Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүн өзү сыйлоо

Өзүн өзү сыйлоо

ЭМНЕ ҮЧҮН ӨЗҮБҮЗДҮ СЫЙЛАШЫБЫЗ КЕРЕК?

Өзүн өзү сыйлаган адам жашоодо кыйынчылыктар пайда болгондо олку-солку болбойт. Аларга оңой менен моюн бербейт.

  • Изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, өзү жөнүндө жакшы ойдо болбогондор башкаларга караганда көбүрөөк сарсанаа болушат, депрессияга чалдыгышат жана тамактануусу бузулат. Ичкиликке, баңгизатка берилип кеткенге да жакын болушат.

  • Өзүнүн кадырын билген адамдар өзүн башкаларга салыштырбайт. Ошонун аркасында тегерегиндегилер менен оңой тил табышып, бекем достук мамилелерди өрчүтүшөт. Ал эми өзүн анча сыйлай бербеген адамдар болсо сынчыл келет. Ошонун айынан башкалар менен түзүгүрөөк мамиле түзө албайт.

  • Кыйынчылыктарга туш болгондо өзүн сыйлаган кишилер туруктуу келишет. Жашоодо бут тоскон нерселер болсо да, алар максатына жетиш үчүн багынбайт. Ал эми өзүн сыйлабагандар болсо майда-чүйдө тоскоолдуктарды да опол тоодой көрүшөт. Ошондуктан бат эле багынып беришет.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Кубаттап-бекемдей турган досторду тандагыла. Башкаларды сыйлай билген, силер үчүн чындап күйүп-бышкан, күч-кубат бере турган адамдар менен достошкула.

«Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17).

Башкаларга жардам бергиле. Боорукер болуп, айрыкча, жакшылыгыңарды кайтарып бере албай тургандарга жакшылык кылгыла. Ошондо бергенден улам жарала турган бакытты сезип-туя аласыңар. Атүгүл кылган жакшылыгыңарды эч ким байкабаса да, ошол кубанычты сезе бересиңер.

«Алганга караганда берген бактылуу» (Элчилер 20:35).

Балдарыңарга өзүн сыйлаганды үйрөткүлө. Мунун бир жолу — өздөрүнүн кыйынчылыктарын өз алдынча чечкенге жол берүү. Бирок буга алардын алы жеткидей болсун. Ошонун аркасында балдарыңар турмуштун оош-кыйыштарына туруштук бергенди, көйгөйлөрдү чечкенди үйрөнүшөт. Ошондо алар бала кезинен тартып өзүн сыйлаганды үйрөнүшөт. Мунун пайдасы чоңойгондо да тиет.

«Баланы туура жолго сал. Ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт» (Накыл сөздөр 22:6).

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ЭМНЕ КЫЛУУДА?

Жолугушуулар жана Ыйык Китепти изилдөө программасы адамдарга жашоосун жакшыртканга жана өзүн өзү сыйлоо сезимин өрчүткөнгө жардам берет.

ЖУМА САЙЫН ӨТКӨРҮЛГӨН ЖОЛУГУШУУЛАР

Бул жолугушууларда Ыйык Китепке негизделген баяндамаларды угабыз. Ал баяндамаларда өзүбүздү сыйлоого байланыштуу кеңештер көп айтылат. Жолугушууларыбыздын эшиги дайыма ачык, акы да алынбайт. Мисалы, жолугушууларыбызда төмөнкү суроолорго жооп аласыңар:

  • Кудайдын көз алдында эмне үчүн баалуусуңар?

  • Жашоонун маңызын кантип тапсаңар болот?

  • Бекем жана кыйратылгыс достукту кантип өрчүтсөк болот?

Ал жактан «бири-бирине кам көргөн» чыныгы досторду да таба аласыңар (1 Корунттуктар 12:25, 26).

Жолугушууларыбыз жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн jw.org сайтындагы «Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?» деп аталган видеону көргүлө.

ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДӨӨ

Биз силерге Ыйык Китепти «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептин жардамы менен акысыз изилдөөнү сунуштайбыз. Ал китепте маанилүү аяттар, жүйөлүү далилдер талкууланат. Ойлондурарлык суроолор, дем-шык берерлик видеолор, кооз сүрөттөр да камтылган. Изилдөө адамдарга өзүн баалаганга, жашоосун жакшыртканга жардам берет.

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөө кандай пайда алып келери тууралуу билиш үчүн jw.org сайтындагы «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген видеону көргүлө.