Кудайга жакындаткан билим
Жараткан Кудайдын кудурети күчтүү. Бирок анын мындан да көп сонун сапаттары бар. Ал биздин ал жөнүндө көбүрөөк билип, ага жакын болушубузду каалайт (Жакан 17:3; Жакып 4:8). Ошону үчүн өзү жөнүндө көп нерсе ачып берген.
Кудайдын ысымы бар
«Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин» (ЗАБУР 83:18).
Ыйык Китепте Жахабанын жалгыз чыныгы Кудай экени айтылат. Ал ай-ааламды жана андагы жандуу, жансыз нерселердин баарын жараткан. Ошондуктан бир гана Жахабага сыйынышыбыз керек (Аян 4:11).
Жахаба — сүйүүнүн булагы
«Кудай — сүйүү» (1 ЖАКАН 4:8).
Жахаба өзүнүн касиет-сапаттарын Ыйык Китеп жана бизди курчап турган табият аркылуу ачып берген. Анын сапаттарынын эң негизгиси — сүйүү. Ал эмне иш кылбасын баарын сүйүүсүнөн улам кылат. Жахабаны канчалык көбүрөөк биле берген сайын, ошончолук көбүрөөк жакшы көрө беребиз.
Жахаба — кечиримдүү Кудай
«Сен кечиримдүү... Кудайсың» (НЕКЕМИЯ 9:17).
Жахаба биздин пенде экенибизди билет. Ошон үчүн күнөөлөрүбүздү кечирет. Эгер андан кечирим сурап, жаман иш кылганыбызды токтотсок, ал бизди кечирет. Ошондой эле мурунку күнөөлөрүбүз үчүн жазалабайт (Забур 103:12, 13).
Жахаба тилегибизди кабыл кылат
«Жахаба Өзүн чакыргандарын баарына... жакын... Зарлаган үндөрүн угат» (ЗАБУР 145:18, 19).
Жахаба бизди угушу үчүн, кандайдыр бир диний каадаларды аткаруунун же буркандарга табынуунун кереги жок. Ал балдарын кунт коюп уккан мээримдүү атадай болуп, биз тиленгенде, дайыма угат.