Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-ТААЛИМ

Тырышчаактык

Тырышчаактык

ТЫРЫШЧААКТЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Тырышчаак адам кыйынчылыкка, көңүл кайттыкка кабылганда, ындыны өчүп, багынып калбайт. Бул сапат тажрыйба топтоонун аркасында өрчүйт. Бала жыгылып-туруп басканды үйрөнгөн сыяктуу, балаңар да кыйынчылыктарды баштан кечиргенден кийин гана аны чечкенге үйрөнөт.

БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Айрым балдар максатына жетпей калганда, кыйынчылыкка туш болгондо, башкалар кемчилигин айтканда же сындаганда, көңүлү чөгөт. Кээ бирлери ындынын суутуп, багынып берет. Бирок алардын төмөнкүлөрдү түшүнгөнү жакшы:

  • Биз дайыма эле ийгиликке жете бербейбиз (Жакып 3:2).

  • Ар бир эле адам кыйынчылыкка кабылат (Насаатчы 9:11).

  • Бирөөнүн кемчиликтерибизди айтканы жакшырышыбызга өбөлгө түзөт (Накыл сөздөр 9:9).

Тырышчаактык турмуштагы кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берет.

КАНТИП ҮЙРӨТСӨ БОЛОТ?

Ийгиликке жетпей калганда...

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Адил адам жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок сөзсүз кайра турат» (Накыл сөздөр 24:16).

Балаңарга көйгөй чын эле олуттуубу, олуттуу эмеспи, аныктаганга жардам бергиле. Мисалы, мектептеги сынактан өтпөй калса: «Колуман эч нерсе келбейт»,— деп багынып калышы мүмкүн.

Тырышчаактыкка үйрөтүш үчүн кийинкиде канткенде жакшыраак кыла алары жөнүндө ойлонууга көмөк көрсөткүлө. Ошондо ал капалана бербей, көйгөйдү чечкенге умтулат.

Көйгөйүн чечип бергенден да качкыла. Анын ордуна, аны чечүүнүн жолун тапканга жардам бергиле. Балким, балаңардан: «Сабакты жакшыраак түшүнүш үчүн эмне кылсаң болот?» — деп сурайттырсыңар.

Жамандык болгондо...

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Силер эртең эмне болоруңарды билбейсиңер» (Жакып 4:14).

Жашоодо күтүүсүздүк көп болот. Бүгүн бай, эртең кедей, бүгүн дениң сак, эртең оорулуу болуп калышың мүмкүн. Ыйык Китепте «жарышта жеңишке шамдагайлар эле, күрөштө ийгиликке күчтүүлөр эле... жете бербеси», «баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылары» айтылат (Насаатчы 9:11).

Силер балаңарды кооптуу нерселерден коргоого бүт күчүңөрдү жумшаарыңар анык. Бирок аны турмуштагы кыйынчылыктардын баарынан калкалай албайсыңар.

Албетте, ал азыр жумуштан айрылуу же акчанын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө кабыла элек. Ошентсе да аны башка кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө үйрөтө аласыңар. Мисалы, жакын досу менен таарынышып кетсе, колдоо көрсөтсөңөр же үй-бүлөңөрдөн кимдир бирөө каза болуп калганда, күйүттү көтөрүүгө көмөк кылсаңар болот *.

Кеңеш укканда...

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Келечекте акылман болуш үчүн, кеңешке кулак салып, акыл-насаатты кабыл ал» (Накыл сөздөр 19:20).

Бирөө балаңарга кемчилигин айтса, бул анын балаңарды басынтканын билдирбейт. Тескерисинче, ага жардам бергиси келип жатканын көрсөтөт.

Балаңарды кеңешти кабыл алууга үйрөткөнүңөр өзүңөрдү да, аны да көп азаптан сактайт. Эки кыз, бир уулу бар Жон мындай дейт: «Балаңар кемчилигин оңдогонго аракет кылбаса, эч качан оңолбойт. Улам бир көйгөйгө кабылып жүрө берет. Силерге болсо аларды чечкенге туура келет. Ошентип, силер да, балаңар да кыйналат».

Канткенде балаңарды сын-пикирди туура кабыл алганга үйрөтө аласыңар? Мектептенби же башка жактанбы, бирөө кеңеш берсе, ал негизи жок эле берилди деген сыяктуу сөздөрдү айтуудан качкыла. Анын ордуна, мындай суроолорду бергиле:

  • «Ал эмне үчүн ошондой кеңеш берди деп ойлойсуң?»

  • «Кантип жакшырсаң болот?»

  • «Эмкиде ушундай жагдайда эмне кыласың?»

Балаңар жакшырышы керектигин көрсөткөн кеңештердин пайдасын азыр да, эр жеткенде да көрөт.

^ 21-абз. «Күзөт мунарасынын» 2008-жылдын октябрь—декабрь айларында чыккан санындагы «Кайгырып жаткан балаңарга жардам бергиле» деген макаланы карагыла.