Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көк сары ара. Узундугу 85 см.

Түркүн түстүү тотулар

Түркүн түстүү тотулар

АЛАР тобу менен токойдон учуп чыкканда, асман түркүн түскө боёлуп, кубула түшөт. Көздүн жоосун алган мындай көрүнүшкө 15-кылымдын аяк чендеринде Борбордук жана Түштүк Америкага келген европалыктар күбө болушкан. Алар көргөн куштар Түндүк жана Түштүк Американын тропик токойлорун байырлаган узун куйрук ара тоту куштары болчу. Ошондон көп өтпөй алардын сүрөттөрү жаңы табылган ал бейиштин символу катары карталарда пайда боло баштаган.

Түсү кубулжуган ара тоту кушунун эркеги да, ургаачысы да кооз түстүү башка куштардан кадимкидей өзгөчөлөнүп турат. Үнү катуу, ачуу чыккан ал куштар акылдуу келет жана топ-тобу менен жашайт. Бир топто 30га чейин тоту куш болот. Адатта, алар жем издеп таң эрте уясынан учуп кетип, ар кандай уруктар, тропик мөмө-жемиштери жана башка нерселер менен азыктанышат. Ошондой эле, башка тоту куштар сыңары, азыгын тырмактуу буттары менен басып алып, ийилген чоң тумшугу менен чокуп жешет. Алар тумшугу менен атүгүл катуу жаңгактарды да чага алышат. Азыктангандан кийин топтошуп алып суу жээгиндеги аскаларга учуп барып, чопо жешет. Бул алардын азыгындагы уулуу заттарды зыянсыздандырууга жардам берет жана организмин керектүү химиялык заттар менен камсыз кылат.

«[Кудай] баарын өз убагында сонун кылып жасаган» (Насаатчы 3:11).

Ара тоту куштары, адатта, өмүр бою бир эле түгөй менен жашашат жана балапандарын чогуу чоңойтушат. Алардын ар кайсы түрү ар кайсы жерде уялайт: кээ бирлери бактардын көңдөйүндө уяласа, башкалары кашаттарда, асканын жаракаларында, коңулдарында уялайт. Түгөйлөр бири-биринин жүнүн тумшугу менен тарап, тазалап турушат. Балапандары алты айда эле толук жетилсе да, ата-энеси менен үч жылдай чогуу жашашат. Жапайы табиятта ара тоту куштары 30-40 жыл жашайт, ал эми колго багылгандардын айрымдары 60тан ашуун жыл жашаган учурлар болгон. Алардын 18дей түрү болот. Айрымдары булар:

Жашыл канат ара (кызыл жашыл ара деп да аталат). Узундугу 95 смге чейин жетет.

Кызыл ара. Узундугу 85 см.

Гиацинт арасы. Тоту куштардын эң чоңу. Узундугу 1 мге чейин жетет, салмагы 1,3 кгдан ашуун болот.