Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СТРЕСС МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

Стресс деген эмне?

Стресс деген эмне?

Стресс — бул организмдин кысталыш жагдайга жооп кайтарышы. Андайда мээ дененин бардык бөлүктөрүнө аябай көп гормондорду жөнөтө баштайт. Гормондор болсо жүрөктүн согушун тездетет, кан басымын жөнгө салат, өпкөнү кеңейтип же жыйрылтат жана булчуңдарды тырыштырат. Адам эсин жыйгыча эле, организми иш-аракет кылууга даяр болуп калат. Стресске кабылткан жагдай өтүп кеткенден кийин, чыңалган организмибиз баштапкы калыбына келет.

ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Стресс — организмдеги табигый процесс. Ал кыйынчылыкка туш болгондо же кооптуу жагдайга кабылганда дароо иш-аракет кылганга жардам берет. Стресс болгондо эң биринчи мээ жооп кайтарат. Стресстин бир пайдасы ал тез арада бир нерсе кылганга көмөк кылат. Бир аз стресс болуу максаттарыбызга жеткенге же ишти мыкты аткарганга да жардам берет. Алсак, анын пайдасы мектептеги сынак учурунда, жумушка орношкону барганда же кайсы бир спортко катышып жатканда тиет.

Анткен менен узакка созулган, катуу же өнөкөт стресс зыяндуу. Организмибиз дайыма эле же кайра-кайра чыңалган абалда боло берсе, ден соолугубуз жабыркайт, эмоциялык жана психикалык абалыбыз начарлайт. Өзүбүздү туура эмес алып жүрө баштайбыз. Мисалы, башкаларга жасаган мамилебиз өзгөрөт. Андан тышкары, өнөкөт стресс болгондор кыйынчылыгын чечиш үчүн чылым чеге башташы, ичкиликке же баңгизатка берилип кетиши мүмкүн. Атүгүл депрессияга чалдыгышы, алдан-күчтөн тайышы же өз өмүрүн кыюу жөнүндө ойлоно башташы ыктымал.

Стресс баарына эле бирдей таасир эте бербесе да, ал көптөгөн ооруларга чалдыктырышы мүмкүн. Ал дээрлик ар бир органды жабыркатат.