Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пикир алышуу силерди балаңар менен байланыштырып турган көпүрөгө окшош

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ

5 Пикир алышуу

5 Пикир алышуу

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Эгер балдарыңар менен сүйлөшүп, ой-сезимдериңерди бири-бириңер менен бөлүшсөңөр, чындап пикир алышкан болосуңар.

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Өзгөчө, өспүрүм курактагылар менен сүйлөшүү кыйынга турат. Мындан бир нече эле убакыт мурун каймана мааниде балаңардын жүрөгүнүн эшигин ачып, кире алчусуңар. Эми болсо сыртта туруп, анын ачыларын күткөндөн башка аргаңар жок. Кээде канча такылдатсаңар да, ачпай коёт. Бирок балаңар сүйлөшкүсү келбегендей сезилсе да, ал так ошол учурда сүйлөшүүгө муктаж болуп жаткан болот.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Балаңарга ылайыкташкыла. Атүгүл түнүчүндө сүйлөшкүсү келсе да, ага убакыт бөлгүлө.

«Балким: „Бир күн кечке жаныңда жүрдүм го. Эми сүйлөшкүң келип калдыбы?“ — деп айткыңар келиши мүмкүн. Бирок балабыз ичиндегисин айткысы келип жатса, нааразы болгонубуз туура эмес болуп калат. Анткени ар бир эле ата-эне баласынын сүйлөшүшүн каалайт эмеспи» (Лиза).

«Негизи эртерээк жатканды жакшы көрөм, бирок өспүрүм балдарым менен кээде түн ортосунда аябай жакшы сүйлөшөбүз» (Херберт).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн» (1 Корунттуктар 10:24).

Алаксыбагыла. Бир ата мындай дейт: «Балдарым сүйлөп жатканда, кээде оюм талаалап кетет. Укпай жатканымды алар дароо эле байкап коюшат».

Силердин жагдайыңар да ушундай болсо, телевизорду өчүрүп, электрондук каражаттарыңардын баарын жыйыштырып койгула. Балаңардын айткандарына көңүл топтоп, аны тынчсыздандырган нерселер анча маанилүү эместей сезилсе да, бүт дитиңер менен уккула.

«Балдарыбызды алардын ой-сезимдери биз үчүн маанилүү экенине ынандырышыбыз керек. Болбосо алар ичине катып жүрө беришет же башка бирөөдөн жардам сурашат» (Маранда).

«Балаңар туура эмес ой жүгүртүп жатса да, сезимге алдырбагыла» (Антони).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Кандай угуп жатканыңарга көңүл бургула» (Лука 8:18).

Ыңгайлуу учурду пайдалангыла. Кээде балдар ата-энеси менен бетме-бет отурганда эмес, башка учурларда ачылат.

«Биз машинеде кетип баратканда сүйлөшкөнгө аракет кылабыз. Маңдай-тескей эмес, жанаша отургандыктан жакшы сүйлөшөбүз» (Николь).

Тамак ичип жатканда да пикир алышканга сонун шарт түзүлөт.

«Кечки тамак учурунда ар бирибиз ошол күнү болгон жакшы да, жаман да окуяларды айтып беребиз. Мунун аркасында биримдигибиз чыңалып, көйгөйлөрүбүз менен күрөшүүдө жалгыз эмес экенибизге ынанабыз» (Робин).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө... шашпасын» (Жакып 1:19).