Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА

Көңүл чордонунда мамиле

Көңүл чордонунда мамиле

Мамилеге байланыштуу кеңештерди Ыйык Китептен издейсиңерби же башка булактанбы? Байыркы учурда эле Ыйык Китепте жазылган кеңештерди учурдагы изилдөөлөр менен салыштырып көргүлө.

Индия

2014-жылдагы бир изилдөөдөн 18—25 жаштагы жаштардын 61 пайызы үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнашта болуу «Индияда мурункудай курч маселе болбой калды» деген ойдо экени аныкталган. Сөзү «Хиндустан таймс» гезитине чыккан бир доктурдун айтымында, «кыз-жигиттердин сүйлөшкөнү алардын нике куруу максатында сүйлөшүп жатканын билдирбейт. Ошондуктан бир түн чогуу болуу, ар ким менен жыныстык катнашта болуу же чогуу жашоо сыяктуу нерселер айыпталчу иштер катары саналбай калды».

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР? Жыныстык жол менен жугуучу оорулар, эмоциялык жактан кыйналуу никеге чейинки жыныстык катнаш менен көбүрөөк байланыштуу болобу же никедеги мененби? (1 Корунттуктар 6:18).

Дания

Үйүндөгүлөрү менен көп урушкандарда орто жашында каза болуу ыктымалдыгы эки эсе көп болору байкалган. Копенгаген университетиндеги изилдөөчүлөр орто жаштагы 10 000 кишиге 11 жыл бою байкоо салып, жакындары менен көп чатакташкандарда башкалар менен көп урушпагандарга караганда мезгилсиз өлүмгө кабылуу ыктымалдыгы көбүрөөк экенин айтышкан. Изилдөөнүн жетекчиси тынчcыздануулардан арылуу, үйдөгүлөрдүн муктаждыгына кам көрүү жана келишпестиктерди чече билүү «мезгилсиз өлүмдү азайтууну үчүн маанилүү экенин» айткан.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Токтоолук менен сүйлөгөн билимге ээ, кыраакы киши оор басырыктуу» (Накыл сөздөр 17:27).

Кошмо Штаттар

Жакында эле 564 жаңы үйлөнгөн жубайлар катышкан Луизианада өткөн бир изилдөөдөн сүйлөшүп жүргөн кезде мамилесин бир үзүп, бир улантып жүрүп үйлөнгөндөрдүн 5 жылдын ичинде бөлөк жашап калышы мүмкүн экени аныкталган. Ошондой эле андай жубайлардын көп урушары жана никеде анча бактылуу болбой турганы айкын болгон.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:6).