Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өмүрдү баалоо

Өмүрдү баалоо

ЭМНЕ ҮЧҮН ӨМҮРДҮ БААЛАГАНЫБЫЗ МААНИЛҮҮ?

Өзүңөрдүн жана башкалардын ден соолугуна зыян келтирген иштерди кылсаңар, өзүңөрдүн да, тегерегиңердеги адамдардын да өмүрүн баалабай турганыңарды көрсөтөсүңөр.

  • Чылым чегүү рак оорусуна чалдыктырат. Ал эле эмес, организм алсырап, оору менен күрөшкөнгө күчү калбай калат. Өпкө рагынан каза болгондордун 90дой пайызы же өздөрү, же жанындагылары тамеки чегишчү.

  • Жыл сайын массалык ок атуулардан улам көптөрдүн жан дүйнөсү жабыркап келет. Стэнфорд университетинин бир билдирүүсүндө мындай делет: «Изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, мектептеги ок атууга күбө болгондор, эч кандай жаракат алышпаса да, көптөгөн жылдар бою ошол учур көз алдынан кетпей кыйналышат».

  • Мас абалда же баңгизат колдонуп алып унаа айдаган айдоочулар чоң жолдордо да, атүгүл жөө жүргүнчүлөр өтчү жерлерде да кооптуу жагдайларды жаратышат. Адамдар өмүрүн баалабай турганын көрсөткөн иштерди кылышканда, бейкүнөө адамдар да жапа чегип калышат.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Ден соолугуңарга кам көргүлө. Тамеки же электрондук тамеки (вейп) тартуу, ичимдикти өтө эле көп ичүү жана баңгизат колдонуу сыяктуу жаман адаттарды таштоого эч качан кеч эмес. Мындай нерселер ден соолугуңарды талкалайт. Ошондой эле силерди курчап турган адамдардын, анын ичинде үй-бүлөңөрдүн, өмүрүн баалабагандыкка жатып калат.

«[Денебизди]. . . булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланалы» (2 Корунттуктар 7:1).

Өзүңөрдүн жана башкалардын коопсуздугун ойлогула. Үйүңөрдө кырсык болуп кетпеши үчүн үй-жайыңарды жана андагы буюм-тайымдарды жакшы абалда күтө билгиле. Унааны абайлап айдагыла жана аны жакшы карагыла. Башкалардын кысымына алдырбагыла, тагыраак айтканда, бөөдө кырсыкка же өлүмгө дуушар кыла турган нерселерди сунушташканда, четке каккыла.

«Үй кура турган болсоң, кимдир бирөө кулап кетип, үйүңдөгүлөрдүн баары канга забын болуп калбашы үчүн, үйүңдүн үстүнө тегерете тосмо жасап кой» (Мыйзам 22:8) a.

Боорукер болгула. Өмүрдү баалоо өз ичине адамдарга расасына, улутуна, тек-жайына карабай, боорукердик менен мамиле кылууну да камтыйт. Дүйнө жүзүндөгү зордук-зомбулуктун, согуштун негизги себеби — бет карамалык менен жек көрүүчүлүк.

«Ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн, ошондой эле бардык зыяндуу нерселерден арылгыла. Бири-бириңерге. . . боорукер болгула» (Эфестиктер 4:31, 32).

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ЭМНЕ КЫЛУУДА?

Тең салмактуу, туура жашоо өткөрөбүз жана башкаларды да ошого чакырабыз. Ыйык Китепке негизделген билим берүү программасы адамдарга ачууга алдыруу, баңгизат колдонуу, чылым чегүү сыяктуу жаман адаттарын таштаганга жардам берип келет.

Курулуш долбоорлорунда коопсуздук эрежелерине бек карманабыз. Биз чогулган жерлерди жана башка имараттарды курууга жардам берген ыктыярчылар жаракат албай, коопсуз иштеши үчүн атайын үйрөтүлүшөт. Маал-маалы менен имараттарыбыз коопсуздукка байланыштуу жергиликтүү талаптарга ылайык келерин билиш үчүн аларды текшерип турабыз.

Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам беребиз. 2022-жылы 200дөй кырсыктан жабыр тарткандарга жардам бериш үчүн тартуудан 12 миллиондой доллар жумшалды.

Батыш Африкада (2014) жана Конго Демократия Республикасында (2018) Эбола эпидемиясы күчөп, эл кырыла баштаганда, өмүргө коркунуч туудурган оору жайылып кетпеши үчүн эмне кылыш керектигин түшүндүргөнбүз. Ал жакка «Тил алчаактык өмүрдү сактайт» деген темада сөз сүйлөш үчүн өкүлдөр барышкан. Сыйынган жайларыбыздын кире беришине атайын кол жууй турган жерлерди жасап, колду жуу жана сактык чараларына кармануу канчалык маанилүү экенин баса белгилегенбиз.

Сьерра-Леонедеги бир радиодо Жахабанын Күбөлөрүн ишенимдештерине жана башкаларга Эбола вирусунан сактанганга жардам берип жатканы үчүн макташкан.

2014-жылы Либерияда Эбола эпидемиясы күч алып турган учурдагы Падышалык залынын жанындагы кол жууй турган жер

a Байыркы Ортоңку Чыгышта үйлөрдүн чатырлары жалпак, түз болгон жана күнүмдүк жашоодо колдонулчу. Ошондуктан бул талап — үйдө жашагандардын жана башка адамдардын коопсуздугу үчүн коюлган эң туура талап болгон.