Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИ ЧЫН ЭЛЕ КУДАЙ ЖАЗДЫРГАНБЫ?

Ыйык Китеп — бардык жактан так китеп

Ыйык Китеп — бардык жактан так китеп

Илимий жактан так

ИЛИМИЙ китеп болбосо да, Ыйык Китепте табият жөнүндө так маалыматтар жазылган. Метеорология жана генетика илиминен алынган эки мисалга токтололу.

МЕТЕОРОЛОГИЯ: ЖААНДЫН ПАЙДА БОЛУШУ

МЕТЕОРОЛОГИЯ

Ыйык Китепте: «Ал [Кудай] суу тамчыларын жогору тартат, алар жамгыр менен туманга айланат. Ошондо булуттардан суу тамчылайт, адамзатка мол төгүлөт»,— деп жазылган (Аюп 36:27, 28).

Бул аяттарда суунун айлануусунун үч баскычы сүрөттөлгөн. Күндөн чыккан жылуулуктун булагы болгон Кудай «суу тамчыларын жогору тартат», башкача айтканда: 1) суу бууланат, 2) бууланган суу асманга көтөрүлүп, булуттар пайда болот, 3) андан соң булуттардагы суу тамчылары жаан-чачын түрүндө жерге жаайт. Метеорология жаатында эмгектенгендер суунун айлануу процессин атүгүл бүгүнкү күнгө чейин толук түшүнө албай келишет. Кызыктуусу, Ыйык Китепте: «Булут катмарларын, анын алачыгынан угулган күркүрөктү ким түшүнө алат?» — деп жазылган (Аюп 36:29). Бирок Жараткан Кудай муну жакшы түшүнөт. Ошондуктан Ыйык Китепке суунун айлануу процессинин так жазылышына кам көргөн. Ал муну тээ илгери эле, окумуштуулар бул процессти аныктай электе эле, жаздырып койгон.

ГЕНЕТИКА: ТҮЙҮЛДҮКТҮН ӨРЧҮШҮ

ГЕНЕТИКА

Ыйык Китепти жазууга катышкан Дөөтү пайгамбар: «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн... Денемдин бардык бөлүктөрү... китебиңе жазылып коюлган»,— деген (Забур 139:16). Ал түйүлдүктүн ага чейин эле жазылган «китеп» боюнча же план боюнча өрчүй турганын көркөм сөздөр менен сүрөттөгөн. Бул сөздөрдүн 3 000 жылдай мурун жазылганы таң калтырбай койбойт.

Генетиканын негизги принциптерин болжол менен 1860-жылы австриялык ботаник Грегор Мендель ачкан. Ал эми адам баласынын геному 2003-жылы апрелде гана чечмеленген. Геном адамдын денесин курууга зарыл болгон бардык гендик маалыматтарды камтыйт. Окумуштуулар гендерибиздеги маалыматтын, сөздүктөгү тамгалар менен сөздөр белгилүү бир тартипте жайгашкандай эле, белгилүү бир ырааттуулукта жайгашарын аныкташкан. Түйүлдүктүн мээси, жүрөгү, өпкөсү, колу-буту сыяктуу бөлүктөрү белгилүү бир ырааттуулукта жана белгилүү бир убакытта ошол маалыматтын негизинде өрчүй баштайт. Ооба, окумуштуулар геномду «өмүр китеби» деп таамай сүрөттөшкөн. Ыйык Китепти жазган Дөөтү пайгамбар мындай так маалыматты кайдан алган? Ал: «Жахабанын руху мен аркылуу сүйлөдү, ал өзүнүн сөзүн менин оозума салды»,— деп айткан * (2 Шемуел 23:2).

Алдын ала айтылган окуялар

КАЙСЫ БИР падышалыктын же шаардын качан, кантип пайда болорун, канчалык таасирдүү болорун жана кантип кыйрай турганын алдын ала билүү кыйын, атүгүл мүмкүн эмес. Бирок Ыйык Китепте күч-кубаты зор айрым падышалыктардын жана шаарлардын кыйратылары майда-баратына чейин күн мурун айтылган. Эмесе, көптөгөн мисалдардын ичинен экөөнө гана токтололу.

БАБЫЛДЫН КУЛАШЫ ЖАНА ЭЭН КАЛЫШЫ

Байыркы Бабыл (Вавилон) кылымдар бою батыш Азияга күчтүү таасир этип келген кубаттуу империянын чордону болгон. Бир учурда ал дүйнөдөгү эң ири шаар болчу. Бабыл шаары пайда болгонго чейин 200 жылдай мурун Ышая пайгамбар Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен Ыйык Китепке Бабылды Кореш (Кир) деген киши басып аларын жана ал шаар түбөлүккө ээн каларын жазган (Ышая 13:17—20; 44:27, 28; 45:1, 2). Бул сөздөр чынында эле аткарылды беле?

ТАРЫХ

Бабылды Улуу Кореш б.з.ч. 539-жылдын октябрь айында бир эле түндүн ичинде басып алган. Убакыттын өтүшү менен мөмө-жемиши төгүлгөн ал жерди сугарып турган каналдар каралбай, какшып калган. Бара-бара шаар кыйрап отуруп, б.з. 200-жылдары ээн талаа, эрме чөлгө айланган. Бүгүнкү күндө Бабылдын урандылары эле калган. Ыйык Китептеги сөздөр так аткарылып, Бабыл «таптакыр ээн калган жерге айланган» (Жеремия 50:13).

Ышая пайгамбар ушундай тарыхый жактан так маалыматты алдын ала каяктан билген? Ыйык Китепте ага «аян аркылуу Бабыл жөнүндө... кабар» айтылганы жазылган (Ышая 13:1).

НИНЕБИНИН «ЧӨЛ СЫЯКТУУ КАКШЫГАН ЖЕРГЕ АЙЛАНЫШЫ»

Ашур (Ассирия) империясынын борбору Нинеби (Ниневия) мыкты курулган шаар болгон. Ал шаар кенен көчөлөрү, сейил бактары, ибадатканалары, килейген ак сарайлары менен сыймыктанар эле. Бирок Сепания пайгамбар ушундай даңктуу шаардын «чөл сыяктуу какшыган жерге айланарын» мурунтан айткан (Сепания 2:13—15).

Мадайлыктар менен бабылдыктар биригип, б.з.ч. 7-кылымда Нинебинин таш-талканын чыгарышкан. Бир билдирүүгө ылайык, талкаланган шаар «2 500 жыл бою унутта калган». Белгилүү бир убакытка чейин көптөр Нинебинин дегеле болгонуна шектенип келишкен. Археологдор Нинебинин урандыларын 19-кылымдын орто ченинде гана таап чыгышкан. Бүгүнкү күндө Нинебинин калдыктары бир четинен өзү урап жатса, бир четинен адамдар талкалап жатышат. Ушундан улам Бүткүл дүйнөлүк мурасты сактоо фонду: «Байыркы Нинебинин калдыктары кайрадан түп-орду менен жок болуу коркунучу алдында турат»,— деп тынчсызданууда.

Сепания пайгамбар мындай так маалыматты кайдан алган? Ал өзү: «Жахаба... [мага] мындай деди»,— деп айткан (Сепания 1:1).

Маанилүү суроолордун жообу камтылган китеп

ЫЙЫК КИТЕПТЕ жашоодогу орчундуу суроолордун жообу жазылган. Төмөнкү мисалдарга көңүл бурсаңар:

ЭМНЕ ҮЧҮН ДҮЙНӨДӨ АР КАНДАЙ ЖАМАНДЫК, АЗАП-КАЙГЫ КӨП?

Дүйнөдө жамандыктын, азап-кайгынын көбөйүшүнүн себеби тууралуу Ыйык Китептин көп жеринде жазылган. Мисалы:

  1. «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет» (Насаатчы 8:9).

    Азап-кайгынын көбөйүшүнө адам баласынын башкарууга жөндөмсүздүгү, жаман ишке жакындыгы себеп болууда.

  2. «Баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат» (Насаатчы 9:11).

    Кайсы жерде, кайсы убакта болбосун, баары кырсык-каргаша, олуттуу оору, табигый кырсык сыяктуу күтүлбөгөн жагдайларга кабылат.

  3. «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген» (Римдиктер 5:12).

Эң биринчи эркек менен аял жеткилең болуп жаратылган. Алар түбөлүк жашамак. Бирок Кудайдын тилин албай коюшкан, башкача айтканда, күнөө кылышкан. Ошентип, «дүйнөгө күнөө... кирген». Азап чегип жатканыбыздын себеби мына ушунда.

Бирок Ыйык Китепте адам баласынын эмне үчүн азап чегип жатканы эле жазылган эмес. Ал китепте Кудайдын жамандыкты жок кылып, адамдардын «көзүнөн бардык жашты аарчый» турганы, «мындан ары өлүм», «кайгы да, өкүрүк да, оору да болбой» турганы айтылат (Аян 21:3, 4).

АДАМ ӨЛГӨНДӨ ЭМНЕ БОЛОТ?

Ыйык Китепте адам өлгөндө эч нерсе сезбей турганы, эч кандай иш-аракет кылбай турганы жазылган. Насаатчы 9:5те: «Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт»,— деп айтылат. Өлгөн кишинин «ойлору ойрон болот» (Забур 146:4). Демек, адам өлгөндө, анын мээси, анын ичинде сезүү, туюу органдары да, иштебей калат. Ал эч кандай иш-аракет кыла албайт, ой жүгүртө да, сезе да албайт.

Анткен менен Ыйык Китепте өлгөндөрдүн абалы тууралуу эле жазылган эмес. Ал китепте өлгөндөрдүн «катуу уйкудан» ойгонуп, тириле турган убак келери жөнүндө да айтылган (Ошуя 13:14; Жакан 11:11—14).

ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ БАРБЫ?

Ыйык Китепте эркек менен аялды Жахаба Кудай жаратканы айтылат (Башталыш 1:27). Ошондуктан эң биринчи жаратылган эркек — Адам ата — «Кудайдын уулу» деп аталган (Лука 3:38). Адам баласы белгилүү бир максат менен — асмандагы Жараткан Кудай менен ынак мамиле өрчүтүш үчүн жана бакытка бөлөнүп, эмгегинин үзүрүн көрүп, жер бетинде түбөлүк жашаш үчүн — жаратылган. Ошондуктан адамдардын баарында Кудай жөнүндө билүүгө болгон тубаса каалоо бар. Ошол себептен Ыйык Китепте: «Кудай жөнүндөгү билимге суусагандар бактылуу»,— деп айтылат (Матай 5:3, шилтеме).

Мындан тышкары, Ыйык Китепте: «Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айтылат (Лука 11:28). Ооба, Ыйык Китепте Кудай жөнүндө айтылгандан тышкары, бактылуу болууга жардам берген кеңештер камтылат. Ошондой эле ал жаркын келечекке үмүт берет.

Ыйык Китептин авторун таанып-билүү эмнелерге жол ачат?

КӨПТӨГӨН далилдерди изилдеп чыккандан кийин дүйнөнүн чар тарабындагы миллиондогон адамдар Ыйык Китептин жөн эле байыркы китеп эмес экенине ынанышкан. Алар андагы сөздөрдүн Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылганына, ошондой эле ал аркылуу Кудай адамзатка өзүнүн ойлорун айтып жатканына көзү жеткен. Силер да анын ой-ниети тууралуу биле аласыңар. Кудай аны таанып-билип, аны менен жакын мамиледе болушуңарды каалайт. Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган (Жакып 4:8).

Ыйык Китепти казып изилдөөнүн аркасында өзгөчө бир нерсени биле аласыңар. Эмнени? Алсак, кайсы бир китепти окуганда аны жазган кишинин ойлорун биле алганыбыздай эле, Ыйык Китепти окуганда анын авторунун — Кудайдын — ойлорун, сезимдерин биле алабыз. Элестетсеңер, силерге Жараткан Кудайдын ой-сезимдерин, көз карашын билүүгө жол ачылат! Мындан тышкары, Ыйык Китептен төмөнкү нерселерди билүүгө болот:

Ушулар тууралуу билгиңер келеби? Жахабанын Күбөлөрү бул жагынан жардам берүүгө даяр. Алар менен Ыйык Китепти акысыз изилдесеңер болот. Мунун аркасында Ыйык Китепти жаздырган Жараткан Жахабага жакындайсыңар.

Бул макалада Ыйык Китепти Кудай жаздырганын тастыктаган бир нече далилди карап чыктык. Көбүрөөк маалымат алгыңар келсе, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган жана jw.org/ky сайтындагы «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебинин 2-бөлүмүн карагыла. Же бул кодду сканерлегиле.

Ошондой эле jw.org/ky сайтындагы «Ыйык Китепти ким жаздырган?» деген видеотасманы да көрсөңөр болот

(Жолу: АДАБИЯТТАР > ВИДЕОТАСМАЛАР)

^ 10-абз. Ыйык Китепте Кудайдын аты Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).