Кириш сөз
Үй-бүлөлүк бакыттын 12 сыры
Үй-бүлөлөрдүн эмне үчүн бузулуп жатканы жөнүндө көп эле угабыз. Бирок ага эмес, үй-бүлө канткенде бактылуу болоруна токтололу.
1990-жылдан 2015-жылга чейин АКШда 50дөн ашкандан кийин ажырашкан жубайлардын саны 2 эсеге, ал эми 65 жаштан өйдөкүлөрдүкү 3 эсеге көбөйгөн.
Айрым адистер балдарга жакшы болуш үчүн аларды дайыма макташ керек десе, башкалары катуу кармаш керек дешет. Ошондуктан ата-энелердин башы маң болууда.
Көп балдар кийин кереги тие турган жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтпөйт.
Ошондой болсо да...
Жубайлар өмүр бою чогуу бактылуу өмүр сүрө алат
Ата-энелер балдарын сүйүү менен тарбиялай алат
Балдар чоңойгондо кереги тие турган жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтө алат
Кантип? «Ойгонгула!» журналынын бул санында үй-бүлөлүк бакыттын 12 сыры талкууланат