1. Азап тартып жатканыбызга Кудай күнөөлүүбү?
Муну билүү эмне үчүн маанилүү?
Көптөр азап-кайгыга Кудай күнөөлүү деп ойлогондуктан ага ишенбей калышат.
Ойлонуп көргүлө
Диний жетекчилердин көпчүлүгү азап тартып жатканыбызга Кудай күнөөлүү деп түз эле же кыйытып айтышат. Маселен, мындай дешет:
-
Табигый кырсыктар — Кудайдын жазасы.
-
Кудай жакшы адамдарды эрте алып кетет.
-
Кудай согушта кайсы бир тарапты колдойт. Ошон үчүн азап-кайгы көп болууда.
Диний жетекчилердин Кудай жөнүндө ушинтип айткандары жалган болушу мүмкүнбү? Кудай алардын айткандарын туура көрөбү?
КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН
jw.org/ky сайтынан «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген тасманы көргүлө.
Ыйык Китепте эмне делет?
Кудай азап чегип жатканыбызга күнөөлүү эмес.
Ошондой болсо, бул анын Ыйык Китепте жазылган сапаттарына карама-каршы келип калмак. Мисалы, Ыйык Китепте мындай делет:
«[Кудайдын] жолдорунун баары адилет... Ал адил, чынчыл» (МЫЙЗАМ 32:4).
«Кудай эч качан жамандык кылбайт, Кудурети Күчтүү адилетсиздик кылбайт!» (АЮП 34:10).
«Кудурети Күчтүү акыйкаттыкты бурмалабайт» (АЮП 34:12).
Кудай ал жөнүндө жалган нерселерди окуткан диндерди четке кагат.
Андай диндерге азап чегип жатканыбызга Кудай күнөөлүү деп окуткан, согушту жана зордук-зомбулукту колдогон диндер кирет.
«Пайгамбарлар менин [Кудайдын] атыман жалган пайгамбарлык кылып жүрүшөт. Аларды мен жиберген эмесмин, аларга эч кандай буйрук берген эмесмин, сүйлөгөн да эмесмин. Алардын силерге айткан пайгамбарлыктары — жалган аян,.. жүрөктөрүнүн анткорлугу» (ЖЕРЕМИЯ 14:14).
Иса эки жүздүү диний жетекчилерди айыптаган.
«Мага „Мырзам, Мырзам“ деп кайрылгандардын баары эле асман Падышалыгына кире бербейт, асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана кирет. Ошол күнү көптөр мага: „Мырзам, Мырзам, биз сенин ысмың менен пайгамбарлык кылбадык беле? Сенин ысмың менен жиндерди кууп чыгарбадык беле? Сенин ысмың менен көптөгөн кереметтерди жасабадык беле?“ — деп айтышат. Ошондо аларга: „Мен силерди эч качан таанычу эмесмин! Кеткиле жанымдан, мыйзамсыз иш кылгандар!“ — деп айтам» (МАТАЙ 7:21—23).