Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Georgette Douwma/Stone via Getty Images

ПЛАНЕТАБЫЗДЫ САКТАП КАЛУУ МҮМКҮНБҮ?

Океандар

Океандар

ОКЕАНДАРДАН биз жеген тамак-аштын көп бөлүгү эле эмес, дары-дармектерди жасоодо колдонулган көптөгөн заттар да алынат. Дүйнө жүзүндөгү кычкылтектин жарымынан көбүн океандар бөлүп чыгарат. Ошондой эле адамдардын иш-аракеттеринин айынан атмосферада топтолгон зыяндуу газдарды жутуп алат. Океандар климатты да жөнгө салып турат.

Океандардын булганышы

Климаттын өзгөрүшү коралл рифтерине, молюскаларга, суудагы жандыктарга коркунуч туудурууда. Илимпоздордун эсеби боюнча, дээрлик бардык рифтер 30 жылдын ичинде жок болуп кетиши мүмкүн. Алардан деңиз жандыктарынын, бери дегенде, төрттөн бир бөлүгү көз каранды.

Адистердин айтымында, деңиз жандыктары менен азыктанган канаттуулардын 90 пайыздайы пластик жеп жатышы мүмкүн. Пластиктин айынан жыл сайын миллиондогон деңиз жандыктары кырылат.

2022-жылы БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш: «Океандарга такыр кам көрбөй калдык. Алар бүгүн „өзгөчө кырдаалга“ туш болуп отурат»,— деген.

Жер өзүн-өзү калыбына келтире алат

Адам баласы булгабаса эле, океандар жана алардагы жандыктар өзүн-өзү тазалап, жакшы абалда күтө алат. Алар ошондой жаратылган. Бир эмгекте: «Эгер деңиздин кайсы бир жерине өнөр-жай таштандылары ыргытылбаса, океандар өздөрүн-өздөрү тазалап, „сакайта“ алат»,— деп түшүндүрүлгөн («Regeneration: Ending the Climate Crisis in One Generation»). Буга бир нече мисал карап көрөлү.

  • Фитопланктон деп белгилүү болгон микроорганизмдер глобалдык ысууга себепкер деп эсептелген негизги газды, көмүр кычкыл газын, сиңирип алып, абага чыгарбайт. Жер бетиндеги бак-дарактар, чөптөр жана башка өсүмдүктөр баары биригип өздөрүндө канча көмүр кычкыл газын кармап тура алса, фитопланктон да дээрлик ошончо өлчөмдөгү көмүр кычкыл газын кармап тура алат.

  • Микробдор өлгөн балыктардын калдыктарын жеп, жок кылып турушат. Болбосо, океан ууланып калмак. Ошол эле микробдор башка деңиз жандыктарына азык болот. Смитсониан институтунун океан боюнча веб-сайтына ылайык, «ушундай кызматташуунун натыйжасында океандар таза, тыкан күтүлөт».

  • Океандагы көптөгөн жандыктардын тамак сиңирүү системасы океандын кычкыл суусун жашаганга ылайыктуу жегич чөйрөгө айландырышат. Себеби кычкыл чөйрө кораллдар, молюскалар жана башка жандыктар үчүн зыяндуу.

Адам баласынын аракети

Баштыктын же суу куюлчу бөтөлкөнүн көп урунула тургандарын колдонсок, океанга таштанды, пластик азыраак ыргытылат

Океанга таштанды ыргытылбаса, аны тазалоонун да зарылдыгы болбойт. Адистер бир эле пайдаланылып, ыргытыла турган пластик буюмдардын ордуна, көп урунула турган баштыктарды, буюмдарды жана идиштерди колдонууга чакырышат.

Бирок бул жетишсиз. Жакында эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бир уюм 112 өлкөдөн океандар бир жылдын ичинде жээкке бүркүп чыгарган таштандыларды чогулткан. Таштандынын салмагы 9 200 тонна болгон. Бирок бул океандарга жыл сайын ыргытылган таштандынын миңден бир бөлүгүн гана.

«Нэшнл жиогрэфик» журналында айтылгандай, «[океандардын суусу] ушунчалык кычкылданып, кайра калыбына келгис чекке жетип калды». Адам баласы «үнөмдөө максатында жер астынан алынган күйүүчү майларды, газды жана көмүрдү көп колдонуп жатат». Ошонун айынан деңиз жандыктарынын «океандын суусун тазалаганга алы жетпей жатат. Бул — адилетсиз кармаш».

Ыйык Китепте кандай үмүт бар?

«Жер сенин колуңан бүткөн нерселерге толгон. Мына, чалкыган зор деңиз. Андагы тирүү жандыктарга, чоң-кичине жаныбарларга сан жетпейт» (Забур 104:24, 25).

Жаратканыбыз океандарды өзүн-өзү тазалай алгыдай кылып жараткан. Ойлонуп көрсөңөр: эгер ал деңиз жана андагы тиричилик жөнүндө ийне-жибине чейин билсе, анда булганып жаткан океандарды тазалаганга кантип кудурети жетпесин? 15-беттеги «Кудай Жер планетасы жок болбойт деп убада кылган» деген макаланы карагыла.