэс деп коёлу, Ортоңку Чыгыштагы кагылышуудан улам башка жакка качып кеткен. Кийинчерээк Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал мындай дейт: «Мен жашаган шаардагы жигиттерди үй-бүлөсү да, саясатчылар менен диний төбөлдөр да согушка катышып, элдик баатыр катары белгилүү болууга үндөшчү. Кас тараптагылар да ошентишчү! Ушуларды көргөндө башкаруучуларга таянуу кейиштүү болоруна ынандым».

Даанышмандык камтылган байыркы китепте таамай айтылган мындай сөздөр жазылган:

  • «Адамдын жүрөгү жаштайынан эле жамандыкка жакын» (Башталыш 8:21).

  • «Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган. Аны ким биле алат?» (Жеремия 17:9).

  • «Жүрөктөн жаман ойлор, киши өлтүрүүчүлүк,.. бузуктук, уурулук, жалган жалаа... чыгат» (Матай 15:19).

Адамзат жамандык кылууга түрткөн ичибиздеги жаман сапаттарды жок кылуунун дабасын таппай келет. Буга чейинки макалада сөз кылынган көйгөйлөрдөн айкын көрүнүп тургандай, адамдардын кулк-мүнөзү барган сайын бузулуп баратат (2 Тиметей 3:1—5). Маалыматтын, баарлашуунун жолдору болуп көрбөгөндөй көп болсо да ушундай болууда! Дүйнөгө тынчтыкты, коопсуздукту орнотуу эмне үчүн колубуздан келбейт? Биз өзүбүз кыла албай турган, такыр мүмкүн болбогон нерсеге тырмышып жатабызбы?

МҮМКҮН ЭМЕС НЕРСЕГЕ УМТУЛУП ЖАТАБЫЗБЫ?

Керемет кылып, адамдардын кулк-мүнөзүн өзгөртө алган күндө да, дүйнөгө коопсуздукту, тынчтыкты орното алмак эмеспиз. Эмне үчүн? Себеби мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү.

Ыйык Китепте: «Пенденин жолу өз эркинде эмес... Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,— деген жөнөкөй чындык жазылган (Жеремия 10:23). Ооба, биз өзүбүздү жетектей ала тургандай болуп жаралган эмеспиз. Адамдар, суу алдында же космосто жашагыдай болуп жаралбагандай эле, бири-бирин башкара алгыдай болуп жаралган эмес.

Адамдар, суу алдында жашагыдай болуп жаралбагандай эле, бири-бирин башкара алгыдай болуп жаралган эмес

Ойлонуп көрсөңөр, дайыма башка бирөөнүн мындай же тигиндей кыл деп айтып турганы кимибизге жагат? Ооба, кайсы нормалар боюнча жашашыбыз, бойдон алдыруу сыяктуу нерселерге кандай карашыбыз, балдарыбызды кантип тарбиялашыбыз керектигин айтып турушун эч кимибиз каалабайбыз. Бул адамдарды бөлүп-жарган нерселердин айрымдары гана. Ыйык Китепте жазылган чындыкты моюнга алуу кыйынга турушу мүмкүн. Бирок анда жазылгандар акылга сыярлык: бизде башкалардын үстүнөн бийлик кылууга жөндөм да, укук да жок. Анда эмне кылсак болот?

Жаратканыбызга кайрылганыбыз акылмандыкка жатат. Анткени бизди ал жараткан. Айрымдар ойлогондой, ал бизди таштап койгон эмес. Ыйык Китептен Кудайдын бизге кам көрөрүн билебиз. Ал өзгөчө китепте жазылгандарды түшүнсөк, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин да түшүнөбүз. Ошондой эле адам баласынын тарыхында эмне үчүн зээн кейитерлик окуялардын болуп келатканын да билебиз. Андан тышкары, бир немис философу жазгандай, эмне үчүн «адамдардын, өкмөттөрдүн тарыхтан сабак албастан, кайра эле ошол катасын кайталап келатканын» түшүнөбүз.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ДААНЫШМАНДЫК БИЗДИ КОРГОЙТ!

Сулайман пайгамбар: «Сени ой жүгүртүү жөндөмү сактайт, кыраакылык коргойт»,— деген (Накыл сөздөр 2:11). Ыйык Китеп ой жүгүртүү жөндөмүбүздү колдонуп, кыраакы болууга жардам берет. Буга Ышая пайгамбардын: «Пендеге таянбагыла»,— деген сөздөрү мисал боло алат (Ышая 2:22). Бул кеңеш ишке ашпай турган нерсени күтүп, куру бекер үмүт арткандан сактайт. Түндүк Американын зордук-зомбулук күч алган шаарында жашаган Кеннет: «Улам бир саясатчы заманды оңдойбуз деп убада берет. Бирок бул алардын колунан келбейт. Алардын айткандары ишке ашпай калганда, Ыйык Китепте жазылгандардын калетсиз экенин эстейм»,— дейт.

Жогоруда сөз кылынган Дэниел: «Адам баласынын туура бийлик кыла албай турганына күн сайын ынанып келем... Банкта акчаң болсо эле эч нерседен кем болбой жашайсың дегенди билдирбейт. Ошондой ойдо болгондордун үмүтү таш каап, акчасынан айрылганын көп көрдүм»,— деп жазган.

Ыйык Китеп орундалбас нерселерди күтүп алгандан эле сактабайт. Анда жазылгандар, кийинки макалалардан көрө турганыбыздай, үмүт берет.