Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлөдөгү урмат-сый

Үй-бүлөдөгү урмат-сый

ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН БИРИ-БИРИН УРМАТТАГАНЫ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Үйдөгүлөр бири-бирин урматтаса, үйдө тынчтык өкүм сүрөт.

  • Үй-бүлө тууралуу бир китепте: «Жубайлардын ортосунда урмат-сый болсо, күн сайын, атүгүл майда-чүйдө нерселерде да, бири-бирине болгон сүйүүсүн көрсөтө алышат»,— деп жазылган («The Seven Principles for Making Marriage Work»).

  • Изилдөөлөр көрсөткөндөй, башкаларды урматтаганды үйрөнгөн балдар өзүн өзү сыйлайт, ата-энеси менен жакшы мамиледе болот жана эмоционалдык ооруларга азыраак чалдыгат.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Үй-бүлөңөр менен чогуу-чаран план түзүп алгыла. Биринчиден, баарыңар урматтоо деген эмнени билдирерин жакшылап түшүнүп алгыла. Экинчиден, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири эмнелерди кылышы жана эмнелерди кылбашы керектигин жазып алгыла. Үчүнчүдөн, түзүп алган планыңарды талкуулагыла. Ошонун аркасында үйдөгүлөр бири-бирин урматташ үчүн ар биринен эмне талап кылынарын айкын түшүнө алышат.

«Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет» (Накыл сөздөр 21:5).

Үлгү болгула. Үй-бүлөңөрдө кимдир бирөө жаңылып-жазса сындабайсыңарбы? Ой-пикирин айтканда, шылдыңдабайсыңарбы? Же кимдир бирөө сүйлөп жатканда, укпай коймой, сөзүн бөлмөй адатыңар жокпу?

Кеңеш: Жубайыңар, балдарыңар урмат-сыйыма татышы керек деп күтүп отура бербегиле. Аларга урмат көрсөтүүнү милдет катары көргүлө.

«Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла» (Римдиктер 12:10).

Оюңар төп келбесе да, урмат-сый көрсөткүлө. Ичиңердегини айтып жатканда «сен дайыма эле ушинте бересиң» же «эч качан мындай кылбайсың» деген сыяктуу сөздөрдү айткандан качкыла. Ушинтип дароо сындап киргениңер алардын жүрөгүн жаралашы, томуктай эле нерсени тоодой көйгөйгө айлантып салышы мүмкүн.

«Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт» (Накыл сөздөр 15:1).

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ЭМНЕ КЫЛУУДА?

Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлө мүчөлөрүн бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылганга үндөйт. Мисалы, ушул темада макалаларды, китептерди, баракчаларды жана видеолорду чыгарышат. Алардын баары акысыз.

ЖУБАЙЛАРГА: «Үй-бүлө үчүн кеңештер» деген бөлүктөгү макалалар күйөөлөргө жана зайыптарга төмөнкүлөрдү кылганга жардам берет:

  • бири-бирин кунт коюп укканга

  • коркутуп сүйлөбөй коюудан качканга

  • талашып-тартыша бербегенге

(jw.org сайтынан «Үй-бүлө үчүн кеңештер» деген бөлүктү карагыла)

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ: «Үй-бүлө үчүн кеңештер» деген бөлүктөгү макалаларды колдонуп, ата-энелер балдарын төмөнкү нерселерге үйрөтө алат:

  • тил алчаак болгонго

  • үй иштерине кол кабыш кылганга

  • «суранам» же «рахмат» деп айтканга

(jw.org сайтынан «Балдарды чоңойтуу» жана «Өспүрүмдөрдү тарбиялоо» деген бөлүктөрдү карагыла)

«Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептеги (1-том) «Ата-энелердин суроолору» деген тиркемени да карагыла. (jw.org сайтынан «Ата-энелердин суроолору» деп издегиле)

ЖАШТАРГА: jw.org сайтындагы «Өспүрүмдөр жана бойго жеткендер» деген бөлүктөгү макалалар, видеолор жана иштөө барактары жаштарга төмөнкү жактардан жардам берет:

  • ата-энеси жана бир туугандары менен тил табышканга

  • ата-энеси менен алар киргизген эрежелер тууралуу сылык-сыпаа сүйлөшкөнгө

  • ата-энесинин ишеничине киргенге

(jw.org сайтынан «Өспүрүмдөр жана бойго жеткендер» деген бөлүктү карагыла)

jw.org сайтын акысыз колдоно аласыңар. Акча төлөө, сайтка жазылуу, уюмдун мүчөсү болуу жана жеке маалымат берүү талап кылынбайт.