Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Топук кылуу бакытка жол ачат

Топук кылуу бакытка жол ачат

Бойдокпузбу же үй-бүлөлүүбүзбү, жашпызбы же карыбызбы, баарыбыз тең колдо бар нерсеге ыраазы болуп, бактылуу жашагыбыз келет. Жаратканыбыздын да ниети ушундай. Андыктан ал бизге эң сонун кеңештерин берген.

Күжүрмөн эмгектенгиле

«Муктаж болгонго бир нерсе бере алгыдай болушу[буз] үчүн, өз колу[буз] менен пайдалуу иш аткарып, талыкпай эмгектенгенибиз» маанилүү (ЭФЕСТИКТЕР 4:28).

Кудай бизди эмгектен качпаганга үндөйт. Эмне үчүн? Анткени күжүрмөн эмгектенген киши өзүн да, үй-бүлөсүн да жакшы бага алат. Бул анын кубанычына кубаныч кошот. Жадагалса муктаж болгондорго жардам бере алат. Аны жумуш берүүчүсү да баалайт. Ал ишин жакшы аткаргандыктан жумушунан да айрылып калбайт. Ооба, Ыйык Китепте талыкпай эмгектенүүнүн «Кудайдын белеги» деп айтылганы бекеринен эмес (Насаатчы 3:13).

Чынчыл болгула

«Бардык жагынан чынчыл болууну каалагандыктан биз абийирибиздин таза экенине бекем ишенебиз» (ЕВРЕЙЛЕР 13:18).

Чынчыл болуунун пайдасы көп. Мисалы, жан дүйнөбүзгө тынчтык орноп, уйкубуз таттуу болот. Андан тышкары, башкалар бизге ишенет жана урматтайт. Ал эми чынчыл эместер өздөрүн ушул жакшы нерселерден кур калтырышат. Алардын абийири жемелейт, качан бетим ачылып калат деп да коркуп жашашат.

Акча жашооңордо биринчи орунда туруп калбасын

«Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула» (ЕВРЕЙЛЕР 13:5).

Акча баарыбызга эле керек. Анткени тамак-аш жана башка зарыл нерселерди сатып алабыз. Бирок акчаны сүйүп алганыбыз кооптуу. Анткени акчаны сүйгөн киши бүт убактысын жана күчүн ошого жумшайт. Мунун кесепети кандай болот? Анын өмүрлүк жары менен болгон мамилеси сууй башташы, балдарына убакыт бөлө албашы, керек болсо, ден соолугуна зыян келтирип алышы мүмкүн (1 Тиметей 6:9, 10). Андан тышкары, акча табам деп алдамчылыкка барышы ыктымал. Бир акылман мындай деген: «Ишенимдүүлүк менен иш кылган адам көп бата алат, ал эми баюуга ашыккан адам айыпка жыгылат» (Накыл сөздөр 28:20).

Теңдешсиз билим алгыла

«Акылмандыкты, ой жүгүртүү жөндөмүн сактагыла» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 3:21).

Жакшы билим алсак, жоопкерчиликтүү болобуз, балдарыбыз үчүн да өрнөк болобуз. Бирок ушундай билим алсак эле, эч нерседен кем болбой, бактылуу жашап кетебиз деп айта албайбыз. Жашоонун бардык тармагында ийгиликке жеткибиз келсе, анда Кудайдан билим алышыбыз керек. Ыйык Китепте Кудайдын акыл-насаатына кулак каккан кишинин «эмне иш кылбасын, ийгиликке жетери» айтылган (Забур 1:1—3).