Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Электрондук каражаттар жана өмүрлүк жарыңар

Электрондук каражаттар жана өмүрлүк жарыңар

Электрондук каражаттар туура колдонулса, күйөөсү менен аялынын ортосундагы мамиле чыңдалат. Мисалы, алар эки жакта жүрсө да, бири-бири менен байланышып тура алышат.

Бирок айрымдар туура эмес колдонгондуктан, төмөнкүдөй көйгөйлөр болот:

  • чогу болсо да, бири-бирине көңүл бөлүшпөйт

  • зарыл болбосо деле үйүнөн иштей беришет

  • кайсы бир нерселерди бири-биринен жашырышат, атүгүл берилгендик сакташпайт

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

ЧОГУУ БОЛУУ

Майкл мындай дейт: «Кээде аялым экөөбүз чогу болсок да, ал менин жанымда эмес, башка жакта жүргөндөй сезилет. Ал телефонун колунан түшүрбөйт. Анан: „Ай-ий, канча нерсени көрбөй калган турбаймынбы!“ — деп отура берет». Жонатан болсо ушул сыяктуу жагдайларда: «Жаныңда турган аялың, жардын ары жагында тургандай болот»,— деп ой бөлүшөт.

ОЙЛОНУП КӨР: Өмүрлүк жарым менен сүйлөшүп жатканда, бирөөлөр чалып же жазып алаксыта бербейби? (ЭФЕСТИКТЕР 5:33).

ЖУМУШ

Кээ бирлер жумушу ошондой болгондуктан, үйдө болгондо да, атүгүл түнкүсүн байланышта болуп турушу керек. Башкалардын жумушу болсо андай эмес. Бирок алар жумуштан кеткенден кийин деле үйдөн иштей беришет. «Аялыма көңүл бөлөм деп атайын убакыт бөлүп турам. Ошондой учурларда жумуштан жазып же чала беришет. Чынын айтсам, жооп бербей коюш оңойго турбайт»,— дейт Ли. Жой болсо: «Мен үйүмөн иштейм. Ошондуктан жумушумду жыйыштырып күйөөмө убакыт бөлүш үчүн көп күч аракет жумшайм»,— дейт.

ОЙЛОНУП КӨР: Өмүрлүк жарың сага сүйлөп жатканда, аны көңүл коюп угасыңбы? (ЛУКА 8:18).

БЕРИЛГЕНДИК

Бир сурамжылоодон айкын болгондой, соцтармактарды колдонгон жубайлар «менден бир нерсе жашырып жатасың» деп көп урушушат. Сурамжылоого катышкандардын 10 пайызы жубайынан соцтармактарга салган нерселерин жашырып коюшканын мойнуна алышкан.

Бекеринен соцтармактарды «никедеги мина талаасы», атүгүл «ойноштук кызматы» дешпейт. Ажырашкандардын ишин алып барган жактоочулар үй-бүлөлөр көбүнесе соцтармактардын айынан бузулууда дешет.

ОЙЛОНУП КӨР: Башка аял же эркек менен жазышып же чалышып жатканыңды жубайыңан жашырып койбойсуңбу? (НАКЫЛ СӨЗДӨР 4:23).

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

МААНИЛҮҮСҮН АНЫКТАП АЛ

Жакшы тамактанбаган кишинин ден соолугу бузулары анык. Ошол сыяктуу эле, бири-бирине көңүл бөлүп чогуу убакыт өткөрбөгөн үй-бүлө да бузулат (Эфестиктер 5:28, 29).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (ФИЛИПИЛИКТЕР 1:10).

Төмөндөгү сунуштун кайсынысын колдонгуңар келерин талкуулагыла. Же электрондук каражаттар мамилеңерге терс таасир этпеши үчүн, эмне кылсаңар болорун жазгыла.

  • Күнүнө, жок эле дегенде, бир жолу чогуу тамактануу

  • Электрондук каражаттарды кайсы убакытта колдонбой турганыңарды чечүү

  • Чогуу көңүлдүү убакыт өткөрүш үчүн атайын бир күндү болжоп коюу

  • Электрондук каражаттарды түнкүсүн колдонбоо

  • Алаксыбаш үчүн телефондун үнүн басып коюп, күн сайын, бери дегенде, 15 мүнөт пикир алышуу

  • Сүйлөшүлгөн убакта Интернетти өчүрүп коюу