Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КЫМГУУТ ТҮШКӨН ДҮЙНӨДӨ

1 | Ден соолугуңарга кам көргүлө

1 | Ден соолугуңарга кам көргүлө

БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Каржы каатчылыгы же кырсык ден соолугубузга ар кандай жолдор менен терс таасир этет.

  • Көйгөйлөр стресс кылбай койбойт. Ал эми стресс көпкө созулса, ден соолугубуз начарлап, ооруларга тез чалдыга баштайбыз.

  • Кырсык-каргашалар күч алганда доктурлар жетишпей, дары-дармектер тартыш болуп калат.

  • Ошондой эле элдин пайдалуу тамак-аш, керектүү дары-дармек сатып алганга акчасы жетпей калышы мүмкүн.

Эске алыш керек болгон нерселер:

  • Олуттуу оорудан же катуу стресстен улам тунук ой жүгүртө албай, ден соолугуңарга тийиштүү түрдө кам көрбөй калышыңар мүмкүн. Натыйжада ден соолугуңар ого бетер начарлап кетиши ыктымал.

  • Эгер тийиштүү түрдө кам көрбөсөңөр, ден соолугуңар начарлап, атүгүл өмүрүңөргө коркунуч туулушу мүмкүн.

  • Ден соолугуңар чың болсо, кыйын кезеңде туура чечим чыгаруу оңоюраак болот.

  • Колуңарда бар-жогуна карабай ден соолугуңарга жакшы кам көрө аласыңар.

Эмне кылсаңар болот?

Акылдуу адам болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктарды аңдай билип, алардын алдын алыш үчүн колунан келгендин баарын кылат. Бул ден соолукка да тиешелүү. Тулку-боюңарды, үй-жайыңарды таза кармасаңар, оору жуктуруп алуу ыктымалдуулугун азайта аласыңар. Дарыланганга караганда алдын алган жакшы.

«Дене боюбузду, үйүбүздү таза сактоо доктурга, дары-дармекке кеткен чыгымдарды бир топ азайтат» (Андреас) *.

^ Бул журналдагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.