Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларды урматтоо

Башкаларды урматтоо

ЭМНЕ ҮЧҮН БАШКАЛАРДЫ УРМАТТАГАНЫБЫЗ МААНИЛҮҮ?

Башкаларды урматтоо чыңалып турган жагдайдын ого бетер курчуп кетишинен сактайт.

  • Ыйык Китепте мындай делет: «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт» (Накыл сөздөр 15:1). Башкаларды урматтабаган сөздөр жана иштер отко май чачкандай, көп учурда чоң залакасын тийгизет.

  • Иса мындай деген: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт» (Матай 12:34). Кимдир бирөөнүн кадырын түшүргөн сөздөр расасы, уруусу, улуту жана коомдо ээлеген абалы биздикинен айырмаланган кишилерге карата терс көз карашта экенибизди көрсөтөт.

    Жакында эле 28 өлкөдө 32 000ден ашуун киши катышкан сурамжылоо жүргүзүлгөн. Катышкандардын 65 пайызы адамдардын ортосунда урмат-сыйдын жоголуп баратканын, мындай эч качан болбогонун айтышкан.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Бардык адамдарды, атүгүл алардын көз карашына кошулбасаңар да, урматтагыла. Ортодогу жалпылыкты издегиле. Бул аларды сындабаганга же айыптабаганга жардам берет.

«Айыпталбашыңар үчүн, мындан ары эч кимди айыптабагыла» (Матай 7:1).

Өзүңөргө кандай мамиле кылынышын кааласаңар, башкаларга да ошондой мамиле кылгыла. Эгерде адамдарга боорукердик, адилеттүүлүк менен мамиле кылсаңар, алар да силерге ошондой жооп кайтарышат.

«Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла» (Лука 6:31).

Кечиримдүү болгула. Катуу тийген сөздөрдү же иштерди жүрөгүңөргө жакын албагыла. Таарынтып алган киши муну атайлап кылган жок деп аны актагыла.

«Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат, анын көркү айыпка маани бербегенинде» (Накыл сөздөр 19:11).

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ЭМНЕ КЫЛУУДА?

Биз тегерегибиздегилерге, чогуу иштешкендерибизге урмат-сый менен мамиле кылабыз жана башкаларды да ошенткенге чакырабыз.

Ыйык Китептин негизинде акысыз билим алууну сунуштайбыз. Биз бардык адамдарга кабар айтабыз, бирок ишенген нерселерибизди же оюбузду аларга таңуулабайбыз. Тескерисинче, Ыйык Китептеги кеңешти колдонуп, аларга «жумшактык, терең урмат-сый менен» кабар айтабыз (1 Петир 3:15; 2 Тиметей 2:24).

Адамдарды бөлбөйбүз. Ыйык Китеп тууралуу билгиси келген тек-жайы ар кандай адамдарды жолугушууларыбызда кучагыбызды жайып тосуп алабыз. Биз бардык адамдарды, атүгүл алардын чечимдерин колдобосок да, урматтайбыз (1 Петир 2:17).

Өкмөттү сыйлайбыз (Римдиктер 13:1). Биз өлкөбүздүн мыйзамдарына баш иебиз жана салыктарды төлөйбүз. Ошондой эле саясий иштерде бейтараптуулукту сактайбыз, бирок башкалардын саясатка байланыштуу чечим чыгаруу эркиндигин сыйлайбыз.